Өлкөдөгү кымбатчылык динге каршы күрөшүү менен чечилеби

147
0

Өлкөдөгү кымбатчылык динге каршы күрөшүү менен чечилеби

Кыргызстанда акыркы айларда негизги керектелүүчү азык-түлүктүн баасы кескин көтөрүлүп, айрымдары эселеп кымбаттады. Муну улай, вице-премьер-министр Акылбек Жапаров министрлер кабинетинин жыйынында эки-үч айдын ичинде чек аралар жабыларын билдирди. Анын айтымында, турмуштук зарыл азык-түлүктөрдү ташып келүүнүн үстүндө иш алып баруу зарыл. Эгер тез арада чара көрүлбөсө 2-3 айдан кийин чек аралардын жабылышынан улам ун ташып келүү токтоп калат. Жыйында өкмөт башчы Улукбек Марипов азык-түлүктөрдү сатып алуу зарылдыгын белгилеп, өлкөдөгү ундун запасы 4 айга гана жетерин айтты. Мындан улам, министрлер кабинети азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо үчүн бир катар айыл-чарба азыктарын экспорттоого чектөө киргизилип жатканын билдирди. Бул абал өлкөдө азык-түлүк коопсуздугу коркунучта экенин ачык көрсөтүүдө.

Азык-түлүк коопсуздугу дегенибиз – тирүү адамга керектүү негизги тамак-аштын түрлөрүнүн өлкө калкына бардык учурда жеткиликтүүлүгү, сатып алууга каражаттын жетиши. Кыргызстандын азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуунун деңгээлин баалоо максатында эң керектүү тамак-аштын тогуз түрү аныкталган. Алар: нан жана дан азыктары, картөшкө, жер-жемиш, жашылча жана мөмө-жемиштер, кант, өсүмдүк майы, сүт жана сүт азыктары, эт жана эт азыктары, жумуртка. Өлкөдө дал ушул негизги азык заттарга болгон баа кескин көтөрүлүп жатат.

Көкөй кести көйгөйлөр

Азык-түлүктүн баасы июнь айында өткөн айга салыштырмалуу 19,5% кымбаттады. Баш калаа Бишкектеги баалар орточо эсеп менен 22,8% өстү. Сабиз 58,4%, картошка 36,3% кымбаттады. Бышыкчылык мезгили экенине карабай, мөмө-жемиштердин баасы 6,4% өскөн. Ал эми мурунку жылга салыштырмалуу эт, күрүч, суу майдын баалары эки эсеге көтөрүлдү. Сабиз болсо 5 эсе кымбат сатылып жатат. Тарыхта биринчи жолу сабиздин килограмын 100 сомдон сатып алып жатабыз. Сабиздин кымбатташын эксперттер экспорттун эселеп өсүшүнө байланыштырууда. Маселен, 2020-жылы беш ай ичинде 13 миң тонна сабиз экспорттолгон болсо, 2021-жылдын беш айында 31 миң тонна же 2,5 эсе көп экспорттолгон. О.э. курулуш материалдары да былтыркы май айына салыштырмалуу 10,5%га кымбаттаган. Анын ичинде, кирпич 17%, шифер 15,2%, цемент 10,4%га кымбаттаган. Мындай оор абалдан улам, айрым жарандар кийимдерин, буюмдарын азык-түлүккө алмашуу үчүн жарнамага чыгарган учурлар катталууда. Буга кошумча, дыйканчылык өрөөндөрдө суу тартыш болуп, эгиндер күйүп кетүүдө. Азык-түлүк жааты калкты дагы да түкшүмөл ойго кептеп жатат. Бирок, азык-түлүктүн баасынан айырмаланып, өлкөдө айлык акы 2013-жылдан бери көтөрүлгөн жок. Аткаминерлер өлкөдөгү бааларды башка өлкөлөрдөгү баага салыштырууну адатка айлантып алган. Бирок, башка мамлекетте айлык акы эселеп жогору экени талашсыз. Эгер айлык акыны эт менен өлчөй турган болсок, Бишкекте орточо айлык акыга 35 кг эт алуу мүмкүн. Ал эми, бул көрсөткүч Алматыда 66 кг, Москвада 133 килону түзөт. Ошол эле учурда бир топ азык-түлүк товарлары Москвада Бишкекке салыштырмалуу арзан. Мисалы, тооктун эти Москвада 230 сом, Бишкекте 290 сом, суу май Москвада 122 сом, Бишкекте 160 сом, кумшекер Москвада 50 сом, Бишкекте 65 сом, ун Москвада жогорку сорт 36 сом, Бишкекте 54 сом.

