Эрдагандын жыйырма алты АКШ компаниясы менен онлайн жолугушуусу

243
0

اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Эрдагандын жыйырма алты АКШ компаниясы менен онлайн жолугушуусу

 Устаз Мухаммад Ханафий Ягмур

Түркия президенти Эрдаган АКШ президенти Байден менен жолугушардан мурун Американын ири компаниялары менен онлайн жолугушуу өткөрдү. «Рейтер» маалымат агенттиги кабарлашынча, жолугушууга жыйырмадан ашык компаниялардын, алардын катарында, «Boeing», «Amazon», «Microsoft», «Kellogg’s», «PepsiCo», «The Procter & Gamble», «Johnson & Johnson» компанияларынын аткаруучу жетекчилери катышкан. (https://www.dw.com).

Эрдаган жетектеген «Адилет жана Өнүгүү» партиясынын өкмөтү доорунда Түркия экономикалык жактан оор учурду башынан өткөрүүдө. Мунун көп себептери бар, негизгилери – коррупция жана тышкы карыз. «Адилет жана Өнүгүү» партиясынын жыйырма жылдык өкүмдарлыгы учурунда чогулган салыктардын 20 пайызы карыздын пайызын төлөөгө кетти. 2020-жылга келип, төлөнгөн пайыздардын жалпысы суммасы 590 миллиард долларга жетти. 2021-жылдагы сандар мындан кыйла жогору. Борбордук Банктын запасындагы 128 миллиард кайда кеткен жана ким сарптаган деген суроого эч ким так жооп бере албай жатат жана бул абал көптөн бери Түркия коомчулугун көңүл чордонунда болуп келүүдө!

Эрдаган 2023-жылы өтө турган шайлоодо жеңип чыгуу максатында экономиканы тикелөөгө урунуп жатат… Бирок, муну менен бирге колонизатор кожоюндарынын талаптарын аткаруу менен да алек. Ушул максатта ал жыйырмадан ашык АКШ компанияларынын аткаруучу жетекчилери менен интернет аркылуу эки саат сүйлөшүү өткөрдү. Жолугушуудан кийин Эрдаган АКШ-Түркия соода көлөмүн 100 миллиард долларга жеткирүүнү көздөп жатканын айтты. О.э. Эрдаган 2017-жылы Трамп менен жолугушканда да АКШ-Түркия соода көлөмүн 100 миллиард долларга жеткирүүнү максат кылганын айткан. 2019-жылы бул көрсөткүчтүн көлөмү 20 миллиард долларды түзүп, Түркиянын Америкага экспорту болжол менен 8.9 миллиардга жеткен.

Ошондуктан, Эрдагандын АКШ компаниялары менен өткөргөн жолугушуусу жана талаптары жаңылык эмес. Себеби, Эрдаган жогоруда айтылган билдирүүлөрдү Трампдын доорунда да берген. Бул жолугушуу жөнүндө ушуларды айтабыз:

1 – Эрдагандын бул жыйырмадан ашык АКШ компанияларынын аткаруучу жетекчилери менен жолугушуусу даярдык жолугушууларынын бири болуп эсептелет. Т.а. Эрдаган өз саясатын Байден түзгөн жаңы Америка саясатына ылайык алып бармакчы. Эрдаган бул онлайн жолугушууда: «19 жыл бою реформа программасынан эч качан баш тартпадык. Өзгөрүүчү шарттарга жана талаптарга жооп катары экономика, мыйзам жана сот тармагындагы реформаларды улантып жатабыз», – деди. Ооба, Эрдаган колонизатор кожоюндарын ыраазы кылуу үчүн болгон мүмкүнчүлүгүн жумшап жатканын жана ушундай таризде улантышын ачык көрсөттү. Эрдаган сыяктуу башчылардын мусулман өлкөлөрүндө турушунун себеби – өзүлөрүнүн талаптары аткарылбаса да, кожоюндарына чексиз жана эч кандай шарттарсыз моюн сунуп жатышканы.

