Табаруж: ажарын ачып жасануунун вакыйы (көрүнүшү)

274
0
Суроо-жооб
Табаруж: ажарын ачып жасануунун вакыйы (көрүнүшү)
Суроо:
Асаламу алайкум рахматуллоохи уа баркаатуху.
Аллах сизди ар дайым коргоп, жардам берсин деп тилейм. Аллах өмүрүңүздү жеңил кылсын.
Табаруж (жасанып кийинүү) жөнүндө сурагым келди. Аны кантип аныктайбыз жана аны кандайча колдонобуз? Мен билишимче, табаруж бөтөн адамдын көз алдында ажарды ачып кийинүү дегенди билдирет. Бул ошондой эле адаттарга, каада-салтка, үрп-адатка байланыштуу.
Мен Индонезияда жашаймын, биз табарруж жөнүндө талашып жатабыз. Чындыгында, Батыштын жашоо мүнөзү, кийинүүсү биздин кийингенибизге таасир этти. Аялдар бет порошогу сыяктуу косметиканы колдонушат. Ошондой эле, помада, көз көлөкөсү сыяктуу ж.б. нерселерди да колдонушат. Кээде, бул табигый эле макияжга же күнүмдүк макияжга айланды. Алар иштешет, коллежде окушат, межлисте билимине катышышат, бири-бирине барышат ж.б.у.с. Кээде алар жасанып кийинүүлөрүн дагы да күчөтүшөт, мисалы үйлөнүү күнү же үйлөнүү аземине катышуу үчүн өтө эле ажарларын ачышат. Алар күнүмдүк макияжды колдонушпайт, бирок жагымдуу глам макияжын колдонушат. Кээ бир аялдар көңүл ачуучу, тандамал ырчы, артист болуп иштешет, кийинишет жана аябай тайманбай макияж жасашат.
Биз косметикалык каражаттардын бардыгынан баш тартышыбыз керекпи? Себеби, ал Батыштын жашоо мүнөзү негизинде пайда болгон. Биз бетибизге бирер нерсе колдоно алабызбы же күн сайын табигый макияжды колдонсок болобу?
Ошол эле учурда, кээ бир аялдар көздөрүнө итсмид (персия көз көлөкөсүн) колдонушат. Анткени, Расулуллах саллаллаху алейхи васаллам, аны үйрөтүп жана өзү да кылган.
Алар азчылыкты түзүшөт, бирок кээде айланадагылардын көңүлүн өздөрүнө бурдурушат. Сиз, Шейх Ата Абу Рошта, табаруждун мага кандайча аткарылгандыгын түшүндүрүп берүүңүздү өтүнөм.
Алдын ала рахмат, Аллах сизге жакшылыктарды жазсын.
Асаламу алейкум рохматулоохи уа баркаатуху.
Пипит Мейдавати. Индонезия.
Ассалуму алайкум рохматулоохи уа баркаатуху, урматтуу Шейх, менде суроо бар.
Эгер, аялдар коомдук жайларга барарда бетин боёп алышса, табаруж (жасанып ажарын ачуу) өкүмүнө киреби? Шариятта аялзаттык термини кандай?
Фатим Сулиманова.
Жооб:
Ассаламу алайкум рохматулоохи уа баркаатуху.
Эки суроо бир темада келген, ошондуктан аларга чогуу жооп беребиз:
Биз буга чейин 2016-жылы 9-октябрда табаруж темасы боюнча суроолорго жооп бергенбиз… Ошону кайрадан кайталап өтөм, Иншаа Аллах, ошол жетиштүү деп ойлоймун.
«Суроолоруңуздун чоо-жайын ачаардан мурун, мен сизге ушул маселе боюнча «Ижтима түзүмү» китебиндеги аялдарды кароого байланыштуу кээ бир нерселерди айтып өтөм. Мен анын ичиндеги кээ бир абзацтарга көңүлүңүздү бурамын:
1. Аялдын коомдук жашоого чыгышы шарий кийимде болушу керек, анын ичинде: жилбаб, авраты жабык, ажарын ачпаган болушу керек.
2. Аялдын авраты аялдын жүзүнөн жана колунан башка бүт денеси болуп саналат. Аял авратын ачуусу харам. Бул жерде «көңүл бурдура турган» деген нерсе келген эмес. Тактап айктанда, көңүл бурдурабы же бурдурбайбы, айырмасы жок, авратты ачуу харам.
