Россия, ЖККУ мамлекеттери жана Өзбекстан Афганистандагы кырдаалды талкуулайт

252
0

Россия, ЖККУ мамлекеттери жана Өзбекстан Афганистандагы кырдаалды талкуулайт

 Россия жана Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттер Афганистандагы кырдаалды талкуулашат.

 “Биз ал жерде тынчтык жана туруктуулук болушуна көп ишене бербейбиз. НАТО контингентинин ал жерде 20 жыл турушу да туруктуулукка алып барбады”, – деди Шойгу Казакстандын коргоо министри менен жолугушуу учурунда.

 РФ коргоо министри бул маселени жакынкы келечекте ЖККУга мүчө мамлекеттер – Россия, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан о.э. Афганистанга чектеш болгон Өзбекстан менен талкуулоону сунуштады.

 22-июнда Талибан кыймылы Афганистандын Кундуз провинциясындагы Шерхан-Бандар чек ара комиссариатына чабуул кылды. Афган күчтөрүнүн 134 аскери согушкерлерге каршылык көрсөтө албастан “Панж” чек ара отрядынын 3- 4-заставалары аркылуу Тажикстан аймагына чегинүүгө мажбур болду.

 Тажикстан улуттук коопсуздук комитети тажик-афган чек арасындагы кырдаал курч экендигин кабарлады.

 Тажик-афган чек арасынын Тажикстанга караштуу Тоолуу Бадахшан автономиялуу облусундагы бөлүгүн кайтаруу күчөтүлдү.

 Комментарий: Өзбекстандын тышкы иштер министрлиги да 23-июнда Афганистан чек ара кызматынын 53 аскери жана жергиликтүү куралдуу топтор Шортепа районундагы чек ара аймагы аркылуу Өзбекстанга качып өткөнүн билдирди. Демек, АКШ Афганистандан чыгып бара жатып Россияга жана Афганистанга кошуна мамлекеттерге чоң проблема – качкындар проблемасын калтырып кетүүдө.

 АКШ жана НАТО Афганистанда ишке ашырган аскерий аракеттер учурунда, алар менен кызматташкан чиновниктер, аскерлер жана котормочулар армиясы пайда болду. Баскынчылар менен кызматташуунун акысына өз калкына кыянат кылган чиновниктер, баскынчыларды камсыздоо менен алектенген компаниялар жана баскынчы күчтөргө котормочу болуп жалдангандар бүгүнкү күндө туңгуюкка кептелип калышты. Жакында эле баскынчы күчтөргө котормочулук кылган 10 миңден ашуун жергиликтүү тургун АКШдан аларды алып чыгып кетүүнү жана качкын макамын берүүнү суранган кайрылуу менен чыгышты. А бирок, АКШ жана НАТОго мүчө өлкөлөр бул кайрылууга жооп беришпеди. Кыскача айтканда, АКШ аларды тагдырдын сыноосуна таштап чыгып бара жатат. Негизи, бул нерсе колонизатор мамлекеттердин иш ыкмасы болуп, малайлардан зарыл болгон убакта гана пайдаланат. Малайлар милдетин өтөп болгондон кийин аларды керексиз буюм сыяктуу таштап коюшат.

 Талибан кыймылы удаама-удаа аймактарды ээлеп барууда. Ал тургай, афган өкмөтүнүн аскерлери бүтүндөй аскерий базаларды болгон техника жана курал-жарагы менен согушсуз эле таштап чыгып кетүүдө. Бир кезде баскынчы күчтөрдүн кызыкчылыгы үчүн иштеген чиновниктер жана башкалар жанын сактап калуу үчүн качууга мажбур болушууда. Мындай качкындардын Афганистандын түштүгүнө барып, ал жерден Пакистанга же башка өлкөгө өтүп кетүү мүмкүнчүлүгү жок. Себеби, мамлекеттин түштүк аймактары көптөн бери Талибандын көзөмөлүндө. Алардын түндүк жактан Орто Азия мамлекеттерине – Тажикстан, Өзбекстан же Түркмөнстанга гана жолу калган.

 Талибан кошуна мамлекеттерге аскерий коркунуч туудурбайт. Бул жаатта Талибандын Катардагы саясий офисинин расмий өкүлү Мухаммад Сухайл Шахин расмий билдирүү таратып, “Афганистан жеринен Россияга жана кошуна мамлекеттерге каршы пайдаланылбастыгын” баса белгилеген. Талибан жергиликтүү кыймыл болуп, максаты Афганистанды ар кандай баскынчы күчтөрдөн азат кылуу. А бирок, мына ошол азат кылуу учурунда баскынчы күчтөргө кызмат кылган кыянатчылардан өч алары да анык. Кыянатчылар өч алуудан кутулуу үчүн качууга мажбур. Алар үчүн “кутулуу жолу”, жогоруда айтып өткөнүбүздөй, бир гана Орто Азия республикалары тарапта болот. АКШ ал тургай жасалма түрдө болсо да, качкындар агымы мүмкүн болушунча көп болушуна шарттарды түзүп берери да ыктымалдан алыс эмес.

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here