Түркиянын коргоо министри Кыргызстанга келди

228
0

Түркиянын коргоо министри Кыргызстанга келди

Түркиянын коргоо министри Хулуси Акар башында турган түрк делегациясы 29-30-июнь күндөрү Кыргызстанда болду.

Хулуси Акар сапардын алкагында Түркиянын Бишкектеги элчиканасында болуп, ал жерде Түркия менен Кыргызстан бардык тармактарда, анын ичинде, саясат, маданият, экономика жана коргоо тармактарында стратегиялык мамилелерди өнүктүрүп жатканын белгиледи. Министр Түркиянын Кыргызстандагы дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн ишине ыраазылык билдирди.

Хулуси Акар президент Садыр Жапаров жана Кыргызстандын коргоо министри Таалайбек Өмүралиев менен жолукту.

 Комментарий: АКШ Афганистандан чыгып бара жатып, Түркия аркылуу региондогу аралашуусун сактап калууга умтулууда. АКШ Афганистанда 1000дей аскер калтыруу боюнча чечим кабыл алып, НАТОго мүчө мамлекеттер аскерлерин алып чыга баштаган бир убакта Түркиянын мойнуна Кабулдагы аэропортту коргоо милдети жүктөлдү. Ирак, Ливия жана Сирияда АКШ кызыкчылыктарын коргоп жаткан Түркияга Афганистан жана ага кошуна болгон исламий өлкөлөрдө да ушундай милдетти аткаруу жүктөлдү.

 Кыргыз-тажик чек арасында жүз берген кезектеги кандуу окуядан кийин Түркияга расмий сапар менен барган Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Кыргызстандын Түркия менен коргоо жана коопсуздук жаатында кызматташтыкты өнүктүрүү ниети бар экендигин билдирди.

Жапаровду коштоп барган делегациянын курамында болгон Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакпаев: “Садыр Жапаров менен Эрдогандын жолугушуусунда аскерий-техникалык кызматташтык жана Кыргызстан коргоо министрлигине гранттык негизде аскерий-техникалык көмөк көрсөтүү маселеси” талкууланганын билдирген.

 Расмий маалыматтар боюнча, 2018-жылга чейин Түркия Кыргызстанга жыл сайын 1 миллион доллардык аскерий жардам берип келген болсо, 2019-жылдан баштап жардамдын көлөмү 2 миллион долларга жеткирилген. Эки өлкө башчы акыркы жолугушуусунда жардамдын көлөмүн көбөйтүү тууралуу келишип алышкан.

 Кыргызстандагы сапарынан кийин Хулуси Акар Тажикистанга барып, Коргоо министри Шерали Мирзо менен жолугушту жана эки мамлекеттин аскерий кызматташтыгы маселесин талкуулашты. Каримовдон кийин Түркия менен мамилесин жакшыртып жаткан Өзбекстан да түрк тилдүү мамлекеттер парламенттери ассамблеясына (ТҮРКПА) мүчө болуу тууралуу чечим кабыл алды. Белгилүү болгондой, башында Түркия турган бул ассамблея түрк тилдүү мамлекеттерди бириктирүү аркылуу аларды Россиянын таасиринен чыгарууну көздөйт. Бул АКШнын долбоору болуп, мында Түркия аркылуу Борбор Азияда таасирин кеңейтүүнү көздөйт. Тыянактап айтканда, Түркия расмийлеринин регион мамлекеттерине болуп жаткан сапарларынан көздөлгөн максат – региондо Америка гегемондугун күчөтүү.  

Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here