Депутат донорлордон алынган каражаттар боюнча маалымат алууну сунуштады

240
0

Депутат донорлордон алынган каражаттар боюнча маалымат алууну сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева Кыргызстанда былтыр коронавирус илдети күчөп турган маалда эл аралык донорлордон алынган каражат боюнча парламентте маалымат угуу сунушун берди. Бул тууралуу ал 27-майда парламентте айтты.

“Биз былтыр пандемияда насыя, грант катары көп суммадагы каражат алганбыз. Ал акчага “Тез жардам” автоунааларын алууга сынак кандай өткөн, баасы канча жана акча иштиктүү пайдаландыбы жалпы жыйында угуп коёлу”, – деди Алтыбаева.

Экономика жана финансы министринин орун басары Султан Ахматов 25-майда Кыргызстан 2020-жылы коронавирустун кесепетине каршы күрөшүүгө жана бюджетти колдоо максатында эл аралык донорлордон 374 миллион 900 миң доллар алганын билдирген. Алынган насыя, гранттардын 257 миллион 700 миң доллары бюджетти колдоого, саламаттык сактоо тармагына 68 миллион 300 миң сом, экономиканы колдоого 48 миллион 800 миң сом бөлүнгөн.

Буга чейин мурунку вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева пандемия учурунда коргоочу каражаттардын таратылганы тууралуу маалыматтар штабда башка, министрликте башка, ооруканаларда таптакыр башка болуп чыкканын билдирген. Ал пандемиядан бизнес жасоого аракеттенгендер болгонун да белгилеген.

Кыргызстан эл аралык каржы уюмдарынан алган каражаттардын бир бөлүгүн аткаминерлер сол чөнтөккө солоп кеткен. Муну бир катар иликтөөлөр аныктап чыккан. Маселен, 1,5 сомдук кыска бахиланын ордуна 150 сомдук кончу узун бахилалар алынган. Тез жардам унаалары болсо өз баасынан кымбат абалда сатып алынып, Саламаттык сактоо министрлиги мамлекетке 18 млн сомдон ашуун зыян келтирген. Ал эми, карыз берген эл аралык каржы уюмдары бул акчаларды өз шарттары менен берери талашсыз. Маселен, Дүйнөлүк банк тарабынан алынган каражаттар электр энергиясынын тарифин кымбаттатуу шарты менен берилгени ачыкка чыкты.

Жыйынтыктап айтканда, капитализмдин табиятына ылайык, капиталисттер оорудан да акча иштеп калуунун үстүндө баш катырышты. Айрыкча, дүйнөдөгү экинчи кирешелүү тармак катары саналган фармацевтика компаниялары дүйнөнү киреше майданы кылып алды. Алар коркууга түшүп калган калктарга вакцина жана башка дары дармектерди өткөрүү менен өздөрүнүн кирешелерин эселеп өстүрүп, жаңы миллиардерлерге айланышты. Алардын пайдасынан жергиликтүү фарм компаниялар да үлүш алып калууга ашыгууда. Кыргыз бийлиги болсо ушул капиталисттердин куралына айланып, элине кыянаттык менен дары-дармектерди сыноодон өткөрүүдөн да кайра тартпай жатат.

Демек, биз мусулмандар эл аралык уюмдардын, аларды колдонуп жаткан колонизатор капиталисттердин жана алардын кызыкчылыгы жолунда кызмат кылган бийликтин иш-аракеттерине сактык менен мамиле кылышыбыз шарт. Муну менен катар өз Исламыбызга жүздөнүп, анын өкүмдөрүн турмушка ашырууга шашылалы. Анткени, Исламдын Саламаттыкты сактоо тармагы пайданы эмес, ооруну дабалоону максат кылгандыктан, ар кандай пандемия же жугуштуу ооруларга каршы ийгиликтүү күрөшүп келген. Демек, биз үммөттү жана адамзатты бүгүнкү күндүн балээлеринен Ислам мабдасын толугу менен жашоого алып келүү аркылуу гана азат кыла алабыз!

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here