Мындай абал ансыз да жакыр жашаган калкты оор абалга салышы талашсыз. Кыргызстанда жакырчылыктын реалдуу көрсөткүчү 80 пайызга жетип калганын мурунку эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров билдирип чыккан. Ал эми ортоңку катмар 10 пайыздын тегерегинде, калганы бай жашагандардын катмары болуп, ортодогу ажырым абдан чоң. Дүйнөлүк банктын маалыматы боюнча, күнүнө өзүнө 1,9 доллардан төмөн иштеткен адам жакыр болуп эсептелет. 6,5 млн калктуу кыргызстандыктардын 10%ы өтө жакыр болуп, алар өзүнө бир айда 1276 сом гана иштетет. Учурда Кыргызстанда расмий түрдө 160 миңдей адам жумушсуз деп айтылат. Бирок иш жүзүндө алардын саны алда канча көп экени жашыруун эмес.

Азык-түлүк нормасы сакталбайт

Азык-түлүк коопсуздугу сакталышы үчүн өлкөдө негизги азык-түлүктүн 85%ын ата мекендик өндүрүшчүлөр өндүрүшү керек. Муну менен катар ар кандай кысталыш кырдаалдар үчүн керектөөнүн жылдык көлөмүнүн 17%ы запас катары турушу шарт. Бул көрсөткүч орточо физиологиялык норма боюнча, башкача айтканда ар бир киши башына төмөнкүдөй пайдаланылышы керек:

  • буудай (тартылгандан кийинки салмагы) – жылына 115,3 кг;
  • эт жана эт азыктары – жылына 61,3 кг;
  • сүт жана сүт азыктары – жылына 200 кг;
  • жумуртка – жылына 182,5 даана;
  • жашылча-жемиш – жылына 114,3 кг;
  • бакчалар, жер-жемиш – жылына 123,7 кг;
  • картөшкө – жылына 98,6 кг;
  • кант – жылына 25,6 кг;
  • өсүмдүк майы – жылына 9,1 л. Же тамак-аштын бир суткалык керектөөсү киши башына жылына 2100 килокалориядан кем болбошу керек.

Буга кошумча, кыргыз өкмөтү 2009-жылы азык-түлүк колдонуунун нормасын киргизген. Ага ылайык, жарандар айына тогуз азык-түлүктүн түрүн колдонууга тийиш. Алар нан азыктары – 9 килограмм, эт – 5 килограмм, картөшкө – 8,2 килограмм, жер-жемиш – 9 килограмм, мөмө-жемиш – 10 килограмм, кант – 2 килограмм, сүт – 17 литр, өсүмдүк майы – 1 литр, жумуртка – 4 даана, балык – 100 грамм, чай – 200 грамм.

Улуттук статистика комитети ырастагандай, 2018-жылы республика азык-түлүктүн негизги тогуз түрүнүн ичинен үчөөнү гана толук камсыздай алат. Алар: картөшкө, жашылча-жемиш жана бакча өсүмдүктөрү, сүт жана сүт азыктары. Калган азык-түлүк Кыргызстанда жетишсиз, анткени башка өнүмдөрдү республика аз өндүрөт. Тактап айтканда, жергиликтүү өндүрүш өсүмдүк майы менен 20%, кант – 77%, жумуртка – 47%, эт жана эт азыктары – 64%, мөмө жана жер-жемиштер менен – 32% үлүшүндө камсыздайт. Жыл сайын азык-түлүктүн негизги түрлөрүн сырттан ташып келүү көбөйүп жаткандыктан бул сандар дагы да азайып баратат. 2019-жылы мурунку жылга салыштырмалуу өлкөгө сырттан ташып келүү өскөн. Анын ичинен буудай 156,6 миң тоннага, эт жана эт азыктары 39,2 миң тоннага, жер-жемиштерди алып келүү 109,3 миң тоннага, өсүмдүк майы 47,8 миң тоннага, жумуртка 2,2 миң тоннага, кант 26,26 миң тоннага көп импорттолгон.

Бирок, өлкө жарандарды азык-түлүктүн негизги түрлөрүнүн ичинен нан жана дан азыктары жана өсүмдүк майы менен гана нормага ылайык тамактанышат. Азык-түлүктүн башка түрлөрү көрсөтүлгөн өлчөмдөн аз алышат. Мисалга алсак, орточо физиологиялык нормага эт жана эт азыктары – 37%; сүт жана сүт азыктары – 44%; жумуртка – 43%; жашылча – 70%; мөмө жана жер-жемиштер – 26%; картөшкө – 42%; кант – 50% жетпейт.

Талдоо көрсөткөндөй, Кыргызстанда азык-түлүктүн негизги түрлөрүнө жетүүгө көпчүлүк калктын экономикалык жана өзүнчө өндүрүп алуу мүмкүнчүлүгү жетишсиз. Пандемиялык шарттардан улам, бул абал дагы да оорлошууда. Бул көйгөйлөрдү чечүүдө өкмөт конкреттүү кадамдарга баруунун ордуна популисттик аракеттерден ары өтпөй жатат. Маселен, кайсы бир тармактын министрине сөгүш жарыялоо же жумуштан алуу сыяктуу. Калк саясий аң-сезими төмөндүгүнөн улам ушундай аракеттерге алданып калууда. Түпкүлүгүндө, азык-түлүктүн жетишсиздиги же баанын кымбатташы жергиликтүү монополисттердин кылмыштуу аракеттерине жана эл аралык колонизаторлук саясатка байланыштуу.

