Кыргызстан Түркиядан коопсуздукка байланыштуу жардам сурады

293
0

Кыргызстан Түркиядан коопсуздукка байланыштуу жардам сурады

Президент Садыр Жапаров 9-июндагы Түркияга болгон иш сапарынын алкагында Кыргызстан менен Түркиянын Стратегиялык кызматташуусунун жогорку кеңешинин 5-жыйынына катышты. Жыйындын жүрүшүндө Жапаров эки тараптуу кызматташуунун негизги багыттарына токтолуп, саясий диалогду жана аскердик чөйрө менен коопсуздук боюнча өнөктөштүктү улантуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Анын айтымында, эл аралык жана аймактык уюмдардын алкагында коопсуздук жаатындагы кызматташууну чыңдоо зарыл. Мындан сырткары, Борбор Азиядагы региондук коопсуздукту чыңдоонун жана бул себептен Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн материалдык-техникалык базасын модернизациялоо жана ошондой эле коргонуу дараметин бекемдөө боюнча биргелешкен иштерди күчөтүү үчүн ырааттуу аскердик-техникалык жардам көрсөтүү маанилүү.

Ошондой эле президент эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүүнү  1 млрд АКШ долларына жеткирүү менен кызматташууну дагы күчөтүү зарылдыгын баса белгиледи. Расмий сапардын алкагында сегиз келишимге кол коюлду. Бул келишимдер негизинен маданий кызматташтыкка багытталды.

Жапаровдун Түркияга жасаган сапарынын алкагында ачык жана жашыруун түзүлгөн келишимдер Кыргызстандын мындан аркы саясатына өз таасирин тийгизет. Анткени, АКШ Орто Азияга карата саясатынын бир бөлүгүн Түркия аркылуу жүргүзүүгө аракет кылат. Буга түрк элдеринин биримдиги сыяктуу маданий долбоорлордон тартып Борбор Азия интеграциясын күчөткөн Түркия-Кыргызстан ортосундагы мультимодалдык жол сыяктуу экономикалык жана стратегиялык долбоорлор кирет. Бул долбоорлор өз кезегинде Борбор Азияны Орусиянын таасиринен алыстатат. Демек, Жапаровдун сырткы саясаттагы азыркы позициясы көп багыттуулукка багытталып жатат. Анын мындай кадамдары ички саясатта аброюн көтөргөнү менен Орусияга жакпашы анык. Мындан улам, Орусиянын апрелдин аягындагы чек арада чыгарган провакациялык аракеттеринин кайталанышынан этият болуу керек. Ошондой эле бийликтин көп векторлуу саясат алып барышынын артынан Орусия мигранттарды кысуу жана ички оппозицияны көтөрүү менен ички туруксуздук келтирип чыгарышы да мүмкүн.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here