КОЛОНИЗАТОРДОН КАЧАН КУТУЛАБЫЗ

228
0

Колонизатордон качан кутулабыз

Акыркы кездерде Орто Азия өлкөлөрүнүн режимдери Орусиянын чеңгелинен чыгууга аракет жасап жатканын байкоого болот. Албетте мындай ахвалга Орусиянын бул өлкөлөргө карата зулуму, Орусия кубаттуулугун жогото баштаганы жана анын чабал саясаты себеп болуп жатса, тияктан Батыш державалары (негизинен АКШ) C5+1 форматындагы долбоорлор о.э. CASA 1000, ТАПИ жана башка ушул сыяктуу долбоорлор аркылуу бул режимдерди арбап өз чеңгелине алууга аракет кылышууда. Ошондой эле, былтыры Казакстандын түштүгүндө болуп өткөн улут аралык жаңжал жана быйыл Кыргызстандын Баткен облусунда болуп өткөн чегара чыр-чатагы Орто Азия режимдерин сескентип, жүзүн Батышка бурууга мажбурлады. Себеби алар бул жаңжалдын артында Орусия турганын, Орусия ушундай жол менен анын саясатына туура келбеген иштердин акыбетинен эскертип жатканын билип турушат. А түгүл, Баткендеги окуядан кийин катардагы адамдар мындай жаңжалдын артында Орусия турганын түшүнүп калышты. Экономикалык жаатта да Орусиянын зулуму күч. Казакстан коңшу өлкөлөргө Орусиянын уруксатысыз күйүүчү майын, Өзбекстан менен Түркмөнстан газын сата албайт, ал эми ЕАЭБ Орусиянын саясий куралына айланды. Ошондуктан, Орто Азиядагы режимдер мындай зулумдан кутулуу аракеттерин көрө башташты.

Март айында Кыргызстан президенти Өзбекстанга сапар жасап, эки өлкө отуз жылдан бери чечилбей келе жаткан чек ара маселесин толук чечүүгө катуу аракет кылышты. Албетте, бул көрүнүш Орусияга жакпады. Анткени, Орусия чек ара маселелери толугу менен чечилүүсүн каалабайт. Себеби, зарыл болгон учурда дал ушул жаңжалдар аркылуу Орусия бул өлкөлөрдүн ички ишине аралашууга, таасирин өткөрүүгө мүмкүнчүлүк табат жана таап келүүдө. Ал эми, бир айдан кийин, апрелдин аягында Баткенде жаңжал чыкты. Бирок, эки тарап бири-бири менен жаңжалдашып жатышса да, Тажикстан тарап да, Кыргызстан тарап да Орусиянын ортомчу, элдештирүүчү болуусуна ниеттерин билдиришкен жок. Бул да Орусиядан жүз буруу аракеттери болуп саналат.

Жакында Казакстан президенти Тажикстанга сапар жасап келсе, учурда Өзбекстан президенти Тажикстанда сапарда жүрөт. Ошондой эле, Кыргызстан президенти Садыр Жапаров Түркияга сапар тартып, түрк бийлиги менен бир канча келишимдерге кол койду. Бул келишимдер саясий жактан олуттуу болуп көрүнбөгөнү менен, бирок кийинки олуттуу кызматташуулардын жана келишимдердин бет ачары болуп берет. АКШ Орто Азияга карата саясатынын бир бөлүгүн Түркия аркылуу жүргүзүүгө аракет кылат. Буга түрк элдеринин биримдиги сыяктуу маданий долбоорлордон тартып Борбор Азия интеграциясын күчөткөн Түркия-Кыргызстан ортосундагы мультимодалдык жол сыяктуу экономикалык жана стратегиялык долбоорлор кирет. Бул долбоорлор өз кезегинде Борбор Азияны Орусиянын таасиринен алыстатат.

Ошол эле маалда, Казакстан мамлекети Орусияга каяша айтканга батынды. 3-июнда Орусия тышкы иштер министринин орун басары Александр Панкин Батыштын санкцияларына ЕАЭБдин алкагында биргеликте жооп кайтаруу тууралуу айтып: «ЕАЭБге мүчө өлкөлөргө үчүнчү тараптын достукка жатпаган санкциялык аракеттерине жооп чараларын көрүү күн тартибине коюлган, ал каралууда жана дагы каралат», – деген. Бирок, Казакстан тышкы иштер министрлиги Панкиндин сөздөрүн төгүндөп, башка мамлекеттердин санкцияларына жооп чараларын көрүү жөнүндө эч кандай сүйлөшүү болбогонун билдирди. Казакстан тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө Казакстан ЕАЭБдин алкагындагы интеграциялык жараяндар экономикалык гана мүнөзгө ээ болгон позицияны карманары айтылган. Андан тышкары, маалымат каражаттары Казакстан бийлиги суу маселеси боюнча өкмөт аралык келишимдерди жана программаларды даярдап жатканын ачыкташты. Бул кабарларга ылайык, Казакстан сууну пайдалануунун акысына Тажикстанга техника жана күйүүчү-майлоочу материалдарды жеткирет, ал эми 370 миллион кубометр суу үчүн Кыргызстанга 370 миллион, Өзбекстанга болсо 250 миллион киловатт-саат электроэнергия берет.

Орто Азия башчылары бул иш-аракеттери аркылуу маселебизди өз ара чечишип алабыз деген түр жаратып, Орусиядан Батышка ыкташууда. Ал эми, Батыш Орто Азияны Орусиянын таасиринен чыгарып өз чеңгелине алууга аракет кылып жатат. Себеби, бул регион бир тараптан Түштүк Азияга жол ачса, экинчи тараптан Орусия жана Кытай менен чектешет. Бул окуялардын тушунда Орусиянын колунда кара күч колдонуудан жана Орусияда жүргөн Орто Азия мигранттарына кысым өткөрүүдөн башка чарасы калбай бараткандай. Өкүнүчтүүсү, биз, мусулмандар, муну менен колонизаторлордун колундагы оюнчукка айланып, бул күрөштүн азабын тартып, чыныгы биримдикти, чыныгы боордоштукту таба албай, карайлап турабыз. Колонизатор Орусиянын таасиринен чыкканыбыз менен, колонизатор АКШнын таасирине кирип жатабыз. Негизи, биз, мусулмандардын биримдиги бир гана Ислам менен болот, бир гана Ислам менен ийгиликке жана өнүгүүгө жетебиз.

Харун Абдулхак

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here