Түркия коргоо министринин Борбор Азия сапарындагы максаты

182
0

Түркия коргоо министринин Борбор Азия сапарындагы максаты

Түркиянын коргоо министри Хулуси Акар Кыргызстандагы сапарынан соң Тажикстанга барды. Бул тууралуу түрк коргоо министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, Акар Тажикстандын коргоо министри Шерали Мирзо менен жолугуп, эки өлкөнүн аскердик кызматташтыгын талкуулаган. Анда түрк министри Тажикстанды Түркиянын Орто Азиядагы маанилүү өнөктөшү деп атаган.

Буга чейин Хулуси Акар Кыргызстанга сапар менен келип, 29-июнда коргоо министри Таалайбек Өмүралиев, 30-июнда президент Садыр Жапаров менен жолуккан. Жолугушууда аскердик-техникалык чөйрөдөгү жана коопсуздук багытындагы эки тараптуу кызматташтык талкууланган. Жапаров Ооганстандагы кырдаалдын татаалдашкандыгына байланыштуу аскердик-техникалык кызматташуу актуалдуу экенин белгилеген. Хулуси Акар аскердик кызматташтыктын алкагында адистерди окутуу жана даярдоо маселеси дагы маанилүү экенин айткан.

Түркия коргоо министри буга чейин Казакстан жана Өзбекстанда да расмий жолугушууларды өткөрүп, аскер жана коопсуздук тармагында кызматташтыкты талкуулаган.

10-июнда Хулуси Акар америкалык кесиптеши Ллойд Остин менен болгон сүйлөшүүдөн кийин Түркиянын Ооганстанда калышы кааланып жатканын билдирген. Мунун артынан Американын атайын делегациясы Түркияга келип Ооганстан маселеси боюнча чечимдер кабыл алынган. Кийин Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган НАТО саммити алдында: «Эгер Ооганстандан чыгуубуз кааланбаса, Американын бизге дипломатиялык жана материалдык колдоосу маанилүү», – деп билдирген.

Американын Ооганстандан чыгып кетүү маселесине келсек, бул эң жөнөкөй. АКШнын мурунку президенти Трамп буга байланыштуу мындай деген: «Биз акыркы 20 жылда Ортоңку Чыгышка 7 трлн доллар сарптадык. Бирок, учактарыбыздын жарыгын өчүрбөй туруп коопсуз коно албай жатабыз». Демек, Түркиянын негизги милдети мына ушул коопсуздукту камсыздап берүү болуп эсептелет. Мындан белгилүү болгондой, Түркия баскынчы Американын кызыкчылыктарын коргоо үчүн Ооганстанда АКШ саясатын улантууну көздөп жатат. Мындай кызмат Американын Түркия кызыкчылыгы үчүн эч бир кадам таштабашына карабай аткарылып жатат. Маселен, Байден менен Эрдогандын жолугушуусунда мамлекеттик төңкөрүш жасоого айыпталып жаткан ФЕТО жетекчилерин өткөрүп алуу боюнча эч бир келишим түзүлбөдү. Америка Түркия согушуп жаткан PYD партиясын курал-жарак менен камсыздоосун улантып жатат. Түркия буга чейин акчасын берген F35 ракеталары ар кандай шылтоолор менен берилбеди. Орусиядан алынган С400 боюнча да эч кандай сөз болбоду. Ушулардын баары четке кагылып жатса да Эрдоган АКШ президенти Байден менен болгон жолугушуудан кийин «союздаштар менен дагы да жакын жана кеңири кызматташтык алып барарын» билдирди. Бул, Америка тарабынан Орто Азияда бериле турган ар кандай кызматка Түркия даяр жана шайма-шай экенин ачык көрсөтүп турат.

Демек, Түркиянын АКШ баш болуп бүткүл НАТО өлкөлөрү шерменде абалда качып бараткан Ооганстанда калуусу ага буга чейин Сирияда жана Ливияда берилгендей жаңы кызмат тапшырылганын түшүндүрөт. НАТО өлкөлөрүнүн ичинен Түркияга бул кызматтын тапшырылышы да өзгөчө мааниге ээ. Түркия биринчиден мусулман калктуу өлкө. Ага карата ооган калкында Батыш аскерлерине болгондой жек көрүү сезими жок. Ошондой эле, Түркиянын Ооганстан менен тарыхый байланышы бар. Бул байланыш Усманий Халифалык доорунан бери келаткан байланыш. Мына ушул исламий байланыштан улам оогандыктар түрк аскерлерине баскынчы катары мамиле кылышпайт жана аларды бутага алышпайт. Түркия бул байланышты Кыргызстан жана Тажикстан менен кызматташтыкта да колдонуп келет. Хулуси Акардын аталган өлкөлөргө чабарман катары келиши, Ооганстан маселесин чечүүдө коңшу өлкөлөрдүн да колдоосунан пайдаланышын түшүндүрөт.

Тилекке каршы Түркия бул тарыхый байланышты Халифалык мамлекетин кайрадан тикелөө үчүн эмес, АКШ сыяктуу колонизатор каапырлардын ыплас планы үчүн колдонуп жатат.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here