Башкача айтканда, Эрдаган өз кожоюну менен жолугушуудан мурун кожоюндун сабагын жакшы өздөштүргөн жана өз милдетин толук аткарган кул катары Байденди тосуп алмакчы, сабактарына амал кылып, бул маселеде болгон күч-аракетин жумшап жатканын көрсөтмөкчү. О.э. АКШ компанияларынын талаптарын кабыл алууга жана бул үчүн ар кандай курмандыкты берүүгө даяр экенин ачыктап жатат. Ушул себептен улам, 14-июндагы НАТО саммитинде болуп өткөн Байден-Эрдаган жолугушуусунан мурун Түркиянын эки расмийи Америка, Греция жана башка көптөгөн мамлекеттерде жолугушууларды өткөрдү. Алар: Түркия президенттинин башкы катчысынын орун басары Ибрахим Калин жана Түркия тышкы иштер министри Мавлуд Чавушоглу. Президенттин басма сөз катчысы Ибрахим Калин АКШнын БУУдагы атайын өкүлү Линда Томас-Гринфилд менен жолугушту. Жолугушууда регионалдык маселелер, алардын катарында, Сирия, Ливия, Афганистан, Фалестин, Иран жана Ирак маселелери о.э. миграция, гуманитардык жардам жана терроризмге каршы күрөшүү маселелери талкууланды. (Анадолу, 2021-жыл, 2-июнь).

Мындан улам, Эрдаганга жакын адамдар, айрыкча, Чавушоглу менен Ибрахим Калин америкалыктар менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, Американын талаптарын аткарууга урунушууда. «С-400» ракеталарын орнотуу жана аларды колдонууну окутуу үчүн келген орус аскерий эксперттеринин Түркиядан Россияга кайтарылышын да ушул көз караштан түшүнүү мүмкүн. Чавушоглу Афинага жасаган сапары учурунда бул маселеге токтолуп, орус аскерий эксперттери өз мамлекетине кайтып кетишкенин ырастады (Bloomberg). Ошондуктан, Эрдаган жана анын делегациясы басма сөздө ачыкталбаган, бирок, жашоодогу көптөгөн маселелер туурасында Кошмо Штаттарды ыраазы кылууга катуу аракет кылып келүүдө.

Эрдаган Байдендин доорунда АКШнын саясий үстөмдүк багыттарында өзгөрүүлөр болуп жатканын да, Байдендин позициясы Трамптын позициясынан башкача экенин да көрүп турат. Эрдагандын бул жолугушуу жөнүндөгү билдирүүлөрүндө келген ушул сөздөр да айтканыбызды тастыктап турат: «Байдендин 1915-жылдагы окуялар жөнүндөгү билдирүүсү мамилелерибизге кошумча жүк болуп жатат. Бирок, мен 14-июнда боло турган НАТО саммитиндеги жолугушуубуз жаңы доордун белгиси болот деп үмүттөнөмүн».

Америка дүйнөдө биринчи орундагы колонизатор мамлекет болгондуктан, ал да, анын компаниялары да Түркияга инвестиция жаткыруудан өзүлөрүнүн жеке кызыкчылыктарын гана көздөшөт, мусулмандардын кызыкчылыктарын таптакыр ойлошпойт. Шек-күмөнсүз, бул түрк экономикасына пайда эмес, зыян алып келет. Алар бул жерде акча табуу үчүн келишет… Бир доллар инвестиция жаткырышса, андан бир нече эсе пайда алмайынча тынчышпайт. Инвестиция жаткырып жаткан бул сыяктуу компаниялар өлкөбүзгө туруксуздук, башаламандык жана тынчсыздык алып келет. Бул компаниялар саясатчыларыбызга басым өткөрүп, аларды колонизаторлордун саясий пландарын аткарууга мажбурлашат, талап-тоноо, уурулук менен Түркия мамлекетин мындан да жаман абалга кептешет.

Эрдаган менен онлайн жолугушкан компаниялардын бири – мамлекетте ар түрдүү бузукулуктарды жайган «Netflix» болду. Бул сыяктуу компаниялардын мусулман өлкөлөрүндө бузукулук жаюудан башка ниети жок. Алар бир тараптан, адамдарды туура жолдон адаштырышса, башка тараптан, ушул аркылуу миллиарддаган доллар киреше таап жатышат. Бул болсо, өлкөбүздүн экономикасынын өнүгүшүнө эч кандай салым кошпойт. Өкүнүчтүүсү, финансылык себептердин акыбетинде буга жол берип жаткан кимсе – бул бийлик башына чыгып алып, өзүнүн мусулмандыгын айтып, карамүртөз колонизатор кожоюндарын ыраазы кылууга урунуп жаткан Эрдаган.

Кыскасы, Эрдагандын АКШ компанияларынын аткаруучу жетекчилери менен өткөргөн бул жолугушуусу колонизаторлордун гана кызыкчылыгына кызмат кылат. Түркияга да, түрк элине да пайда алып келбейт. Мындан тышкары, Америка Ислам жана мусулмандарга ачык согуш жарыялаган колонизатор мамлекет. Демек, аны да, ага окшогон мамлекеттерди да дос тутуп болбойт.

 

Роя гезити, №343, 2021-жыл, 16-июнь.

a

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here