Азык-түлүк бааларынын көтөрүлүшүнө бир канча факторлор таасир кылууда, алардын негизгилерин айтып өтөбүз.

1-фактор: акча системасы

Дүйнө мамлекеттери мурун алтын жана күмүш акча системасын колдонуп келишкен. Кайсы валюта болбосун, анын белгиленген алтын же күмүш кыйматы болгон. Биринчи дүйнөлүк согуштун учуруна келип мамлекеттер бул системадан аз-аздан баш тарта башташты. Ал эми, 1971-жылы АКШ алтын системасын бекер кылып, доллардын алтынга болгон байланышын жокко чыгарды. Ошондон тарта акчанын милдетин аткарып келген алтын катардагы товарга айланып, ал эми, доллар негизги валютанын милдетин аткарып калды. Ошентип, бүгүнкү күндөгү акча системасы доллардын өкүмдарлыгын камсыздап келет. Алтын системасынан баш тартуунун натыйжасында көптөгөн проблемалар жүзөгө келди, алардын эң негизгиси – бул инфляция. Жыл сайын эле инфляция токтобой, продукциялардын жана товарлардын баасына (өсүшүнө) таасир кылып келет. Улуттук банктын маалыматы боюнча, былтыркы жылга салыштырмалуу инфляция 10,9%ды түздү. Кыргызстан экспортко караганда көбүрөөк импорттоочу мамлекет болгондуктан, АКШ долларынын суроо-талабы туруктуу сакталып турат. Маселен, 2020-жылы Кыргызстандын импорту 3,6 млрд долларды түзсө, экспорту 1,9 млрд долларды түзгөн. Өз кезегинде, бул жагдай доллардын көтөрүлүшүнө алып келүүдө. Себеби, импорт долларга алынып келинет, башкача айтканда, өлкөгө кирип жаткан долларга караганда өлкөдөн чыгып жаткан доллардын көлөмү чоң. Ошондой эле, мамлекеттик карыздарды тейлөө жараяны да доллардын наркына таасир кылууда. 2020-жылы тышкы жана ички карызды тейлөө үчүн 350 млн доллар сарпталды, ал эми, 2027-жылга барып бул көлөм 400 млн долларга жетери айтылууда. Мына ушул жагдайлардан улам доллардын баасы тынымсыз көтөрүлүп турат. 2019-жылы доллар 69 сом болсо, 2020-жыл башталары менен доллар улам кымбаттап, 2021-жылы 84 сомго жетти. Өз кезегинде, доллардын кымбатташы импорт товарлардын кымбат баада келишин түшүндүрөт. 2020-жылы Кыргызстан 228 535 тонна айыл чарба продукциясын импорт кылган.

2-фактор: монополия

Учурда капиталисттик система колдонулуп жаткандыктан, капиталисттер бул оор абалдан мүмкүн болушунча көбүрөөк киреше алууга аракет кылышууда. Белгилүү болгондой, өлкөбүздөгү бай капиталисттердин баары эле бийлик менен байлынашкан, соода-сатык сыяктуу кирешелүү турмактар аткаминерлерге тиешелүү, же алардын туугандарына, же жакын адамдарына таандык. Алар бул бизнестерин бийликтеги таасири менен калкалап келишет. Ошондуктан, азык-түлүктүн ар тармагы ар капиталисттин колунда, башкача айтканда, монополия десек болот. Алар бааларды каалагандай коюшуп, абал курчуганда көбүрөөк киреше алуу үчүн бааларды дагы да жогорулатып жатышат.

Өлкөдөгү негизги базарлар жергиликтүү капиталисттердин колунда. Базарга келген ар бир өндүрүшчүнүн товары алардын көзөмөлүндө турат. А түгүл, жаңы келген арзан товарлар башкалардын колуна өтүп кетпеши үчүн атайын адамдарды да жалдап коюшкан. Жакынкы күндөрү эле «Дордой моторс» базарына Орусиядан келген өндүрүшчүлөр өсүмдүк майын арзан баада сунуштап келишти. Бул учурда өсүмдүк майынын литри дүң баада 155 сом болуп турган. А бирок, сатуучулардын колуна жете электе базардын ээси өндүрүшчүлөрдүн товарын вагондордо чиркелген жеринен сатып алып койду. Натыйжада майдын дүң баасы кымбат абалда 155 сом боюнча сакталып калды. Демек, өлкөдөгү негизги азык-түлүктүн баасы кымбат турушунда ушул сыяктуу монополисттердин таасири абдан чоң.