3. Табаруждун лексикалык мааниси аял бөтөн эркектердин алдына ажарын ачып жасанып кийинүүсүн билдирет. «Лисаанул араб» сөздүгүндө Табаруж сөзү бөтөн эркектердин алдында ажарын ачуу маанисинде келген. Бул тыйылган иш. Күйөөсүнө ажарын ачып жасанса ал тыйылбаган. «Комус мухит» сөздүгүндө табаруж сөзү эркектерге ажарын ачуу…. маанисинде келген. «Мухтаар сихаах» сөздүгүндө табаруж сөзү аял бөтөн эркектердин алдында ажарын ачып жасануусу маанисинде келген… «Макооииси лугат» сөздүгүндө табаруж сөзү эркектердин көңүлүн буруп ажарын ачуу… маанисинде келген. Шарий маани да ушул маанини эле билдирет. Аллах Таала айтат:
﴿وَلَا يَضْرِبْنَ بِأَرْجُلِهِنَّ لِيُعْلَمَ مَا يُخْفِينَ مِنْ زِينَتِهِنَّ﴾
«Дагы жашырган зеб-зыйнаттары билинсин үчүн буттарын (жерге) урушпасын!» [24:31]
Бул, аял бутуна тагынган зыйнатын (жасалгасын) билдирүү үчүн жерди тепкилеп эркектердин көңүлүн буруп баспасын маанисин билдирет. Ушул маанидеги табаруж шаръий жана лексикалык мааниси жагынан көңүлдү бурдура турган зыйнат жасалганы билдирет, жөн гана жасалгалар эмес.
Табаруж – бул авратын ачпастан көңүлдү бурдуруп ажарын ачып жасануу. Ал эми, авраттын ачылуусу көңүлдү бурабы, бурбайбы, айырмасы жок харам. Табаруж бул зыйнат эмес. Көңүлдү бурдурбай турган адаттагы зыйнат бар, бул аялдар үчүн жаиз. Көңүлдү бура турган зыйнат табаруж болуп, ал харам болуп саналат. Табаруж эки нерседе көрүнөт:
– Аял аялдын денесинин уруксат берилген бөлүгүнө, башкача айтканда, кол жана бетине, кийимине зыйнат тагуусу, эгер ал көңүл бура турган болсо.
– Авратын ачпай турган уруксатсыз жасалга б.а. аял кызыл ашыгына браслет, билегине билерик тагуусу, кызыл ашыгы менен билеги жабык болуп, аял бутун же колун кыймылдатканда айланасындагы эркек анын бутунда же билегинде зыйнат жасалгасы бар экендигин биле турган болсо, бул табаруж өкүмүнө кирет. Анын кызыл ашыгы жана билеги жабык болсо дагы, анын ичиндеги зыйнат жасалга билинип калгандыгы үчүн.
4. Аялдын денесинин уруксат берилген бөлүгүндөгү же кийиминде болгон жасалгаларга келсек, эгер ал көз артырып көңүл бурдура турган болсо, ал харам болот. Көңүл бурдуруу дегенде адаттан тыш жасалган болушу. Башкача айтканда аял ушул жасалгасы менен эркектердин жанынан өткөндө алар ал аялдын аялзаттыгына көңүлүн буруусу. Көңүл бурдурбай тургандын мааниси. Аял эркектердин жанынан өткөндө эркектердин ал аялдын аялзаттыгы тууралуу ойлоруна эч нерсе келбөөсү. Бул иш тахкикул манаат (иллетти аныктоо) өкүмүнө кирет. Бул нерсе оорчулукту жаратпайт деп ойлойм. Эркектик жана аялзаттык тууралуу түшүнүк эркекте да, аялда да бар. Эркек же аял кайсы зыйнат көңүл бурдурат, кайсы бурдурбастыгын жеңил эле аңдай алат, айрыкча, аял. Анткени, ал кайсыл зыйнат адаттагы же кайсы зыйнат эркектердин көңүлүн бура тургандыгын жакшы билет.
