Акса мечити исламий армияларга жалбарып, нусрат берүүнү жана азат кылууну суроодо

211
0

Басма сөз баянаты

Акса мечити исламий армияларга жалбарып, нусрат берүүнү жана азат кылууну суроодо

Мубарек Рамазан айынын жыйырма сегизинчи күнү залим баскынчы яхудий күчтөрү Акса мечитине бастырып кирип, намазкөйлөргө чабуул кылды. Алардын максаты – мечитте иътикафта отурган мусулмандарды чыгарып, яхудийлердин «куддус күнү» деп аталган майрамын өткөрүү жана талмудий ырасымдарын аткарып, мечиттин аянтын булгоо болгон. Баскынчылар Аксадагы мусулмандарга үн чыгарган жана газ гранаталарды о.э. резина окторду жаадырышты… Аксада намаз окуп жаткандарды курчоого алып, аянтты бошотуу үчүн адамдарды кууп ур-токмокко алышты. Акыбетте алардын 200дөн ашыгы жараат алышты. Ошол эле учурда, яхудийлер Аксанын батыш дарбазасынан кирип, анын аянтын ээлөөгө урунууда.

Бул кылмыштар түз эфирлерге кеңири көрсөтүлүп, бүткүл дүйнө угуп-көрүп турат. Негизи, мусулман өлкөлөрүнүн акимдери да, өздөрүн ыйык жайлардын колдоочулары деп жаткандар да, мусулман армиялары да, баары-баары көрүп-угуп унчукпай турушат. Алар эки кибланын биринчиси жана Расулуллахтын Исра жери болгон Акса мечитине жардам беришкен жок. Кылмышкер акимдер Коопсуздук Кеңеши сыяктуу колонизаторлордун уясына же Араб Мамлекеттеринин Лигасы сыяктуу саткындардын уюмуна кайрылып, кыянат чакырык менен гана чектелишүүдө!

Фалестин калкын эл аралык коргоого алууга чакыруу – өтө-өтө жаман саткындык. Себеби, бул нерсе яхудий вужудун бекемдөөнү, ал жердеги баскынчылыкты эл аралык баскынчылыкка айлантууну түшүндүрөт. Исламга каршы күрөшкөн жана душман эл аралык коомчулукка жана эл аралык мекемелерге кайрылуу, ал эми, Фалестинди азат кылууга кудуреттүү мусулман армияларына кайрылбоо – түшүндүргүс саткындык жана адаштыруу. Мусулман өлкөлөрүндөгү саткындар тобу жана Фалестин жетекчилиги Араб Мамлекеттеринин Лигасынын жыйынын өткөрүүгө чакырып жатышканы – бул алардын Фалестин маселесин туура багытынан буруп, жок кылууга каратылган кезектеги тил бириктирүлөрү.

Фалестин маселесин Исламга жана Исламий Умматка кайтарууга о.э. Умматты жана Умматтын армиясын яхудий вужудун түп тамыры менен кулатууга аракет кылууга чакыруу Фалестинди азат кылууга багытталган чыныгы чакырык болуп эсептелет. Аллахка, Анын Расулуна жана момундарга кыянаттык кылган акимдер тобу гана армияларды Аллахтын жолунда жихад кылуудан жана бул мубарек жүрүштөн тосушууда. Ушул себептен улам, бул саткын малайлар тобун кулатууга, артынан мубарек жерди азат кылууга жана баскынчы яхудийлерден тазалоого Уммат армияларын такбирлер астында тезинен аракетке келүүгө чакыруу лазым, мына ушул чакырык Акса мечитин азат кылууга болгон чыныгы чакырык болуп саналат. Ошондуктан, биз кайрылуубузду Иордания, Түркия, Мисир, Судан, Алжир, Индонезия, Пакистан, Хижаз жана башка мусулман өлкөлөрүндөгү армия сабындагы ага-инилерибизге жолдойбуз:

Аксага нусрат берүү жана Куддус шарифти азат кылуу үчүн козголгула…

Эй мусулман офицерлер, яхудий вужудун түп тамыры менен кулатып, Расулуллах ﷺдын Исра жерин азат кылууга козголгула.

﴿يَاأَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا مَا لَكُمْ إِذَا قِيلَ لَكُمْ انْفِرُوا فِي سَبِيلِ اللَّهِ اثَّاقَلْتُمْ إِلَى الْأَرْضِ أَرَضِيتُمْ بِالْحَيَاةِ الدُّنْيَا مِنْ الْآخِرَةِ فَمَا مَتَاعُ الْحَيَاةِ الدُّنْيَا فِي الْآخِرَةِ إلاَّ قَلِيلٌ﴾

«Эй момундар, силерге эмне болду, Аллах жолунда чыккыла делсе өз жериңерге  жабышып алдыңар?! Акыреттен жүз үйрүп, бул дүйнө тирүүлүгүнө ыраазы болосуңарбы?! Акырет алдында бул дүнүйө матасы абдан аз нерсе го?!»                                         [9:38]

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here