Мароккодогу саткын малай режим Байтул Макдис маселесиндеги аракеттери жалган экенин ачыктоодо

183
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Мароккодогу саткын малай режим Байтул Макдис маселесиндеги аракеттери жалган экенин ачыктоодо

Марокконун тышкы иштер министри Насир Бурита яхудий вужуду менен кызматташуу үчүн зарыл болгон бардык каражаттар даяр экенин, бул үчүн расмий эрк бар экенин баса белгиледи. Насир Бурита бул сөздөрдү Марокконун алгачкы ирет AIPAC уюмунун конференциясында катышуусунун алдында айтты. Ал: «Биз яхудийлердин алдындагы өз милдетибизди аткарабыз, себеби, бул токтомду (мамилелерди нормалдаштыруу токтомун) ишеним менен кабыл алганбыз, жакында эки тараптуу кызматташтыгыбызды өнүктүрүү үчүн Аксага барабыз», – деп кошумчалады.

Түшүндүрмө катары Хизб-ут-Тахрирдин мубарек Фалестин жериндеги маалымат бөлүмү ушуларды баса белгиледи:

«Каракчы яхудийлер Акса мечитине бастырып кирип, коопсуздук күчтөрү Шайх Жаррах районунун калкына чабуул кылып жатканда Марокконун жогорку даражадагы делегациясы яхудийлердин AIPAC уюмуна расмий сапар кылып, баскынчы яхудийлерден кызматташууну өнүктүрүүнү суранып жатат. Өз королун «Куддус комиссиясынын төрагасы» деп атаган бул кылмышкер режимдин ушул кылмышы, шек-күмөнсүз, анын мунафыктыгынын бетин ачууда. Ачык-айкын көрүнүп тургандай, Куддус жана анын маселеси алардын күн тартибинде жок, Куддус эли аларды да, башка режимдерди да кызыктырбайт. Бул режимдердин баары Куддустун колдоочулары экенин айтышат. Бирок, бул, алар өздөрүнүн жийиркеничтүү жүздөрүн чырайлуу кылып көрсөтүү үчүн мунафыктык сөздөрү гана. Алардын колунан Куддус жана Фалестинанын ар бир сөөм жерин азат кылууну чыдамсыздык менен күтүп жаткан өз элин бастыруудан башка иш келбейт.

Шек-күмөнсүз, Фалестин калкына нусрат берүү даңкына Куддусту кресттүүлөрдөн азат кылуу үчүн өлкөлөрдү бириктирген жана мусулман кошуунуна командачылык кылган Салахиддин Айюбий сыяктуу бир мусулман командачыдан башкасы татыктуу болбойт. Колонизатор мамлекеттердин босогосуна чечим сурап баш урган о.э. яхудий уюмдар менен кызматташууга ынтызар болгон акимдер мындай даңкка эч качан татыктуу болбойт.

 Роя гезити, №338, 2021-жыл, 12-май.

 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here