Садыр Жапаров расмий иш сапар менен Түркияга барды

199
0

Садыр Жапаров расмий иш сапар менен Түркияга барды

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 9-июнда расмий иш сапары менен Түркияга барды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Президент Жапаров сапардын алкагында Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Эки мамлекеттин башчылары эки жана көп тараптуу кызматташууну, ошондой эле Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин (ТМКК) алкагындагы өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашат.

 Мындан сырткары, Садыр Жапаров Кыргызстан менен Түркиянын Стратегиялык кызматташуусунун жогорку кеңешинин V-жыйынына катышат.

О.э. президент Садыр Жапаров расмий сапардын алкагында Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп менен жолугушат жана эки өлкөнүн бизнес форумуна катышат.

 Комментарий: Буга чейин Нур-Султан, Ташкент, Москва жана Сочиге сапар кылган Садыр Жапаров чет өлкөгө (мурдагы советтик өлкөлөрдөн тышкары) алгачкы сапарын Түркиядан баштады. Жапаровдун Россияга болгон сапарында Путин куру убадалар менен Жапаровдун койнун “куру жаңгакка” толтуруп, Тажикстан менен мамиледе кырдаалды ого бетер курчутууга үндөгөндөн башка, бирер экономикалык долбоор же материалдык жардам берүү маселеси талкууланбады. Демек, Жапаровдун Россияга сапары дээрлик ийгиликсиз болду.

 Кыргызстандын учурдагы экономикалык абалында бериле турган ар кандай экономикалык жардам өтө маанилүү. Жапаровдун Түркияга болуп жаткан сапарындагы негизги маселе – инвестиция жана экономикалык жардам маселеси болот. Жапаров быйыл күздө өткөрүлө турган парламенттик шайлоонун алдында Түркиядан каржылык жардам алуудан үмүттөнүүдө.

 Мындан тышкары, кыргыз-тажик жаңжалында орус бийлиги жекелеп койгон Жапаров Эрдоган менен аскерий кызматташтык маселесин талкуулашы о.э. кыргыз армиясын куралдандыруу жаатында Түркиядан жардам сурашы мүмкүн. Эгер Жапаров түрк бийлиги менен аскерий кызматташтык жаатында келишимге жете турган болсо, бул нерсе Түркиянын региондогу түрк тилдүү мамлекеттер арасындагы лидерлик амбициясын ого бетер күчөтөт. Бул болсо өз кезегинде, региондо АКШнын таасири күчөшүнө алып барат.

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here