Мирзиёев менен Рахмон Афганистандагы кырдаалды талкуулашты

253
0

Мирзиёев менен Рахмон Афганистандагы кырдаалды талкуулашты

5-июлда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Мамлекет башчылар Өзбекстан-Тажикстан алакасынын күн тартибиндеги актуалдуу маселелери боюнча сүйлөшүп о.э. аймактык кызматташтык боюнча пикир алмашышты.

 Сүйлөшүү учурунда региондо Афганистан багытындагы абалдын начарлашына жана кырдаал курчуп кетишине өзгөчө көңүл бурулду.

О.э. президенттер келечектеги жогорку деңгээлдеги иш чараларды, анын ичинде Борбор Азия мамлекет башчыларынын кезектеги жыйынын өткөрүү планын талкуулашты.

 Комментарий: Ар түрдүү булактардын билдиришинче, бүгүнкү күндө Афганистанда тажик улутундагы жарандардын саны 10 миллиондон 14 миллионго чейин жетет. Бул болсо 9 миллион калкы бар Тажикстандын өзүнөн да Афганистанда тажиктер көп дегенди түшүндүрөт. Алар негизинен Афганистандын Тажикстан менен чектеш аймактарында жашашат. О.э. Афганистанда 2,7-3,5 миллиондой өзбек жашайт. Алар негизинен мамлекеттин түндүгүндө, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Тажикстан менен чектеш аймактарга жайгашкан.

 СССР Афганистанга бастырып кирген учурда Афганистанды социалисттик мамлекет кылуу аракетинде “Афганистан элдик демократиялык партиясына” мүчө болуп, баскынчы күчтөрдүн аскерлери менен биргеликте мужахиддерге каршы согушкан Абдулрашид Достум СССР жеңилип Афганистандан чыгып кеткенден кийин да кудайсыз динсиз өкмөт менен мамилесин үзбөдү. Ал СССР жанан анын колониясы болгон Орто Азия республикалары менен мужахиддер ортосунда “буфердик аймак” коопсуздугун камсыздады. СССР андан Афганистандагы өзбектердин лидерин жасады. СССР кулагандан кийин Россия менен кызматташтыкты улантып келди. Алгач СССР, кийинчерээк Россия Өзбекстан аркылуу Достумду курал-жарак, аскерий техника жана аскерий инструкторлор менен камсыздап келди. 2001-жылы сентябр окуясынан кийин Афганистанга бастырып кирген АКШ башчылыгындагы коалиция менен кызматташып, мамлекеттин негизги бөлүгүн коалицияга кайтарып алып берди…

 АКШ Афганистанда жеңилип чыгып бара жаткан бир учурда аскерий аракеттерин күчөткөн Талибан кыймылы Өзбекстан жана Тажикстан менен чектеш аймактарда көзөмөл орнотту. Айрым кабарларга карагандай, Абдурашид Достум Талибан менен болгон кагылышта жарадар болуп, Афганистандан чыгып кеткен. Эгер бул кабар чын болсо, “буфердик аймакты” көзөмөлдөп келген өзбектер башчысыз калган болот. Афганистан өзбектери арасында болсо азырынча Достумдун ордун ээлей турган лидер жок. Бул абал Өзбекстанга да, Тажикстанга да этникалык өзбек жана тажик качкындар өтүп келиши ыктымалын күчөтөт.

 Талибан кыймылы кошуна мамлекеттердин коопсуздугуна коркунуч туудурбастыкты жана иштерине аралашпастыкты убада кылганы менен, жергиликтүү режимдер афган коркунучу шылтоосу менен режимдерин бекемдөөгө аракет кылышат. Эмомали Рахмон да тажик режими үчүн көптөгөн жылдардан бери проблема жаратып келе жаткан Тоолуу Бадахшан автономиялуу облусуна тажик-афган чек арасын бекемдөө үчүн 20 миң аскер жөнөтүү боюнча тапшырма берди.

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here