Россия Тажикстандагы аскер базасын күчтөндүрөт
Россиянын президенти Владимир Путин 8-майда Тажикстан президенти Эмомали Рахман менен менен жолугушуу учурунда Россия Тажикстандагы аскер базасын күчөтүү жана бекемдөөнүн үстүндө иш алып барып жатканын билдирди.
О.э. Россия “Тажикстан армиясы кубаттуу болушуна да көмөктөшүү” ниетинде экенин баса белгиледи.
Өз кезегинде, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон АКШ Афганистандан аскерлерин алып чыгып кеткенден кийинки абалдан тынчсызданып жатканын билдирди.
Маалымат катары айта кетсек, Россиянын Тажикстандагы үч аскер базасына 201-дивизиянын 7 миңден ашуун аскери жайгашкан. Тажикстанда жайгашкан 201-аскер базасы Россиянын өз аймагынан тышкары жайгашкан эң ири аскерий объект болуп саналат.
Комментарий: Россия көптөгөн жылдардан бери Афганистандагы туруксуздукту жана Талибан “коркунучун” шылтоолоп, Орто Азиядагы аскерий аралашуусун күчөтүүгө умтулуп келет. Себеби, бүгүнкү күндө Россия таянышы мүмкүн болгон жападан-жалгыз күч – бул аскерий кубат гана болуп калды. Негизи, АКШ Афганистанга бастырып киргенге чейин, өлкөнү толук көзөмөлдөгөн Талибан кыймылы бир жолу да кошуна мамлекеттерге “коркунуч” туудурган эмес, кошуна мамлекеттер менен чек араны бузуп өтүүгө бир жолу да аракет кылган эмес. Региондогу президенттер муну билип турушса да, Россияны региондогу “тынчтыктын кепилдиги” катары кабыл алышып, ага аскерий база үчүн жер бөлүп беришти. Өз кезегинде, Россия ал базаларды күчөтүү шылтоосу менен регионго аскерий жактан толук орношуп алды.
Орус өкмөтү акыркы он жылдыкта Тажикстандагы аскерий базасын күчөтүп келди. “Коммерсант” басылмасы 2015-жылы РФ Башкы штабындагы булагына таянуу менен, Россия жакынкы жылдарда Тажикстанга 70 миллиард рубль (1 миллиард 230 миллион долларга жакын) өлчөмүндө аскерий-техникалык жардам берерин кабарлаган. Тажикстан жардамдын алкагында, ОДКБ линиясы боюнча байланыш каражаттары, ок атуучу куралдар жана ок дарылардан баштап, авиация, артиллерия жана зениттик-ракета комплекстерине чейин, ар түрдүү курал-жарактарга ээ болгон.
2017-жылы Россия Тажикстан Куралдуу күчтөрүнө ок атуучу машина, артиллерия, бронетехника БТР-80, БМП-2, Т-72 танктарын, Ми-8 жана Ми-24 үлгүсүндөгү вертолётторду берди. Мындан тышкары, Россиянын аба чабуулунан коргоо комплекси, медициналык жана топографиялык милдеттерди аткаруу үчүн болжолдонгон техникалар да жөнөтүлдү.
2019-жылы Россия Тажикстан куралдуу күчтөрүнө кайтарымсыз негизде жалпы баасы 320 млн рубл болгон (5 млн доллар) аскерий техника жана курал-жарактарды берди. А бирок, бул куралдардын бири да “негизги душман” эсептелген Талибанга каршы колдонулбады. Тескерисинче, бул куралдар кошуна мамлекеттер менен чек ара жаңжалдарында колдонулду. Айрыкча, тажик өкмөтүнүн 28-29-30-апрель күндөрү Россиянын уруксаты жана колдоосу астында Кыргызстанга кол салуусу учурунда колдонулду. Орус өкмөтү чек ара жаңжалы артында турганын жашырууга аракет кылып да койбоду. Ошол себептен да, кыргыз өкмөтү тажик тараптан куралдуу жаңжалда жеткирилген зыянды төлөп берүүнү талап кылууга да батына албады.
Тыянактап айтканда, орус өкмөтүнүн аскер базаларын күчөтүшү – бул региондогу аскерий аралашуусун күчөтүү дегени.
Абдурахман Адилов