3-фактор: колонизаторлук

Колонизаторлук саясат. Белгилүү болгондой, Кыргызстан 3-дүйнө өлкөлөрүнүн катарынан орун алгандыктан, БУУ талабына ылайык өлкө агрардык саясат жүргүзүүгө тийиш. Айыл чарбасы 2019-жылы өлкөнүн Ички дүң өндүрүшүнүн 11,7%ын түзгөн. Бул көрсөткүч жыл сайын азайып турат. Маселен, 2013-жылга салыштырмалуу 2,9%га төмөндөгөн. А бирок, айыл чарба оор өнөр жайсыз өнүгүшү мүмкүн эмес. Муну биз оор өнөр жайы алдыңкы мамлекеттердин айыл чарба тармагы да алдыда экенинен байкасак болот. Бул мамлекеттер курал жарак жана оор техникаларды өндүрүү менен бирге айыл чарбага тиешелүү комбайн, трактор сыяктуу техникалардын алдыңкы түрлөрүн да өндүрөт. Натыйжада мындай өлкөлөр айыл-чарба азыктарын экспорттоо боюнча алдыңкы сапка чыккан. Мунун каршысында, 3-дүйнө өлкөлөрү айыл чарба үчүн керектүү станок жана техникаларды өндүрө албагандыктан, айыл чарбасы да артта калган. Керек болсо Кыргызстан сыяктуу өз жарандарын да негизги азык-түлүк менен камсыздай албай турган абалда. Буга кошумча, оор өнөр жайга негизделген мамлекеттер айыл чарба тармагына субсидия катары жылына миллиарддаган долларлар бөлөт. Ал эми, 3-дүйнө өлкөлөрүнө импорттук товарлар кирип турушу үчүн Дүйнөлүк соода уюму тарабынан субсидия бөлүүгө чектөө коюлган жана азык-түлүк товарларына бажы төлөмдөрү азайтылып, чектөөлөр алынышы шарт. Кыргызстан сыяктуу коррупцияга баткан бийликтер бул талаптарды ашыгы менен аткарып берет. Маселен, айыл чарба товарларына карата ставка ДСУ талабына ылайык 12,2% болуш керек эле, бирок Кыргызстан бул ставканы 8,1%га чейин түшүрүп берген. Натыйжада айыл чарба продукцияларын импорттоо жыл сайын өсүп жатат. 2020-жылы Кыргызстан 228 534,751 тонна айыл чарба продукцияларын импорттогон. Бул мурунку жылдан 50 157,751 тоннага көптүк кылат. Бул абал азык-түлүк коопсуздугун бүлгүнгө чыгарып, жалаң гана импортко көз каранды болууга шарт жаратат. Ал эми, айыл чарба продукцияларынын таңкыстыгы жаралганда, маселенин чечилүүсү орчундап, баалар асманды чапчып калат. Дүйнөлүк соода уюмунун мындай талаптары башка эл аралык каржы уюмдары кредит же гранттарды берип жатканда да коюлат. О.э. колониялык саясаттан улам, бүгүн биз Россиянын таасири астында турабыз. Экономикалык жана саясий чечимдерибиз Россияга көз каранды. Россия бул өкүмдарлыгын бекемдөө үчүн анын таасири астындагы өлкөлөрдү ар кандай саясий, экономикалык, коопсуздук жаатындагы уюмдар аркылуу кишендеп алган. Бул зөөкүр колонизаторлуктан улам, ал тургай, кошуна боордош мусулман өлкөлөрү менен да ачык-ашкере, эркин мамиле кыла албайбыз. Андыктан, азык-түлүк таңкыстыгы же кымбаттоосунун чыныгы себеби үстүбүздөгү колонизаторлук саясат жана аларга шериктеш болгон жергиликтүү аткаминер, капиталисттер болуп эсептелет.

Исламдын көз карашы

Биринчи факторго т.а. акча системасына келсек, Ислам бул система үчүн алтын жана күмүш түзүмүн белгилеген. Бул абалда акчанын наркы алтындын наркына бекем байланат. Мындан улам, валютанын жогорулоосу-төмөндөөсү бүтүндөй жокко чыгат. Андыктан, бул система ар кандай кризистердин, инфляциялардын жүз беришин алдын алып, баалардын туруктуулугун, жада калса, жалпы финансылык туруктуулукту камсыздайт.

Андан тышкары, Ислам жогоруда экинчи фактордо көрсөтүлгөн монополияга тыюу салган. Риваяттарда айтылгандай:

«نَهَى رَسُولُ اللهِ r أَنْ يُحْتَكَرَ الطَّعَامُ»

«Пайгамбар r азыкты эхтикар (монополия) кылуудан кайтарган». Ислам монополияга каршы күрөшүү менен бирге, эгер, кандайдыр бир продукциянын таңкыстыгы жаралса, башка өлкөлөрдөн бул продукцияны алып келип, таңкыстыкты жоюуга милдеттүү.

О.э. Ислам колониялык саясатка жол бербейт. Эгер, Ислам мамлекети кандайдыр бир уюмга же коомго мүчө боло турган болсо, Ислам шарттарына ылайык мүчө болот, элге зулум болчу уюмдар жана мамлекеттер менен алака кылууну токтотот. Себеби, жетекчиликтин милдети – өз элин чырайлуу башкаруу.

