Түркия жүз жылдан бери мафия мыйзамдары менен башкарылууда

168
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Түркия жүз жылдан бери мафия мыйзамдары менен башкарылууда

 Устаз Махмуд Кар

Хизб-ут-Тахрирдин Түркиядагы маалымат бөлүмүнүн төрагасы

«Адилет жана Өнүгүү» партиясы бардык көңүлүн Брюсселде өтө турган Байден-Эрдаган жолугушуусуна каратты. Эрдаган да бул жолугушууга бир нече айдан бери чоң үмүттөр менен карап келген. Себеби, бул жолугушууда анын дагы бир мөөнөт бийликте калышы же калбашы аныкталат. Байден администрациясынын Кытайга басым кылуу саясаты жана Россия менен алып барган суук согуш саясаты о.э. Жакынкы Чыгыштагы орчундуу маселелер боюнча белгилемекчи болуп жаткан жаңы жолу – булардын баары Түркиянын көңүлүн тартууда. Себеби, «Адилет жана Өнүгүү» партиясы да, Эрдаган да бул жаңы саясаттар негизинде о.э. Байден администрациясынын ахлак эрежелериндеги өзгөрүүлөргө ылайык аракет кылуу менен Байден администрациясынын ишенимине кирүүсү мүмкүн. Тескерисинче, эгер Байден администрациясы Эрдаганда жетиштүү күч бар экенин көрө албаса жана Эрдаган бул администрациянын ишенимине кире албаса, анда, Эрдаган жана анын партиясынын өкмөтү 2023-жылдагы шайлоолорго чейин Байден администрациясы менен оор мамилелерди башынан өткөрүшүнө туура келет.

Учурда АКШ-Түркия мамилелеринин абалы мына ушундай. Башка тараптан карасак, Түркиянын ички саясатында Эрдаганга баш оору болуп жаткан бир маселе күн тартибинде турат. Белгилүү болгондой, өткөн айда уюшкан кылмыштуу топтун жетекчиси Седат Пекердин мамлекет менен мафиянын алакалары туурасындагы билдирүүлөрү Түркиянын күн тартибин ээлеп алды. Седат Пекер Бириккен Араб Эмиратында туруп тараткан бир катар видеолорунда ички иштер министри Сулайман Сойлу, мурунку премьер-министр Бинали Йилдирим, Эрдагандын күйө баласы мурдагы финансы министри Барат Албайрак о.э. «Адилет жана Өнүгүү» партиясынын кээ бир депутаттарын бутага алды. Пекер өз видеолорунда баңгизат соодасынан тартып акчаларды адалдаштырууну, Сирияда нефть жана курал соодасынан тартып Түркиядагы ири тендерлердеги бузулууларды камтыган көптөгөн кылмыштарды алга сүрдү… Пекер ушул аркылуу Түркияда мамлекет менен мафиянын алакаларын жана бул жааттагы мамлекеттин ыплас аракеттерин ашкереледи. Анын билдирүүсүндө бутага алынган жогорудагы ысымдарга назар салсак, бул жерде түпкү бутага алынган фигура Эрдаган десе болот. Пекер «Эргенекон» жашыруун уюмунун иши боюнча соттолуп келген. Ал балким башка жарандыкка да ээ болсо керек. Учурда Пекердин мындай жеке амбициясынан пайдаланып жаткан тарап бул Британия десек жаңылышпайбыз. Чамасы, «Адилет жана Өнүгүү» партиясынын коронавирус пандемиясына жана экономикалык кризиске каршы күрөштө ийгиликсиздикке учураганы, Америка-Түркия мамилелериндеги ишеничсиздик жана эл арасында добуш берүү мүмкүнчүлүктөрүнүн төмөндөп кеткендиги – ушулардын баары Түркиянын ичиндеги англиячыл партияларды кайраттандырган көрүнөт. Бул жараян кайда алып барарын о.э. Эрдаган жана анын партиясы мындан канчалык зыян көрүшүн июндагы Эрдаган-Байден жолугушуусунун натыйжаларынан кийин гана баалашыбыз мүмкүн.

Түркиядагы мамлекет менен мафиянын байланышынын ыплас тарыхына токтоло турган болсок, түпкүлүгүндө, кечеги күндөн бүгүнкү күнгө чейин эч нерсе өзгөргөн жок. Жаңы бийлик канчалык таза болбосун, бийлик биз «таза колдор операциясы» аркылуу өлкөнү мафиялык башаруудан тазаладык дебесин, булардын эч кандай кыйматы жок. Түркия Республикасынын тарыхы мамлекет менен мафиянын байланышына толуп жатат. Себеби, бийлик жолун таап кайра эле өзүнүн ыплас мафиялык системасын куруп алат. Мисалы, «Адилет жана Өнүгүү» партиясы өкмөттүн башына келгенде негизги саясаты «Түркияны токсонунчу жылдардан куткаруу жана өткөн жылдарга кайтпоону камыздоо» болгон. Ал Гулен кыймылы менен биргеликте токсонунчу жылдардагы мафиялык топторго каршы бир катар операцияларды алып барышты. Бирок, эски мафиялык топтор жок болгондон кийин Эрдаган да, Гулен да жеке топторду түзүп алышты. Бул жаңы мафиялык топтор менен эски мафиялык топтордун ортосундагы айырма ушул – эски мафиялык топтор кылмышкер көрүнүшүндөгү уюмдар жана адамдардан турган болсо, жаңы мафиялык топтор ыкма жана тандаган жолдору менен гана айырмаланат. 2013-жылы башталып, 15-июлдагы төңкөрүш жасоо окуяларында уланган Эрдаган менен Гулендин күрөшүнөн кийин мамлекеттин мекемелерине жайгашып алган Гулен мафиясы жок кылынды. Пайда болгон боштукту токсонунчу жылдардын мафиясы кайра ээлеп алууга урунду. Башкача айтканда, Түркияда мамлекет менен мафиянын ортосундагы байланыш ар дайым болуп келген, дагы эле уланып жатат. Мунун себеби, бул проблема Түркия негизделген илманий капиталисттик түзүмдөн келип чыккандыгы.

Түркия Республикасы укуктук мамлекет эмес. Ал – аталышы ар дайыма адам өлтүрүү, саясий кол салуу жана мыйзамсыз кылмыштар менен бекем байланган жана бул көрүнүш дагы эле жок кылынбаган мамлекет. Түркия мындай иштердин баарын мафия менен биргеликте т.а. бекем байланыш негизинде жасап жатат. Мурун да ушундай эле, бүгүн да ушундай, эртең да ошондой бойдон калат. Өкмөттөр, партиялар, ал тургай, башкаруу системасы өзгөрсө да, бул ыплас мафиялык система өзгөрбөйт. Муну бүтүндөй өзгөртүү үчүн түп-тамырынан тазалоо иштерин алып барып, илманий түзүмдүн эч бир көрүнүшүн калтырбоо зарыл. Бул бузгунчу түзүмдөн кутулуунун, өлкөбүздү мафия, башаламандык жана террордон куткаруунун жападан-жалгыз жолу – туура түзүмдү куруу. Шексиз, бул – Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык мамлекети ишке ашыруучу Ислам түзүмү.

 Роя гезити, №343, 2021-жыл, 16-июнь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here