Евробиримдик Өзбекстандын агрардык секторуна 11 миллион евро бөлдү

214
0

Евробиримдик Өзбекстандын агрардык секторуна 11 миллион евро бөлдү

Европа союзу айыл чарба тармагында, айрыкча агрардык сектордо азык-түлүк өндүрүүнү өркүндөтүү үчүн Өзбекстанга 11 миллион евро каражат бөлдү. Бул тууралуу Евробиримдиктин Өзбекстандагы өкүлчүлүгү кабарлады.

Бул 2020-жылдын 1-чейрегинен бери бөлүнгөн үчүнчү каржылык жардам болуп эсептелет. Ушуну менен Евробиримдик берген гранттын көлөмү 32 миллион еврого жетти.

“Айыл чарба, азык-түлүк жана токуучулук сыяктуу тармактарда жумуш менен камсыздоо мүмкүнчүлүгү жогору. Бул нерсе жумуш орундарын жаратуу менен бир катарда, кыз-келиндер жана жаштарга акча табуу үчүн туруктуу мүмкүнчүлүктөрдү пайда кылуу жагынан эле эмес, азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо о.э. жоопкерчиликти сезе турган азык-түлүк түзүмүн пайда кылуу жагынан да маанилүү. Евробиримдик ар дайымкыдай эле климаттын өзгөрүшүн эсепке алып, жашыл жана туруктуу айыл чарба секторун өнүктүрүү багытындагы реформаларды колдоого умтулууда”, – деди Евробиримдиктин Өзбекстандагы өкүлү Шарлотт Адриан айым.

Комментарий: 2020-жылдын март айында Өзбекстан өкмөтү менен Европа Союзунун ортосунда айыл чарбасына бюджеттен колдоо көрсөтүү жана кошумча жардам берүү максатында Өзбекстанга 40 миллион евро өлчөмүндө каражат бөлүү боюнча келишим түзүлгөн. Ал келишимде “2020-2030-жылдарга болжолдонгон жаңы мамлекеттик стратегияны ишке ашырууга көмөктөшүү, фермерлер жана агробизнес ишканаларына жардам берүү үчүн мамлекеттик кызматтарды өркүндөтүү үчүн жардам берилиши” айтылган. Евробиримдик ошол келишимдин алкагында бүгүнкү күнгө чейин 32 миллион евро грант бөлдү.

 Жетекчи же өнүккөн мамлекеттер “өнүгүп келе жаткан” мамлекеттерге берип жаткан карыз же гранттарга көңүл бурган болсоңуз, ал карыз жана гранттар негизинен айыл чарба тармагына, көрктөндүрүү иштерине, маданият тармагына же ирригациялык тармактарды кеңейтүү жана оңдоп-түзөө иштерине берилген болот. Бул тармактар канча каражат жумшасаң деле өзүн-өзү актабай турган тармактар болуп эсептелет. Тескерисинче, ал каражаттар мамлекеттерди карызга батырууга о.э. карыз же жардам берген мамлекетке көз каранды кылууга гана кызмат кылат. 

 Негизи мамлекеттин экономикалык өнүгүүсү бир гана жол менен т.а. оор өнөржайды өнүктүрүү аркылуу гана ишке ашат. Башкача айтканда, мамлекеттин экономикалык өнүгүүсү – ички ресурстардан өз кызыкчылыгы жолунда туура пайдаланышынан көз каранды. Бул болсо, ички сырьёну кайрадан иштетүү үчүн мамлекет оор өнөржайды өнүктүрүшүн талап кылат. А бирок, оор өнөржайды курал жана станок чыгаруучу жетекчи, өнүккөн мамлекеттер монополия кылып алышкан. О.э. эл аралык мыйзамдар аркылуу “өнүгүп келе жаткан” жана “үчүнчү дүйнө” мамлекеттери оор өнөржайын өнүктүрүшүнө тыюу салынган.

БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу мүчөлөрү – АКШ, Кытай, Россия, Улуу Британия жана Франция сыяктуу мамлекеттер оор өнөржайдын курал чыгаруу тармагын көзөмөлгө алышкан болсо, Япония, Канада… сыяктуу өнүккөн мамлекеттерге станок чыгаруу, машина куруу, кеме куруу … сыяктуу тармактарды өнүктүрүүгө уруксат берилген. “Үчүнчү дүйнө” мамлекеттерине болсо агрардык тармак жана жеңил өнөржай менен гана алек болуу “укугу” берилген. Алар ал тургай ушул тармактарда керектелүүчү техника жана жабдыктарды да ошол монополист мамлекеттерден алууга мажбур болушат. Ал тургай, өз жерлеринде жайгашкан кен байлыктарын казып алуу колунан келбей, ал кендерди “чет элдик инвесторлорго” ит бекерге карматып жиберишет. Кийинчерээк ал кендерди, ал тургай соттошуп болсо да кайтарып ала алышпайт…

 Мусулмандар дагы кайрадан мурункудай азиздигине кайтууну, кийинки урпактарга чейин кала турган карыз балээсинен кутулууну, өз байлыктарына өздөрү ээлик кылууну, оор жана жеңил өнөржайга ээ болуу менен экономикалык өнүгүүгө жетишүүнү кааласа – анда үстүбүздө өкүм жүргүзүп жаткан, байлыктарыбызга ач кенедей жабышып алган колонизатор капиталисттик түзүмдү оодарып салышы керек. Мусулмандар качан гана өз акыйдасынан келип чыккан түзүмдү жашоого колдонмоюнча кордуктан кутула алышпайт. Ал түзүмдү жашоодо колдонуу тарыйкаты –Халифалык мамлекетин тикелөө. Халифалык мамлекети гана колонизатор мамлекеттер тарабынан башка калктар жана мамлекеттерди эзүү үчүн иштелип чыккан эл аралык мыйзам-эрежелерди жок кылып, мусулмандар эле эмес, бардык адамзатка кадыржам жана бейпил жашоону камсыздап берет.

Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here