Глобалдык экономика 5,6% өсүшү күтүлүүдө

198
0

Глобалдык экономика 5,6% өсүшү күтүлүүдө

2021-жылы глобалдык экономика 5,6% өсүшү күтүлүүдө. Бул тууралуу 8-июнда Дүйнөлүк банк билдирди. Жаңы прогноз ДБ январда чыгарган болжолдуу анализден 1,5% жогору.

Дүйнөлүк банктын маалыматына ылайык, экономикалык өсүш ири державаларда байкалат. АКШнын экономикасы 6,8% өсөт. Кытайдын экономикасын 8,5% өсүш күтүүдө. Бирдиктүү валютаны колдонгон европалык өлкөлөрдө экономика 4,2% жогорулайт. Ал эми өнүгүп келаткан өлкөлөрдө бул көрсөткүч абдан төмөн. Маалыматка караганда, ал өлкөлөрдө COVID-19 илдетинин учурлары көбөйүүдө.

Белгилүү болгондой, үстүбүздөгү капиталисттик түзүм пайдага негизделген жана дүйнө байлыктары 2-дүйнөлүк согуштан кийин БУУнун Коопсуздук Кеңешиндеги беш мамлекети (АКШ, Кытай, Англия, Франция, Орусия) ортосунда бөлүшүлгөн. Алар өздөрүнө атаандаш мамлекет өсүп чыкпашы үчүн бүткүл мүмкүнчүлүктөрүн сарптап, согуш-жаңжалдардан, пандемия сыяктуу апааттардан да акча жасашууда. Мисалы, The People’s Vaccine Alliance кыймылынын отчётунда көрсөтүлгөндөй, коронавируска каршы вакцина жасаган фармацевтикалык компаниялардын кирешелери себептүү дүйнөдө жаңы тогуз миллиардер пайда болду. Бул жаңы миллиардерлердин катарына америкалык Moderna компаниясынын төрт өкүлү, BioNTech компаниясынын башчысы, испаниялык Rovi фармацевтикалык компаниясынын башкы директору жана кытайлык CanSino Biologics компаниясынын үч негиздөөчүсү кирди. Бул миллиардерлердин жалпы байлыгы 19,3 миллиард долларга жетти.

2020-жылдын март айынан тарта, тагырак айтканда пандемия күчүнө кирип баштагандан бери дүйнөдөгү эң бай 10 адамдын байлыгы 540 млрд долларга көбөйгөн. Алардын жалпы байлыгы 1,12 трлн долларга жеткен. Ал эми 3-дүйнө өлкөлөрү жакырчылык астында эзилип жатат. Алардын кен байлыктарын, сырьелорун жогорудагы капиталисттик мамлекеттер ташып кетип, кайра эле ушул жакыр калктарды өздөрүнүн товарына базар жана арзан жумушчу күч катары колдонуп жатышат.

Демек, ири мамлекеттердин экономикасы мына ушул алсыз өлкөлөрдүн эсебинен көтөрүлүп жатат. Мунун каршысында калктар ачкөз капиталисттердин зулумдугу астында эзилүүдө. Дүйнө бул зулумдуктан кутулуу эшигин издеп жатат. Албетте бул эшик Ааламдардын Роббиси болгон Аллах жиберген Ислам мабдасынан гана табылат. Ислам өкүмдөрүн жашоодо колдонуу Аллахтын ыраазылыгын табуу менен бирге коомдун бакубат жашоосун да максат кылат. Байлыктын бир ууч адамдын колуна топтолбошу үчүн зекет түзүмү иштейт жана байлар жакырларга камкор болууга шыктандырылат.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here