Зекетке муктаж болгон адамдын зекеттен ала турган көп (максималдуу) өлчөмү

689
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيم

Суроожооб

Зекетке муктаж болгон адамдын зекеттен ала турган көп (максималдуу) өлчөмү

Суроо:

Ассаламу алайкум, урматтуу Шейх. Менде суроо бар эле, мүмкүн убактыңыз болсо, жооп берерсиз. Зекет ала турган адам зекеттен канча өлчөмдө алат. Мисалы, эгер адам үйү жок болсо, үй курууга жеткидей акча алса болобу… же зекет ала турган адам зекеттен канча өлчөмдө ала алат? Аллах ыраазы болсун. (Shani Ayaz).

Жооб:

Ассаламу алайкум рахматуллохи уа баркатуху.

Сенин сурооң зекет ала турган адам зекеттен көп (максималдуу) өлчөмдө алуусу тууралуу болуп жатат.

Мунун жообу: зекет ала турган адам зекеттен канча көлөмдө ала тургандыгы тууралуу түзмө-түз шарий насс келген эмес. Бирок, зекет тууралуу аятта айтылат:

قوله تعالى ﴿إِنَّمَا الصَّدَقَاتُ لِلْفُقَرَاءِ وَالْمَسَاكِينِ وَالْعَامِلِينَ عَلَيْهَا وَالْمُؤَلَّفَةِ قُلُوبُهُمْ وَفِي الرِّقَابِ وَالْغَارِمِينَ وَفِي سَبِيلِ اللَّهِ وَابْنِ السَّبِيلِ فَرِيضَةً مِنَ اللَّهِ وَاللَّهُ عَلِيمٌ حَكِيمٌ﴾

«Садака кем багалдарга, мискиндерге, зекет чогултуучуларларга, (Исламга) жүрөгү байлангандарга (жаңыдан киргендерге), кулдарга, карызы барларга, Аллах жолунда жихад кылгандарга жана мусапырларга. Аллах билүүчү жана өкүмдар».

Бул аяттан зекет алуучу канча өлчөмдө алуусун истинбат кылып алса болот. Анткени, бул аятта зекет ала турган адамдардын зекет алуу сыпаттары түшүнүктүү баяндалган. Бул дегени зекет ала турган адам ошол сыпатка түшкөндүгү үчүн зекет алат (иллеттенет) зекет ала турган адам зекет ага берилүүсү тууралуу сыпат анда бар болгондугу үчүн ал сыпат андан жок болгучакты зекет ала берет. Качан гана бул сыпат анда жок болгон учурда зекет алууга татыктуу болбой калат:

  • Мисалы кембагал жана мискиндер аларда кембагалдык жана мискиндик сыпаты бар болгондугу үчүн зекет алышат. Аларга бериле турган зекеттин көп (максималдуу) өлчөмү аларды бул сыпаттан (кембагалдык жана мискиндиктен) чыгара турган өлчөмдө болуусу керек. Башкача айтканда, алар кемабагалдык, мискиндик сыпатынан чыгып зекет алууга муктаж болбой кала тургандай өлчөмдө. Аларга андан ашык өлчөмдө берилүүсү жаиз эмес. Бул өлчөм бир адам менен башка адамга жана бир абал менен башка абалга салыштырмалуу түрдүү болот.
  • Мисалы: зекет чогултуучуларга бериле турган өлчөм, анткени алар зекет чогултуу үчүн иштешкен. Аларга зекет берилүүсүнүн себеби – алар зекет чогултууга аракет жумшагандыктарына жараша мамлекет аларга зекеттен айлык белгилейт. Эгер мамлекет аларга айлык белгилебесе, анда аларга сыйлык катары берет. Андан ашык бербейт, анткени зекет алар үчүн табароот (тартуу) эмес, балким мамлекет алардын зекетти жыйноого жумшаган аракетине жараша гана берет…
  • Мисалы: карыздар адамга зекеттин берилүү өлчөмү: карыздар адамга карызынан кутула турган өлчөмдө гана берилет. Андан ашык берилбейт. Алар карыздар адам деген сыпатка түшкөндүгү үчүн берилет, качан ал сыпаттан чыккандан кийин ага берилбейт.

