Атасы кызын анын макулдугусуз күйөөгө берүүсүнүн өкүмү

297
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيم

Суроожооб

Атасы кызын анын макулдугусуз күйөөгө берүүсүнүн өкүмү

Суроо:

Ассаламу алайкум рохматуллохи уа баракатуху.

Менде суроо бар, ал суроомо тез арада жооб алууну өтүнөм.

Кызды анын ыраазылыгысыз күйөөгө берүү мүмкүнбү?

Нике келишими ишке ашып, бирок, нике түнү (кошулуу түнү) азыркыга чейин боло элек болсо, бул маселени чечүүнүн кандай жолу бар? Мен кол коюуга мажбурланган жокмун, балким, мага кол сураган жигит эшик алдында турат дешти, мен ага макул болдум. Бирок, мен бул кабылдоону кысым, мажбур астында кабыл алгандай болдум, анткени, мени менен эч ким сүйлөшкөн жок.  Назик Angels.

Жооб:

Алайкуму ассалам рохматуллохи уа баракатуху.

Бул маселе тууралуу «Ижтима түзүмү» китебинин үйлөнүү бабында кеңири айтып өткөнбүз. Ошондой эле, бул маселе жаатында айтылган Пайгамбар Aдын хадисине да кеңири токтолгонбуз.

«وعن عبد الله بن بريدة عن أبيه قال: «جاءتْ فتاةٌ إلى رسولِ اللهِ ص فقالتْ: إن أبي زَوَّجَني ابنَ أَخيهِ لِيَرْفَعَ بي خَسيسَتَهُ. قال فَجَعَلَ الأمرَ إليها فقالتْ قد أَجَزْتُ ما صَنَعَ أبي، ولكنْ أردْتُ أن أُعْلِمَ النساءَ أنْ ليسَ إلى الآباءِ مِنَ الأمْرِ شيءٌ» أخرجه ابن ماجه».

Абдуллохи бин Бурайда G атасынан  айтты: «Пайгамбар Aга жаш кыз келип айтты: «Мени атам өз кадыр баркын көтөрүү үчүн тууганынын баласына күйөөгө берди». Пайгамбар A ишти кыздын колуна тапшырды. Кыз айтты: «Атам кылган нерседен аттап өттүм (аткарган жокмун). Бирок, күйөөгө чыгуу ыктыярында аталар эч кандай ишти кызга мажбурлай албастыгын аялдарга билдирип койууну кааладым». (Ибн Мажа риваяты).

Аби Аббас Шихааб Аддин Ал Бусиирий Ал Кинаний Ашаафигийге (хижрий 840-жылы дүйнөдөн кайткан) таандык «Мисбааху Зужаажати фии завааид Ибн Маажа» китебинде келген:

«عَن عبد الله بن بُرَيْدَة عَن أَبِيه قَالَ جَاءَت فتاة إِلَى النَّبِي فَقَالَت إِن أبي زَوجنِي من ابْن أَخِيه ليدفع بِي خسيسته قَالَ: «فَجعل الْأَمر إِلَيْهَا فَقَالَت قد أجزت مَا صنع أبي وَلَكِن أردْت أَن تعلم النِّسَاء أَنه لَيْسَ للآباء من الْأَمر شَيْء» وقال هَذَا إِسْنَاد صَحِيح رِجَاله ثِقَات…».

Абдуллохи бин Бурайда G атасынан айтты: «Пайгамбар Aга жаш кыз келип айтты: «Мени атам өз пастыгын мен аркылуу кетирүү үчүн тууганынын баласына күйөөгө берди». Пайгамбар A ишти кыздын колуна тапшырды. Кыз айтты: «Атам кылган нерседен аттап өттүм (аткарган жокмун). Бирок, күйөөгө чыгуу ыктыярында аталар эч кандай ишти кызга мажбурлай албастыгын аялдарга билдирип койууну кааладым». Айтты: мунун иснады сахих жана риваятчылары ишенимдүү.

Ошондуктан, ушуга негизделип атасы кызынын макулдугун алышы шарт. Башкача айтканда, нике шартындагы сунуштоо жана кабыл алуу шарттары ыктыярдуу, ыраазылык менен ишке ашуусу үчүн кыздын макулдугу шарт.

Бул боюнча «Ижтима түзүмү» китебиндеги үйлөнүү бабында кеңири баяндаганбыз. Ал төмөнкүчө:

«Эгер, аялга жуучу салынган болсо, аны кабыл алуу же кайтаруу анын гана акысы болуп, валийлеринен эч бир кишинин буга акысы жок. О.э. өзүнүн уруксатысыз эч бир киши аны турмушка бериши же аны никеден кайтарышы мүмкүн эмес. Ибн Аббас Расулулла rдан риваят кылат:

«الثَّيِّبُ أَحَقُّ بِنَفْسِهَا مِنْ وَلِيِّهَا، وَالْبِكْرُ تُسْتَأْذَنُ فِي نَفْسِهَا وَإِذْنُهَا صُمَاتُهَا»

«Жубан өзүнө валийинен көрө акылуураак. Бакирадан болсо уруксат суралат. Анын уруксаты – унчукпагандыгы». (Муслим риваяты). Абу Хурайрадан риваят кылынат: Расулулла r айтты:

«لاَ تُنْكَحُ الأَيِّمُ حَتَّى تُسْتَأْمَرَ, وَلا الْبِكْرُ حَتَّى تُسْتَأْذَنَ. قَالُوا: يَا رَسُولَ اللَّهِ, وَكَيْفَ إذْنُهَا قَالَ: أَنْ تَسْكُتَ»

«Жесирден кеңеш суралмайынча, бакирадан болсо уруксат суралмайынча нике кылынбайт». «Я Расулулла, анын ыраазылыгы кандай болот?» – деп сурашканда, «унчукпай турушу» деп жооп берди (муттафакун алайх). Ибн Аббастан риваят кылынат: «Бир кыз Расулулла rга келди жана атасы аны мажбур турмушка берип жатканын айтты: Ошондо Пайгамбар r анын өзүнө ыктыяр берди». Хансо бинти Хаззом ал-Ансорийден риваят кылынат. «Атасы аны эрге берди. Ал болсо жубан эле. Ал бул ишти жактырбады. Кийин Расулулла rдын алдына келгенде, анын никесин бекер кылды». Бул хадистер аял турмушка чыгууга ыраазы болмоюнча, никеси нике болбошуна ачык далил. Эгер ал бул никени кайтарса, же өзү мажбуран турмушка чыкса, келишим бекер болот. Эгер өз чечиминен кайтса же ыраазы болсо, никеси нике боло берет». (Китептеги цитата бүттү).

  Ошондуктан, өзүң көрүп тургандай, бул маселе боюнча биз жогоруда айтып өткөн нерседе толук жооб бар деп үмүттөнөм. Аны дагы кайталаймын: «Бул хадистер аял турмушка чыгууга ыраазы болмоюнча, никеси нике болбошуна ачык далил. Эгер ал бул никени кайтарса, же өзү мажбуран турмушка чыкса, келишим бекер болот. Эгер өз чечиминен кайтса же ыраазы болсо, никеси нике боло берет».

 Аллах билүүчү жана өкүмдар.

                                                                                                   14-жумаадил-ахир, 1441-х.

8-февраль, 2020-ж.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here