Мамлекеттик мүлктөр менчикке берилет

209
0

Мамлекеттик мүлктөр менчикке берилет

Экономика жана финансы министрлиги мамлекеттик активдерди башкаруу боюнча реформалардын негизги багыттарын белгиледи. Ага ылайык, натыйжасыз иштеп жаткан стратегиялык эмес ишканалар жоюлат же менчиктештирилет. Ошондой эле мамлекеттик активдер жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүлөт. Мамлекеттик ишканалар консолидациялоо жана акционерлештирүү жолу менен кайра түзүлөт. Мамлекеттин үлүшү менен иштеп жаткан ишкердик субъектилердин акциялары жана пакеттери менчикке өтөт.

Буга чейин президент Садыр Жапаров Конституциянын жаңы редакциясына кол коюу аземинде менчиктештирүүгө байланыштуу кайрылуу жасаган.

Белгилүү болгондой, үстүбүздө өкүмдарлык кылып жаткан капиталисттик түзүм жеке адамдарга, тагыраагы, капиталисттерге таянат, Мындан улам, капиталисттик мамлекеттеги мыйзамдар аларга шарт түзүүгө багытталат.

Учурда Кыргызстандын экономикалык абалы оор абалга кептелип, колонизатор мамлекеттердин уу тырмактары болгон эл аралык каржы уюмдарынан карыз алууга мажбур абалда. Ал эми аталган уюмдар карыздарды капиталисттик түзүмдүн жайылышына шарт түзгөн өлкөлөргө гана берүүнү талап кылат. Башкача айтканда, жогорудагыдай мамлекеттик мүлктөр банкрот жарыяланып, «Кыргызгаз» ишканасы сыяктуу 1 долларга сатыла тургандай абал жаратылып, менчиктештирилиши шарт. Натыйжада, ансыз да каржалып турган калк үчүн тарифтер кымбаттап, капиталисттердин эркин кулдарына айланат.

Түпкүлүгүндө, Аллах адамдардын табиятына ылайык мыйзамдарды, анын ичинде экономикалык мамилелерди тартипке салган шарий өкүмдөрдү баяндаган. Ислам шариятына ылайык, мүлк үч түрдүү болот:

Мамлекеттик мүлккө – сарп кылынышы халифанын райы жана ижтихадына байланыштуу болгон салык, жизя, хираж сыяктуу ар кандай мал-мүлктөр кирет.

Жалпы элдик мүлк – суу, жайлоо, жол, дарыя, деңиз, ири кендер, мечиттер, медреселер ж.б. Элдик мүлктөн жана анын кирешелеринен бардык жарандар пайдаланат.

Жеке менчик мүлккө – кийим тигүүчү цех же фабрика  сыяктуу жеке адамдарга тиешелүү товар өндүргөн ишканалар, унаалар, үйлөр ж.б. кирет.

Жыйынтыктап айтканда, Исламдагы экономика экономикалык тең салмактуулукту сактоого багытталат. Коомдо байлыктын бир ууч адамдар колунда топтолуп калышынын алды алынат. Эгер байлык бир ууч адамдардын колуна топтолуп калса, анда мамлекет алардын байлыгы адамдар арасында ылайыктуу шартта айланышына мажбурлоочу иш-чараларды кылат. Мисалы, ун өндүрүшү тармагында бир адамдын иши илгерилеп, ага атаандаш жок болуп калса жана адамдар анын ырайымына тигиле турган болуп калышса, андай абалда мамлекет дароо өзү мамлекеттик ун өндүрүүнү күчөтүп, адамдарды ылайыктуу баада ун менен камсыздоого киришет. (Ушул эле учурда, мында адамдар жумуш менен да камсыздалып, башкаларга көз карандылыктан алыс болот).

Дыйканчылык үчүн мамлекет өз мүлкүнөн мухтаждарга жерлер ажыратып берип, аларды иштетүүгө каражаттар бөлөт. Мамлекет байлар акчаны казына (канз) кылып топтоп алышына тыюу салат. Ошондуктан, байлык базардан чыгып кетпестен, адамдар арасында экономикалык артерияда айланып турат. Мына ушул шаръий өкүмдөрдүн аткарылышы менен, ушундай көрүнүштө коомдо экономикалык тең салмактуулук сакталат.

Ал эми бул шарий өкүмдөр демократияга негизделген эмес, тескерисинче, Алланы ыраазы кыла турган Исламий мамлекеттин башкаруусу астында ишке ашат.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here