Мына ушул сыяктуу аятта айтылган баардык сыпаттарга түшкөн адамдарга ошол сыпаттардан аларды чыгаруу үчүн берилет. Качан ал сыпаттардан чыкса, аларга андан ашык берилбейт.

Биз жогоруда баяндап өткөн кээ бир маанилер «Халифалык мамлекеттиндеги малия» китебинин зекет сарптала турган орундар бабында төмөнкүчө келген:

1 – Факирлер. Алар негизги муктаждыктары: жемек-ичмек, кийим-кечек жана турак жайлары үчүн жетиштүү малдары болбогон адамдар. Негизги муктаждыгын кандыруу үчүн зарыл болгон каражаттан аз малга ээ адам факир деп аталат. Ал садакадан алуусу мүмкүн. Ага анын муктаждыгын жана кембагалдыгын жоё турган чекке чейин зекеттен берилүүсү жайыз.

Алла зекет алууну байларга арам кылды. Абдулла ибн Амрдан риваят кылынат, Расулулла A: «Садака байга жана кесип кылуучу күч-кубат ээсине адал болбойт», – деди. Эгер кесип кыла ала турган адам иш таба албаса, анда ал факир деп саналат. Бай – башкага муктаж болбогон жана муктаждыктарын каптай турган малдан ашыкча каражатка ээ болгон адам. Байдын ким экендигин баяндаган хадистер келген. Абдулла ибн Масъуддан риваят кылынат. Расулулла A: «Сураганга муктаж болбой туруп сураган кимсе кыямат күнүндө жүзү тытылган болуп тирилет», – деди. Ошондо: «Я Расулулла, аны кандай нерсе муктаж эмес кылат», – дешти. «50 дирхам, же болбосо алтындан 50 дирхамга барабар болгону», – деди. Кимде-ким 50 дирхамга т.а. 148,75 грамм күмүшкө же тамактанышы, кийиниши, турак-жайы, үй-бүлөсү, балдары, кызматчысынын нафакасынан сырткары 50 дирхам күмүш барабарында алтынга ээ болсо, анда ал бай болуп эсептелет. Ал үчүн садака алуу жайыз болбойт.

2 – Мискиндер. Алар эч нерсе таба албаган адамдар, жокчулук аларды мискин кылган. А бирок, алар адамдардан тиленишпейт, Расулулла A: «Адамдардан сурай турган жана ага бир же эки тиштем, бир же эки даана курма берилсе кайра кайтып кете турган адам мискин эмес. Өзүнө жете турган байлыкты таба албай турган, садака кылынышы үчүн өзүн сездирбей турган жана адамдардан сурап жүрбөй турган адам мискин болуп саналат», – деди. Муттафакун алайх. Алла Тааланын сөзүнө ылайык, «мискин» кембагалдан да муктажыраак: أَوْ مِسْكِينًا ذَا مَتْرَبَة [90:16] – т.а. ач-жылаңач болгону үчүн топуракка жабышуучу адам. Мискинге садака адал. Ал садакадан алуусу мүмкүн. Ага негизги муктаждыктарын кандыруу үчүн жетиштүү боло турган жана аны мискиндиктен көтөрө турган чекке чейин садакадан берилүүсү жайыз.

3 – Аамилуна алайха. Садака важып болгон адамдардан садакаларды чогултуу үчүн же акылууларга таркатуу үчүн дайындалган садака жыюучулар. Бай болушса да, садакаларды топтоо же таркатуу милдетин аткаргандыгы акысына аларга садакалардан берилет. Ато ибн Ясордон риваят кылынды. Расулулла A: «Садака бай үчүн адал болбойт. Бирок, 5 адамга: садака жыюучуга; өз малы менен садаканы сатып алган адамга; садака кылына турган кошунасы болуп, садаканы ага белек кылган адамга; мужахидге; карызы бар адамга садака адал болот», – деди. Буср ибн Саидден риваят кылынат. Ибн Саъдий ал-Маликий: «Умар мени садакага аамил кылды. Садакадан бошогон жана садаканы ага тапшырган убагымда, мени акча алууга буюрду. Мен «Алла үчүн кылдым» дедим. Умар: «Берилген нерсени ал, мен да Расулулла A заманында аамил болдум, Набий A мени зекет жыюучу кылды. Мен сенин сөзүңө окшогон сөздү айттым. Расулулла A мага: «Сен сурабаган нерсе сага берилсе, аны ал, андан пайдалан жана садака кыл», – деди». Муттафакун алайх.