Азык-түлүк коопсуздугу оор жоопкерчилик. Имам – жетекчи жана ал кол астындагыларга жоопкер. Ошондуктан, ал адамдарды азык-түлүк менен камсыздашы керек. Биринчиден, адамдар ачка калбашы лазым, экинчиден, базарлар азык-түлүккө толо болуп, баалар туруктуу болушу жана монополияга чекит коюлушу зарыл. Халифа согуш убагын, кургакчылык жана жугуштуу оорулар себептүү пайда боло турган азык-түлүк таңкыстыгын эсепке алуусу шарт. Себеби, мындай абалдарда эгин талаалар азайып, чийки сырьё алып келүү төмөндөп кетиши мүмкүн. Ушундай убакта адам жанын сактап калуу важиб, ошондуктан, азык-түлүк менен камыздоо да важиб болот. Себеби, «Важиб эмне менен ишке ашса, ошол нерсе да важиб» деген шаръий коида бар.

Негизи мусулман өлкөлөрү үлкөн жер асты жана айыл чарба байлыктарына толуп ташат. Ошон үчүн, бул өлкөлөр өз жарандарын гана эмес, бүткүл дүйнөнү азык-түлүк менен камсыздоого кудуреттүү. Анткени, анда азык-түлүк менен камсыздай турган негизги төрт фактор бар.

1 – Айыл чарба үчүн жарактуу жерлер

Эгин талаалары азык-түлүк коопсуздугунун маанилүү элементи болуп эсептелет. Себеби, мамлекет өзүн жетиштүү азык- түлүк менен камсыздоодо ошол талааларга таянат. Ислам айыл чарбага кызыктырат жана эгин талааларына көңүл бурат. Ошондуктан, Исламда айыл чарба саясаты айыл чарба продукцияларын өндүрүүнү көбөйтүү негизине курулат. Ислам бул жаатта эки жолдо барат:

а) Жердин түшүмдүүлүгүн арттыруу. Бул иш химиялык заттарды колдонуу, дыйкандар арасында заманбап ыкмаларды кеңейтүү, аларды сапаттуу урук менен камсыздоо аркылуу жүзөгө чыгат. Мамлекет өндүрүүнү көбөйтүү жана ушул тармакка жардам берүү үчүн муктаждарга карыз эмес, белек катары каражат берет. Натыйжада, алар керектүү жабдык, урук жана химиялык заттарды сатып алышат.

б) Эгин талааларын кеңейтүү. Бул иш өлүк жерди тирилтүү аркылуу жүзөгө чыгат. Расулуллах с.а.в айтат: «Ким өлүк жерди тирилтсе, ал ошонуку». (Бухарий, Абу Давуд, Ахмад жана Малик). Мамлекет жерге ээ болбогон же аз жери болгон кишилерге дыйканчылык кылуу үчүн жер бөлүп берет. О.э. мамлекет үч жыл катарынан жерди бош таштап койгон кишилерден жерди тартып алат. Расулуллах с.а.в жана ал кишиден кийинки халифалардын сийратында бул сыяктуу мисалдар өтө көп. Мына ушул эки жол менен айыл чарбаны өнүктүрүүгө болот. Бүгүнкү күндө болсо өлүк жерди тирилтүүгө негизинен уруксат берилбейт. Бул ишти кылып жаткандарга болсо мамлекеттин салык кызматы түрдүү айыптар менен бара берип, дыйканды банкротко учуратат.

2 – Суу ресурстары

Суу жашоонун негизги бөлүгү. Аллах Таала айтат: «Адамдар үч нерседе шерик: сууда, жайлоода жана отто». Суу азык-түлүк коопсуздугуна тыгыз байланыштуу. Суу камсыздоосу жетиштүү болсо, азык-түлүк коопсуздугу да жетиштүү болот. Себеби, дыйканчылык жалаң суу менен ишке ашат. Ошондуктан, суу мамлекеттер ортосундагы согуш жана жаңжалдардын пайда болушуна себеп болот. Аллахка мактоолор болсун, исламий өлкөлөр чоң суу запасына ээ. О.э. исламий өлкөлөр эң маанилүү стратегиялык канал жана кысыктарды көзөмөлдөйт. Себеби, бул өлкөлөр көптөгөн деңиз жана океандардын жээгинде жайгашкан. Мындан тышкары өлкөлөрүбүздө Нил, Дажла, Фурат жана башка дүйнөгө белгилүү дарыялар бар. Ушул дарыялар эле 150 миллиард куб метр суу менен камсыздай алат. Өлкөлөрүбүздө дагы 7734 миллиард куб метр жер астындагы суулар бар. Ислам аймагында бүткүл жер калкына жете турган суу булактары бар. Демек, ушунча көп суу запасы бар болгон соң, дыйканчылык үчүн жарактуу жерлерге дыйканчылык кылуу, башка жерлерде мелиорация иштерин алып баруу жана аларды дыйканчылыкка жарактуу кылуу мүмкүн. Исламий өлкөлөрдө суу көп болсо да, мамлекет жарандарга суудан туура пайдаланууну үйрөтүшү, аларды соолуп калуудан сакташы, дамбаларды коюшу жана артезиан кудуктарын казышы керек.