Ал эми, авратты ачыкка чыгарбаган мубах эмес жасалга зыйнатка келсек. Авратын ачпай турган уруксатсыз жасалга б.а. аял кызыл ашыгына браслет тагуусу. Билегине билерик тагуусу, кызыл ашыгы менен билеги жабык болуп, аял бутун же колун кыймылдатканда айланасындагы эркек анын бутунда же билегинде зыйнат жасалгасы бар экендигин биле турган болсо, бул табаруж өкүмүнө кирет. Бул харам болот. Анын кызыл ашыгы же билеги жабык болсо дагы, анын ичиндеги зыйнат жасалга билинип калгандыгы үчүн.
6. Ушундан кийин мен суроолоруңуздун чоо-жайынан баштаймын жана сизге жооп беремин:
А. Аялдардын манжаларына шакек тагуу жасалгасына келсек, эгер ал кадимки шакекче болуп көңүлду бурбаса, ал жайиз. Ал эми көңүлдү бура турган, мисалы, ал жанган же үн чыгарган, көңүлдү бөлө турган көлөмдөгү же ушул сыяктуу шакекче тагынса… же жаркыраган бут кийим ж.б.у.с. көңүл бурдура турган нерсе болсо, бул табаруж өкүмүнө кирет.
Жилбабдын сыртына мончок тагынса, ал көңүлдү бурабы, бурбайбы, айырмасыыз, жаиз эмес, анткени жилбабдын түпкү нускасы ички жасалгаларын авратын жабуу болуп саналат. Анткени бул шуру мончок моюн үчүн жасалга болуп саналат. Моюн аврат болот, ал жилбабдын астына жашырылышы керек. Эгер, ал мойнуна шуру тагынгысы келсе, ал жилбабдын астына жашырылышы керек. Каруу менен билекке тагыла турган билерик, эгер билегин же каруусун кыймылдатканда үн чыгарып айланасындагы адамга анын каруусунда же билегинде зыйнаты бар экендигин билгизе турган болсо, бул табаруж өкүмүнө кирет жана жайиз болбойт.
Б. Жилбаб – бул ички жасалгаларды жана ич кийимдерди жаба турган кийим.
Башкача айтканда, ал жасалгалана турган кийим эмес. Ошондуктан анын үстүндөгү жасалгалар жана кооздоолор жаиз эмес.
В. Аял көзүнө сурма койуусу көңүлдү бурдурбайт, анткени ал көздүн ичине койулат. Эгер, ал кирпигине же көзүнүн үстүнөн бир өңдөр менен койо турган болсо, ошондо көңүлдү бура турган болот…
Г. Ошондой эле, эгерде ал бетиндеги терини тазалап, андагы тактарды кетирсе, же бетиндеги безеткилерди кетирсе, бети мурункудан сулуу көрүнүп, бирок кадимки жүздү калыбына келтирсе ал көңүл бурбайт. Бирок, ал бетин ачык түстөгү боёктор менен жасаса, ал көңүлдү бурат. Албетте, аял жашаган аймактын көңүлдү бурдурууда ролу бар, мисалы айылда же шаарда жашоосу… Бул жерде маанилүүсү, ошол аймакта адаттан тыш кооз жасалгалар менен жасанып көңүлдү бурдурбоо болуп саналат. Ушундай зыйнаттануу табаруж өкүмүнө кирет». Мурунку суроо-жооптогу цитата бүттү.
Жыйынтыктап айтканда, адатта аял кайсы зыйнат эркектин көңүлүн бурат же бурбастыгын жакшы билет. Башкача айтканда, кандай жасалгалар көңүл бурдура турган жасалгалар менен көңүл бурдурбай турган жасалганы билиши кыйын эмес. Аялдар муну сезимдери менен билишет… жана бардыгы үчүн. Таква мусулман аял харамдан эле баш тартпастан, балким баардык күмөндүү нерселерден сактанат. Айрым сахаба аялдар мубах болгон кээ бир нерселерден да өздөрүн алыс кармашкан. Пайгамбар  айтты:
«لَا يَبْلُغُ العَبْدُ أَنْ يَكُونَ مِنَ المُتَّقِينَ حَتَّى يَدَعَ مَا لَا بَأْسَ بِهِ حَذَراً لِمَا بِهِ البَأْسُ»
«Пенде күмөндүү болгон нерсени таштамайын таквалардан боло албайт». (Тирмизи риваяты, хасан хадис).
Ушуну жетиштүү деп ойлоймун, Аллах билүүчү жана өкүмдар.
Боордошуңар Ато ибн Халил Абу Рошта
30-шаввал, 1441-х.
21-июнь, 2020-ж.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here