4 – Муаллафату кулубухум. Алар ыйманы бекемделе элек эр жүрөк, таасирдүү адамдардан, саййиддер (жетекчилер) жана командачылардан турган топ. Халифа же валийлер алардын дилдерин дос кылуу, ыймандарын бекемдөө, Ислам жана мусулмандар пайдасына кызмат кылуусу же жамааттарына таасир өткөрүүлөрү үчүн аларга зекет берүүнү рай кылат. Мисалы: Расулулла A Абу Суфян, Уяйна ибн Хисн, Акраъ ибн Хобис, Аббас ибн Мардас жана ушулар сыяктуу адамдарга зекет берген. Амр ибн Таглибден риваят кылынат: «Расулулла Aга мал же туткундар алып келинди, аны бир нече адамдарга бөлүштүрүп берди. Кээ бирөөлөргө берип, кээ бирөөлөрүнө бербеди. Кийин калтырылган адамдардын нааразы болгонун укту. Расулулла A Аллага алкыш жана мактоолор айтып, андан кийин: «Аллага ант болсун, мен бир адамга беремин, бир адамды калтырамын. Калтырган адам мен үчүн мен берген адамдан көрө сүйүктүүрөөк. Мен алардын дилдеринде туталануу жана душмандан коркууну көргөнүм үчүн бул коомдорго мал беремин. Дагы мен Алла алардын жүрөктөрүндө муктаж эместикти жана жакшылыкты койгон коомдорду ушул сыпаттарына тапшырып коёмун», – деди».

Дилдери дос кылына турган адамдарга мусулман болушса гана зекет берилет. Эгер капыр болушса, Расулулла A Яманга жибергенде Муазга: «Алла байлардан алына турган жана кембагалдарга бериле турган зекетти аларга фарз кылганын билдир», – деген сөздөрүнө ылайык, капырга садакадан берилбейт.

Бул топко эмне үчүн берилип жатканынын себеби жүзөгө чыкканда гана зекеттен ажыратып берилет. Эгер бул себеп жоголсо, аларга зекет берилбейт. Ислам азиз болуп тарагандан кийин Абу Бакр жана Умар H зекеттен аларга берүүдөн баш тарткандары сыяктуу.

5 – Рикоб. Кулдар. Мукотабга (эгер аларды кулдугунан азат кылуу үчүн белгилүү бир акчага келишип алынган болсо) зекет берилет. Эгер алар мукотаб болбостон кул болушса, алар сатып алынып азат кылынат. Бүгүнкү күндө болсо кулдар жок.

6 – Горимуна. Алар араны оңдоо, кундун акчасын төлөө, же өздөрүнүн жекече кызыкчылыгы үчүн карыз алган адамдар.

Араны оңдоо же төлөмдөрдү төлөө үчүн карыз алган адамдарга, алардын бай же кембагалдыгына карабастан, зекеттен берилет жана алардын мойнундагы карыздары канча болсо, ошончо акча берилет. Анастан риваят кылынат, Набий A: «Суроо 3 адамга: өтө кембагал кишиге, көп карыздар кишиге жана адам өлтүргөн кишиге (дия төлөө үчүн) адал болот», – деди. Кабиса ибн Махорик ал-Хилалийден риваят кылынат: «Карыздар болуп калып, Расулулла Aдан карызды үзүү үчүн акча сураганы келдим. Набий A: «Бизге садака келгенче күтүп тур, сага садакадан берүүгө буюрамын», – деди. Кийин: «Эй, Кабийса, суроо 3 адам үчүн адал болот т.а. карыздар адамдын карызына жетиштүү акчаны суроосу адал болот, кийин бир адамдын малына мусибат түшсө, негизги муктаждыгын каптаганга чейин жардам суроо ага адал, дагы бир адам жокчулуктан кыйналган адам болуп, ал жөнүндө коомундагы акылдуу 3 адам «баланчага жокчулук жетти» десе, ага суроо адал болот. Мына ошондой адамга да зарыл муктаждыгын кандырганча суроо адал болот. Эй, Кабийса, булардан башка адамдардын суроосу арам. Суроочу адам арам жеген болот», – деди.