3 – Инсаний ресурстар

Жерлерди мелиорация кылуу, дыйканчылык кылуу жана тирилтүү сууга гана эмес, инсаний күчкө т.а. ушул иштерди аткара турган дыйкандарга муктаж. Мусулмандарда мындай булак бар жана алар эмгек кылууга жөндөмдүү.

4 – Финансылык ресурстар

Жерлерди иштетүү жана өлүк жерлерди тирилтүү үчүн чоң каражат керек. Мындай каражат исламий дүйнөдө бар жана алардын биринчиси нефть. Мисалы, «Ал-Ваъй» журналынын 233-санында айтылгандай, Америка Саудиянын нефтисинен эле 86 триллион доллар пайда көргөн. Эгер, бул каражатты дүйнөдөгү бардык мусулмандарга бөлүштүрсөк, алардын баары т.а. ымыркай, кары-картаң, эркек жана аял дебей ар бирине 66 миң доллардан туура келет. Мындан тышкары, газ жана башка табигый байлыктар да толуп ташат.

Ислам дүйнөсүндө өндүрүлгөн азык-түлүктөрдү узак жылдарга сактоо мүмкүн. Мисалы, буудайды машак абалында сактоого болот, машаксыз сактоого да болот. Курма, жүзүм, инжир, зайтунду кургатса болот. Этти да кургатса, консерваласа болот, сүттү кургатуу мүмкүн. Бул сактоо ишин мамлекет менен бирге жеке адамдар да өз үйлөрүндө узак убакыт сактаса болот. Имам Бухарий Аиша энебизден кылган риваятында Расулуллах с.а.в айтат: «Үйүндө курмасы бар адамдар ачка калышпайт». Расулуллах с.а.в айтат: «Колунда барлар жокторго бериши үчүн мен силерди курмандыктын этин үч күндөн ашык сактоодон кайтарган элем. Эми, андан каалаганча жеп, башкаларга да берип, сактап да койсоңор болот». (Тирмизий риваяты).

Бирок, адамдардын азык-түлүктү сакташы монополияга алып барбашы керек. Башкача айтканда, ошол нерсени базардан топтоп алышы натыйжасында баа көтөрүлүп кетпеши керек. Себеби, Расулуллах с.а.в айтат: «Ким мусулмандарга кымбатчылык пайда кылуу үчүн бааларын өзгөртсө, Аллах Таала кыямат күнү аны оттон болгон жайга отургузууга акылуу болот». Ошондуктан, адамдар ачка болуп турганда тамак сактап болбойт.

Хайсама айтат: «Абдуллах ибн Амр менен отурган элек, анын алдына казыначы келди. Ошондо Абдуллах ага: «Кулдарга тамагын бердиңби?» деп сурады, ал: «Жок» деп жооб берди. Ошондо Абдуллах: «Кайтып барып, аларга тамагын бер. Себеби, Расулуллах с.а.в: «Киши өз колу астындагылардын тамагын бербестен кармап турушу күнөөгө тете деген» деди».

Түпкүлүгүндө, мусулман киши аз тамак жеши керек, себеби, ал жашоо үчүн жейт, мунун тескериси эмес. Расулуллах с.а.в айтат: «Кафир жети ичегиге жейт, мусулман бир ичегиге жейт». (Муслим). Ушул хадис момундарды аз тамак жегенге кызыктырууда. Кафирлердин сыпаты болсо, Аллах Таала айткандай көп тамак жешет: «Кафир болгон кимселер болсо, (ушул дүйнө тирүүлүгүнүн убактылуу ырахаттарынан) пайдаланып, үй айбандары жегендей жеп-ичишет» [47:12]

Мындан тышкары, Ислам байлык бир ууч адамдын колунда топтолуп калуусунан кайтарат. Аллах Таала айтат: «Тээ, силердин араңардагы бай-дөөлөттүү кишилер ортосунда гана айланып жүрө бере турган нерсе болуп калбасын үчүн» [59:7]

Расулуллах с.а.в айтат: «Кимде ким кошунасынын ачкалыгынан кабардар болуп, ток абалда түнөсө, мага ыйман келтирбеген болот». «Арасында ачка киши болуп туруп, ток абалда таң аттырган үй ээлеринен Аллахтын коргоосу көтөрүлгөн болот».

