Яхудий вужудунун Мароккодогу дипломатиялык элчилигиндеги иштери

215
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Яхудий вужудунун  Мароккодогу дипломатиялык элчилигиндеги иштери Уммат менен бул баскынчы мамлекеттин ортосундагы тынчтык эч качан ишке ашпай турган жомок экенин көрсөттү

«Аlwatanvoice.com» хижрий 1442-жылы 30-шаввал, миладий 2021-жылы 11-май күнү жарыялаган кабарда мындай делет:

«(израилдин) «Гаарец» гезити маалымдашынча, Марокко Королдугу яхудий дипломатиялык элчилиги үчүн керектүү офис берүүдөн баш тарткандан улам жума күнү (израилдин) Рабаттагы дипломатиялык элчилиги өз ишин борбор Рабаттагы мейманканада алып барууда.

Гаарец газитинде: «Алты ай мурун (израилдин) Мароккодогу элчиси болуп дайындалган Давид Говрин Рабатта элчилик ачууда кыйынчылыктарга туш болууда», – деп айтылат.

Гезит кабарлашынча, Марокко өкмөтү Говриндин дипломатиялык миссиясы үчүн борбордон алыс жерден имарат берген, бирок, ал буга макул болбогон. Ал яхудийлердин элчилиги башка элчиликтер менен бир кварталда жайгашуусун сураган жана миссияны толук кандуу элчиликке айлантууга даярдык көрүлүп жатканын билдирген.

Мароккодогу социалдык тармактагы активисттер бир нече айдан бери (израилдин) дипломатиялык элчилигин Рабаттан чыгарууну талап кылган кампания алып барышууда. Активисттер имараттарын офис үчүн ижарага берген Марокко борборунун тургундары Говриндин яхудийлигин билишкенден кийин имараттарын ижарага берүүдөн баш тартып жатышканын ачыкташкан».

 

Роя гезити, №343, 2021-жыл, 16-июнь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here