Каралап коюу менен эч нерсе чечилбейт

293
0

Каралап коюу менен эч нерсе чечилбейт

Жыл сайын Рамазан айында болуп келгендей эле, быйыл да баскынчы яхудийлер мусулмандарды Масжид ал-Аксада ибадат кылуудан тосуу үчүн жийиркеничтүү кылмыштарды ишке ашырышты. Кечээ күнү куралдуу яхудий аскерлери Масжид ал-Аксага чабуул кылып, ифтарлык кылып жаткан мусулмандардын тамактарын төгүп ташташты жана тарових намазын окууга уруксат беришпеди. Көздөн жаш агызуучу газ, катуу үн чыгаруучу бомба жана резина октор менен болгон чабуулда жүздөгөн мусулмандар жараат алып, бир тобу камакка алынды. Чабуулдар азыркы убакта да уланып жатат. Акыркы кабарларда келишинче, яхудийлер тарових намазы учурунда мусулмандарга канализациянын суусун чачышкан.

Баскынчы яхудийлер бул кылмыштарын дүйнө жүзүнүн көз алдында ишке ашырып жатышына карабастан, көптөгөн Исламий өлкөлөрдүн башчылары сүкүт сактап турушат. Кээ бирлери болсо адаттагыдай эле сындап-каралоосун кайталашты. Алардын бүгүнкү сындаган билдирүүлөрү менен мурункуларынын бирден-бир айырмасы, алар бул жолкусунда “катуураак” каралоого батынышты. О.э. мурункусунда президент гана каралаган болсо, мунусунда тышкы иштер министри, президенттин жардамчысы, байланыш министри, президенттин маалымат катчысы, оппозициялык партиялардын жетекчилери жана саясатчылар биргеликте каралап чыгышты. Булардын каралап коюу менен чектелиши – баскынчы яхуд вужудун ого бетер күчөтүүдөн башка – эч кандай натыйжа бербеди. Башкача айтканда, кол астындагы күчтүү кошуундары менен мактануучу исламий өлкөлөрдүн башчылары каралоо менен чектелиши яхудийлердин кайратын ого бетер күчөтүүдө.

Негизи бул акимдердин өздөрү катуу каралоого жана каралоодон кийин бийликтен кулатууга татыктуу акимдер болуп эсептелишет. Себеби, бул жетекчилер 75 жылдан бери ал Аксага чабуул кылып, муслима аялдар менен жаш балдарды өлтүргөн баскынчы яхудий зулумун каралоодон ары өтө алышпады, негизи оозеки каралоо баскынчы яхудийлерге кыпындай  да таасир этпестигин өздөрү да жакшы билишет.

Эгер булардын айткандары чын болсо эмне үчүн яхудийлер менен түзүлгөн бардык кыянатчыл келишимдерди жокко чыгарышпайт? Эмне үчүн ортодогу бардык мамилелер токтотулуп, аларды акылына келтирип коюу үчүн армиясын аттандырышпайт, же болбосо, жок эле дегенде санкцияларды киргизишпейт? Эмне үчүн яхудий элчилери менен разведка бөлүмдөрүн өлкөдөн чыгарып жиберишпейт?

Кээде эрдик көрсөтүп, “эми анык кадамдарга баруунун убагы келди” деп айтуу менен мусулман армиясын (Израилге) жихад кылуу үчүн аттандыра тургандай болуп көрүнүшөт. А бирок, кылган иштери яхудий вужуду үстүнөн эл аралык уюмдарга арыздануу болот. Эсиңерде болсун, Куддус маселеси эл аралык саясат тизгинин кармап турган ири мамлекеттерге же ошо ири мамлекеттер түзгөн БУУ сыяктуу эл аралык уюмдарга арыздануу менен чечилбейт. Себеби, проблеманын булагы дал ошордун өзүндө.

Палестина проблемасынын негизги чечими – ири мамлекеттер кааласа да, каалабаса да – яхудий вужудун мубарак Акса жеринен биротоло кууп чыгууда. Бул ишти болсо Халифалык мамлекети гана ишке ашыра алат. Ошондуктан эй Мусулман боордоштор, эгер яхудийлер зулуму астында кордолуп жаткан Палестинадагы мусулмандарга, Кытай лагерлеринде эзилип жаткан Чыгыш Түркстандагы мусулмандарга, Америка бомбалары астында калып, курман болуп жаткан Афганистандагы мусулмандарга о.э. Сирия, Аракан, Борбордук Африка, Кашмир, Шри-Ланка жана башка жерлерде куфр зулумунан онтоп жаткан мусулмандарга жардам бермекчи болсоңуздар, анда Халифалык мамлекетин тикелөө үчүн аракет кылыңыздар. Анткени Аллахтын шариятын колдонуучу Халифалык мамлекети гана – Аллахтын уруксаты менен – бүтүндөй зулумдарга чек коё алат.

Киямуддин Шариф

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here