Азык-түлүктүн жетишсиздигинин түпкү себеби адилетсиз бөлүштүрүүдө

Түпкүлүгүндө, Кыргызстанга окшогон жакыр калктар азык-түлүктүн жетишсиздигинен эмес, адилетсиз бөлүштүрүүдөн запкы чегет. Үчүнчү дүйнө мамлекеттери көп байлыктарга ээ болгонуна карабастан, акимдери малай болгондуктан жакырчылык баткагынан чыга албай жатат. Ири мамлекеттер аларга өкүмдарлык кылуу үстүндө өз ара күрөшүп, бул байлыктар согуш жана таасир талашуу майданына айланып калды. Анткени, Батыш дүйнө карашына ылайык ресурстар чектүү, адамдардын каалоосу чексиз болуп эсептелет. Мындан улам, капиталисттер дүйнө байлыктарын ээлеп калуу үчүн талашка түшүп калды. Негизи бул түшүнүк толугу менен ката жана дүйнөнү кыйроого салып жаткан нерсе ушул көз караш. Аллах Таала Өзүнүн азиз китебинде жашоону азык- түлүк менен камсыздап койгонун баян кылган. Аллах Таала айтат: «Ал Зат (жердин) үстүндө тоолорду (пайда) кылды жана аны берекелүү кылды, дагы ошол (жер)де анын жемиштерин толук төрт күндө белгилеп бөлүштүрдү. (Бул) суроочулар үчүн» [41:10]

Демек, азык-түлүк жетиштүү даражада бар, аны өндүрүү жана адилеттүү бөлүштүрүү гана керек. Батыш көз карашынын каталыгын учурда калкы аз региондордо ачарчылык жүз берип, калкы көп региондордо жүз бербеши да тастыктап турат. Мисалы, Кытайдын калкы 1 миллиарддан ашса да азык-түлүк проблемасы жок. Ал эми Африка мамлекеттери дарыялар боюнда жашап, калкы аз болсо да жарандары ар дайым ачарчылыкты башынан өткөрүшүүдө. Азык-түлүк жетиштүү даражада өндүрүлүп жатканына дагы бир далил, дүйнө калкы Экинчи дүйнөлүк согуштан бери эки эсеге көбөйдү. Азык-түлүк өндүрүү болсо ушул мезгил ичинде үч эсе көбөйдү. Бүгүнкү күндө сатып алынган азык-түлүктүн 40 пайызы же 1,6 млрд тонна таштандыларга төгүлөт. Муну акчага айлантсак, 750 млрд долларды түзөт. Азык-түлүктүн таштандыга кетишинин негизги себеби сунуштун талаптан көптүгү. Маселен, АКШ маркеттеринде америкалыктар пайдалангандан эки эсе көп азык-түлүк сунушталат. Мындан улам, Батышта ашыкча салмактуулуктан калктын 15-25 пайызы жабыркап жатат. Акыркы учурда өспүрүмдөрдүн арасында да бул көйгөй курч абалда турат. Айрыкча өнүккөн өлкөлөрдө өспүрүмдөрдүн 25%ы ашыкча салмактан жабыркашат.

Батыштын ресурстар чектүү, адамдардын каалоосу чексиз көз карашы илимий жактан да ката болуп эсептелет. Окумуштуулардын эсептөөсүнө ылайык, АКШда өндүрүлгөн азык- түлүк 47 миллиард адамды, Япониядагы азык-түлүктү кошкондо 157 миллиард адамды тойгуза алат. Дагы башка окумуштуулардын айтышынча, эгер жер жүзүндөгү айыл чарба жерлеринен натыйжалуу пайдаланылса, бүгүнкү жер калкынан он эсе көп адамды бага алат. Дагы башка окумуштуулар булардан да үлкөн сандарды көрсөтүп, жер 132 миллиард адамды бага алат дешет. Бул өтө чоң сан. Адамзат бүгүнкү күнгө чейин чоң илимий ыңкылаптарды башынан өткөргөнүнө карабастан, жер жана табияттын болгону 1% потенциалын пайдаланды.

Бүгүн мусулмандарды куфр өкүмдөрү менен башкарып жаткан зыянкеч режимдер Исламга тескери иш-аракеттерди жасашууда. Мисалы, Судандын калкы ачка, бирок, жылына 700 миллион долларлык сүт продукциялары жерге төгүлөт. («Аль-Жазира», 2008-жыл, 16-июнь). 1974-жылы БУУнун азык-түлүк жана айыл чарба уюму Суданды дүйнөнү азык-түлүк менен камсыздоосун Канада жана Австралия менен бир катарга койгон. Себеби, Судан дүйнөдөгү эң түшүмдүү жерлердин 81 миллион гектарга ээлик кылат. Ал жерде дагы үлкөн суу запасы, дарыялар, жер асты жана жаан суулары бар. Мындан тышкары, түрдүү мезгил бар. Бирок, начар саясат, башкаруу жана көзөмөл азык-түлүк импортун 1990- жылдан бери 72 миллиондон миллиард долларга көтөрүп жиберди. Канада жана Австралия буудай өндүрүү боюнча эң алдыңкы мамлекеттерден болсо, Судан буудай импорттоо боюнча эң биринчи орунга көтөрүлдү. Анын жылдык буудай импорту 2.2 миллион тоннаны түзөт.

