Капиталисттик хазараттын акыбеттери: Канадада мусулмандарды жек көрүү

221
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Капиталисттик хазараттын акыбеттери: Канадада мусулмандарды жек көрүү

Ал-Жазира нет хижрий 1442-жылы 8-зулкаъда, миладий 2021-жылы 19-июнь күнү жарыялаган кабарда мындай делет: «Канадада нааразылык демонстрациялар жума күнү кайра күч алды. Демонстранттар өлкөдөгү мусулмандарды жек көрүү кылмыштарына чекит коюу үчүн амалий чаралар көрүлүшүн талап кылышты. Мамлекеттин түрдүү шаарларында топтолгон миңдеген демонстранттар исламофобия илдетин каралашты. Бул демонстрациялар ушул айдын алтынчы күнү Канаданын Онтари провинциясынын Лондон шаарында мусулман үй-бүлөнү унаа менен атайын тебелеп кетүү кылмышынан кийин башталды.

Канада мусулмандар коому (МАС) тарабынан 100дөн ашуун исламий мекемелер жана жарандык уюмдар менен биргеликте уюштурулган бул нааразылык демонстрациялар Оттава, Монреаль, Торонто, Ванкувер, Калгари, Эдмонтон, Китченер, Лондон жана кылмыш жасалган Онтарио сыяктуу мамлекеттин он бир шаарында өткөрүлдү.

Экстремист жигит өзүнүн жүк ташуучу автоунаасы менен мусулман үй-бүлөнү тебелеген бул үрөй учурган кылмышты каралоо үчүн Канададагы мусулмандар диаспорасы эки аптадан бери иш-чараларды өткөрүп келүүдө. Мусулман үй-бүлөнүн төрт мүчөсү каза болгон, беш жаштагы бала оор жараат алган бул окуянын артынан Канаданын Лондон шаарында узундугу 7 километрге созулган ири нааразылык демонстрациялар өттү. Канада премьер-министри Жастин Трюдо: «Бул катардагы окуя эмес, бул жек көрүүдөн келип чыккан террористтик чабуул», – деди.

Монреаль шаарындагы Виктория аянтында да жума күнү жаан астында жүздөгөн адам чогулуп, мусулмандарга карата токтобой жаткан жек көрүү кылмыштарын кескин каралашты. Бир нече активист сөз сүйлөп, өкмөттөн аракет кылууну талап кылышты. Демонстрацияда Монреаль Исламий көзөмөл институтунун ректору Ияд абу Хамид Ал-Жазирага интервью берип: «Исламофобия деген илдетке карата олуттуу кароо зарыл, мурда Канада өкмөтү бул илдетти каралап чыккан, бирок, бул сыяктуу кылмыштардын кайталанышы аларга карата мыйзамдуу чара көрүү шарт экендигин көрсөтүүдө», – деди.

Абу Хамид өкмөт мусулман уюмдарын көзөмөлгө алып жатканын жана аларга күмөн менен мамиледе болуп жатканын каралады о.э. мусулман уюмдарына да мамлекеттеги башка уюмдар сыяктуу ажыратпастан мамиле кылуу шарт экендигин баса белгиледи».

 

Роя гезити, №345, 2021-жыл, 30-июнь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here