ЖККУ Афганистандын түндүгүндө кырдаал начарлап жатканын билдирди

261
0

ЖККУ Афганистандын түндүгүндө кырдаал начарлап жатканын билдирди

 Афганистандын түндүк райондорунда абал начарлап жатат жана Жамааттык коопсуздук келишими уюму (ЖККУ) буга олуттуу тынчсызданууда. Бул тууралуу аталган уюмдун башкы катчысы Станислав Зась билдирди.

 Ал: “Афганистанда, абал начарлоодо. Кырсыктуу деп айта албайм, бирок олуттуу кабатыр кылууда. Тажик-афган чек арасында коопсуздукту камсыздоо үчүн Тажикстанга жардам берүү зарыл”, – деди.

 Станислав Застын айтымында, ал ошол чек аранын түрдүү аймактарында болгон.

 “Чек арада коопсуздукту камсыздоо үчүн чек арачыларга жардам берүү талап кылынат”, – деди Зас.

Комментарий: АКШ менен Россия Афганистан проблемасынан өз кызыкчылыктары жолунда мүмкүн болушунча көбүрөөк пайдаланып калууга аракет кылып жатышат.

 АКШ Афганистанда 20 жылдай созулган баскынчылык согушунда – бул согушка дээрлик дүйнө жүзүндөгү өнөктөштөрүн тарткан болсо да – шерменде болуп жеңилди. Ал ушунча убакыттын ичинде ири өлчөмдөгү материалдык жана көп сандагы адамдык жоготууларга дуушар болду. Анын ушунча курмандык жана жоготуулардан оңой эле баш тартып, регионду Россияга таштап чыгып кетпестиги табигый көрүнүш. АКШ региондогу аскерий аралашуусун сактап калуу үчүн бул жердеги мамлекеттердин биринде аскерий база ачууга олуттуу аракет кылууда. Себеби, көпкө созулган баскынчылык согушу учурунда алып келген аскерий техника менен курал-жаракты кайрадан артка алып кетүү кошумча чыгымды талап кылат. Ал үчүн эң бир ыңгайлуу жол – Афганистанга кошуна болгон Орто Азия республикаларынын биринде аскерий база ачуу. АКШ региондогу мамлекеттерди аскерий базага жер берүүгө мажбурлоо үчүн афган качкындары проблемасынан пайдаланууга аракет кылууда.

 3-июлда Тажикстандын чек арачылары Талибан кыймылы менен кагышуудан кийин чегинүүгө мажбур болгон 300дөн ашуун афган аскерин Тажикстанга киргизди. Бул тууралуу Тажикстан  чек ара кызматы кабарлады.  Буга чейин да 22-июнда 134 афган аскери Тажикстандан башбаанек суроого мажбур болгон. 27-июнда болсо 17 афган аскери талиптер менен кагышууларда чегинип, Тажикстан тарапка өткөн.

 Өзбекстан да качкын афган аскерлери проблемасына дуушар болууда. 28-июнда 47, 26-июнда 3, 27-июнда 44 афган аскери Өзбекстан чек арасын бузуп киргенде өзбек чек арачылары аларды артка кайтарып жиберген. Бул азырынча Талибан менен кагылышта качып өткөн аскерлер. Булардан ытшкары баскынчы күчтөргө бийликте жана аткаруу ишинде жардам берген, эл аралык күчтөргө котормочу болуп иштеген жергиликтүү адамдар бар. Жакында эле 10 миңден ашык котормочулар АКШ өкмөтүнө башбаанек сурап кайрылышты. Кечээ күнү АКШ президентинин админстрациясы АКШ менен кызматташкан 9 000дей афганистандыкты өз аймагында убактылуу жайгаштырып турууну Борбор Азиядагы үч мамлекеттен суранды. Бул тууралуу Bloomberg кабарлады. Бул качкындардын Борбор Азия өлкөлөрүнөн башка кача турган жолдору калбаган. Ошол себептен да кийинчерээк Афганистанга кошуна өлкөлөргө 9 миң эмес, жүз миңдеген качкындар агып келиши мүмкүн. АКШ бул качкындар агымы мүмкүн болушунча көбүрөөк болушуна шарт түзүп койду. Ошол себептен да афган аскерлери бүтүндөй базаларды каршылыксыз эле курал-жарак жана аскерий техникасы менен таштап чыгып кетишүүдө.

 Россиянын Жогорку соту Талибанды террорчу уюум деп таап, аталган уюмдун ишмердүүлүгүнө тыюу салган болсо да, расмий өкмөт Талибан менен мсүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн Талибандын өкүлдөрү бир нече жолу Москвада кабыл алды. Кээ бир расмий эмес булактарда айтылышынча, Россия өкмөтү Талибанды эл аралык күчтөргө каршы күрөшүндө курал-жарак менен камсыздап келген.

 Россия да Орто Азиядагы өзүнүн аскерий аралашуусун күчөтүү үчүн афган проблемасынан пайдаланып калууга умтулууда. Кечээ күнү ЖККУнун маалымат катчысы Владимир Зайнетдинов “Тажикстан Афганистан менен чек арадагы кырдаал боюнча жардам сураса, ЖККУ ага жардам берүүгө даяр” экендигин билдирди. Учурда Россиянын Тажикстанда №201-аскерий базасы турат, бирок, ал афган проблемасынан пайдаланып өзү башында турган ЖККУ күчтөрүн да киргизиши жана дагы бир аскерий база ачышы мүмкүн. Мындан тышкары, ушул аркылуу Өзбекстанды да ЖККУга кайтарууга аракет кылат.

 Тыянактап айтканда, АКШ менен Россиянын региондогу таасир талашуу күрөшү токтогон жок. Тескерисинче жаңы баскычка – саясий жана экономикалык баскычтан түздөн-түз аскерий аралашууга өттү.

 Биз мусулмандар, айрыкча даъват жүгүн көтөрүп чыгып жаткандар бул абалдын каршысында сүкүт сактап турушубуз жаиз эмес. Биз баскынчы күчтөргө каршы ыйманий мухиттен келип чыккан жек көрүү жана нааразылыкты пайда кылышыбыз керек. Кафирлер мусулмандардын аң-сезим, туйгуларын да ээлеп алышына жол бербешибиз керек. Анткени, чыныгы жеңилүү – бул аң-сезимдерибизди да кафирлер ээлеп алышында. АКШнын, ага чейин СССРдин Афганистанда жеңилишинин негизги себеби да, алар жергиликтүү калктын аң-сезимин уулай алышпагандыгында. Эгер биз денебиз, байлыктарыбыз артынан зээндерибизди да кафирлерге туткун кылып берсек, анда чындап жеңилген болобуз. Мына ошондо кафирлер биздин жана келечек урпактарыбыздын үстүнөн каалаган ишти кылышат, мындан Аллах сактасын.

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here