Учурда өз өкүмдарлыгын гана ойлогон бийлик элдин көйгөйүн туура чечип, реалдуу кадамдарды шилтеп, элдин байгерчилигин камсыздоого аракет кылуунун ордуна, бул карамүртөз капиталисттик системанын бетин ачкандарды, мындай зулумдан азат болуу жолун көрсөтүп, эки дүйнө бакытын тартуу кылган Исламга чакырып жаткандарды кысымга алуу, эркинен ажыратып камакта таштоо менен алек. Ар келген бийлик пакиза муслималардын жана момун мусулмандардын үйүнө бастырып кирип, кылмыш жоопкерчилигине тартууну адатка айландырып алды. Октябрь окуяларынан кийин келген бийлик да бул салтты улантып, Пайгамбарыбыз с.а.в дын акааратталышына каршы акцияга чыкканы үчүн 29-мартта бир катар муслималардын үйүнө бастырып кирди. Алардын айрымдары сот жоопкерчилигине тартылуу астында турат! 17-июнь күнү Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун 21 жаштагы тургуну «интернетте исламий материалдарды таратуу айыбы» менен камакка алынды. Аны «диний экстремизмге» тиешелүү материалдарды таратууда айыптап, алгач 48 саатка, андан кийин соттун өкүмү менен 2 айга камакка алышты. Ысык-Көл облусунда да соцтармактарда исламий материалдарга «лайк» баскан бир нече мусулмандардын үйлөрүндө тинтүү жүргүзүлүп, алар да кудум ушундай айып менен камакка алынышты. Социалдык тармактарда «лайк» басканы же исламий маалыматты бөлүшкөнү үчүн жыйырмадай адамга кылмыш иши козголду. Мындай көрүнүштөр мамлекеттин дээрлик бардык аймактарында болууда. Бул иш-аракеттери менен бийлик зулумду дагы да бекемдөөдө, Ислам үнүн басууда.

Мусулмандарга жалаа жабуу иштеринде бийлик кафир колонизатор кожоюндарынын жана коңшу мамлекет бийликтеринин Исламга каршы тукурууларына моюн сунуп жатканы анык. Экинчиден, азык-түлүк кымбаттап, жумушсуздук жана жакырчылык күн санап өсүп жатат. Натыйжада бийликке нааразылыктар күчөп барууда. Ушундан улам, бийлик элдин көңүлүн «диний экстремизм» менен алаксытууга өтүүдө. Хизб мүчөлөрүнө жана аны колдоочуларга карата болуп жаткан бул жана мындан башка окуялар ушуну көрсөтүүдө. Негизи, бийликтин учурдагы милдети элди проблемадан алаксытуу эмес, проблеманын туура чечимин таап, адамдардын көйгөйлөрүн чечүү болушу керек эле.

Түпкүлүгүндө, «диний экстремизм» жок нерсе, бул колонизаторлордун Исламга каршы күрөшүү үчүн ойлоп тапкан жомогу. Кала берсе, Акаевден тартып бүгүнкү күнгө чейинки бийликтердин баарынын бийликке келип кетиши – алардын өздөрүнүн мыйзамына ылайык – экстремизмге туура келет.

Чындыгында, бул бийликтер жана алардын кожоюну болгон колонизаторлор Хизб ут-Тахрир бийликке жетүү үчүн күч колдонбошун абдан жакшы билишет. Хизб муну корккондугу үчүн эмес, бул шаръий өкүм болгондугу үчүн ушундай кылат жана жалаң гана пикирий-саясий күрөш алып барат. Ал эми Хизбге каршы мындай кысымдар болсо, Хизб мүчөлөрүнүн кайратына кайрат кошуп, аракетин дагы да күчтөндүрөт.

Жыйынтыктап айтканда, Аллахтын уруксаты менен тикелене турган исламий Халифалык мамлекети өз жарандарын гана азык-түлүк менен камсыздап калбастан, эл аралык жактан таасир көрсөтө турган эл аралык айыл чарбага ээ мамлекет болот. Муну менен катар Исламда өнөр жай саясаты айыл чарба менен бир жолдон жүрөт. О.э. кафир мамлекеттерге исламий мамлекеттин саясатына жана башкаруусуна аралашуусуна жол бербейт. Ислам мамлекети ушул айыл чарба жана өнөр жай саясатын аткарып, азык-түлүк жана өнөр жай коопсуздугун жүзөгө чыгарат. Ошентип, колонизаторлорго бизге өкүмдарлык кылууларына жол бербейт. Демек, азык-түлүк коопсуздугунун чыныгы чечими – Исламды колдонуу, аны турмуш майданына алып келүү. Анткени, Ислам өкүмдөрүн колдонгон мамлекет жерге тиешелүү өкүмдөрдү колдонот, өндүрүштү үммөт пайдасы үчүн жолго коёт, айыл чарба, чарбачылык жана өнөр жайды өнүктүрөт. Ошондо Үммөт эч кимге көз каранды болбойт, тескерисинче, каапырлар Исламга муктаж болот. Халифалык жарыя кылынышы жана Аллахтын уруксаты менен анын туруктуу турушу себептүү ушул «азык-түлүк коопсуздугу» термини жоголот. Дүйнөгө жакшылык жайылат!

 Хизб-ут-Тахрир Кыргызстан

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here