Жеке кызыкчылыктары үчүн карыз алган адамдарга – кембагал болушу же кембагал болбошуна карабастан, карыздарын төлөй албай турган даражада болушса – карыздарын үзүү үчүн аларга зекеттен берилет. Ал эми алар карыздарын төлөөгө кудуреттүү болгон бай болушса, зекет аларга адал эмес. Аларга зекеттен берилбейт.

7 – Фи сабилиллахи. Т.а. жихад жана жихадга зарыл болгон армия даярдоо, ишканаларды куруу жана курал чыгаруу. Куранда «фи сабилиллахи» келген орунда ал жихадды гана билдирет. Жихад жана жихадга керек болгон нерселерге зекеттен ажыратылат. Бул көлөм менен белгиленбейт. Зекетке акылуу болгондордун кызыкчылыгынан келип чыгып, халифанын райына карап, жихадга зекеттин баары же бир бөлүгү берилүүсү жайыз болот. Абу Саидден риваят кылынды, Расулулла A: «Садака байга адал болбойт, илла, Алла жолунда болсо адал болот…», – деди. Дагы бир риваятта «Алла жолундагы мужахидге адал болот…», – деди.

8 – Ибнус-Сабийл. Ал шаарына чейин жетип алууга мал таба албай жаткан, сапарында жолдо калып кеткен киши. Шаарына жетип алуусу үчүн жол акысына жетиштүү көлөмдө зекет берилет. Расулулла Aдын: «Садака бай үчүн адал болбойт, болгону Алланын жолундагы же мусапыр адамга гана адал болот…», – деген сөздөрүнө ылайык, өз шаарында бай болсо да, мусапырга зекет берилет.

Аятта айтылган сегиз топтон башкасына зекет берилиши жайыз эмес. Зекет мечит, ооруканаларды куруу, кайрымдуулук коому же үммөт жана мамлекет кызыкчылыктары үчүн берилбейт. Себеби, зекет башкалар шерик болбой турган жогорудагы сегиз топко таандык мүлк болуп саналат.

Зекетте бул топтордун кызыкчылыгын жүзөгө чыгара турган пикир тандоо укугу халифага таандык. Халифа гана зекет берүүдө бул топтордун кээ бирин чектөөсү жайыз болгону сыяктуу, жалаң анын райына карап, зекетти сегиз топко таркатуу да жайыз болот. Эгер коомдо бул топтор болбосо, муктаждык туулганда сарпталуучу орундарына сарптоо үчүн байтулмалда садакалар деванында сакталат. Садака жөнүндө Ибн Аббастан риваят кылынат, Ибн Аббас: «Бул сегиз топтон кай бирине сарптасаң да боло берет», – деди. Ато жана Хасан да ушул сөздү айткан. Малик: «Садака бөлүштүрүүдө биз ихтилаф кылган эмеспиз. Бул нерсе валийдин ижтихадына ылайык болот. Топтордун кай биринде муктаждык болсо, өзү рай кылган көлөмдө, ошол топту абзел көрөт», – деди». «Халифалык мамлекетиндеги малия» китебинен алынган цитатат бүттү.

Ушул жетиштүү деп ойлоймун, Аллах билүүчү жана өкүмдар.

Боордошуңар Ато ибн Халил Абу Рошта                                                    17-шаъбан, 1441-х.

10-апрель, 2020-ж.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here