بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ
Иорданиядагыабалдын оорлошу, анын себептери жана чечими
Устаз Умар Фарук
Соңку күндөрдө адамдар бир катар окуяларга күбө болушту. Окуялар 2021-жылы 4-мартта Иордания режими өз коопсуздугу жана туруктуулугу коркунучка учураганын шылтоо кылышы менен башталды. Мунун артынан режим камакка алуу кампаниясын баштап, билдирүүлөр берди, түрдүү кеп-сөздөрдү таратты. Кийин ортомчулар аралашты жана 2021-жылы 7-апрель күнү падыша Абдуллах II билдирүү таратты. Бул билдирүүсү жазма түрүндө массалык маалымат каражаттарында таркалды. Анда «фитнага бүтүндөй чекит койдук, эр жүрөк Иорданиябызды тынч-туруктуу абалына кайтардык», деди. Окуяларды көңүл коюп, аң-сезимдүү түрдө күзөткөн кишиге Иордания режими – англистер колу менен пайда кылынгандан бери – тынымсыз кризистерден башы чыкпай жатканы сыр эмес. Бул жолку кризис да акыркысы болбойт. Себеби, режим күнүмдүк турмуш, башкаруу, саясат жана экономика кризистеринен кыйналууда. Бул – адамдар, коом жана мамлекеттин турмушун башкарууда Ислам өкүмдөрүн четке сүрүүнүн о.э. колонизатор кафирдин таасирине баш ийүүнүн табигый натыйжасы. Себеби, колонизатор кафир Ислам өлкөлөрүн бөлүп таштаган, Иордания өзүнүн өлкөсүн Шамдан бөлүп алган.
Иордания калкы режимдин башкаруу кризисине дагы да батып, кулатылышы анык экенин билүүдө. Өлкөдө жүз берген акыркы окуялар коомчулукту да, адамдарды да бирдей фикирлөөгө үндөдү. Бирок, өкүнүчтүүсү, алар дагы эле вакиъликти фикирлөөгө орун кылбастан булак кылып алышууда. Акыбетте, өзгөртүү сунуштарын вакиъликтин өзүнөн келип чыгып билдиришүүдө. Мисалы, өкүмдардын өзүн өзгөртүү же башкаруу формасын өзгөртүү же болбосо конституциялык монархияны өзгөртүү туурасындагы сунуштарды айтып жатышканы сыяктуу. Ушул вакиълик алдында токтолуп, Иорданияда, айрыкча, бул коррупциялашкан режим себептүү болуп жаткан окуяларды о.э. күзөтүүчүнүн көзүнөн четте калбай жаткан мындай кыйроонун бул даражага кандай жетип келгенин аң сезимдүү түрдө үйрөнүү керек. Мына ошондо гана себептер жөнүндө сүйлөө жана чечимдерди сунуш кылуу, Иордания калкынын оорусу каерде, анын чечими кандай экенин түшүнүп жетүү мүмкүн болот. Ушул орунда өз-өзүнөн суроо пайда болот, коош, өлкөнү бардык тармакта мынчалык кыйроого алып келген себептер эмне жана анын чечими кандай?
Биринчиден: Бир учурда Иордания калкы, өзгөчө, уруу аксакалдарынан турган кубат ээлери колонизатор кафир Британия үчүн өз бийликтеринен (өкүмдар тандоо укуктарынан) баш тартышкан. Ошондо алар британиялык генерал Жон Баготт Глабдын коркутуу жана опузаларына моюн сунушкан. Акыбетте, ошол убактан баштап Иорданияда өкүмдар тандоо укугуна Британия ээлик кыла баштады. Жасалма мыйзам, конституция жана түзүмдөр аркылуу бийлик кудум Иордания калкынын колунда кылып көрсөтүлдү. РежимБритания колунда болгондуктан көңүлү кадыржам абалда калкка зомбулук жана зулум кылып жатат. Ошондуктан, арыз-муңдарга да, адамдардын зулум-коррупциядан даттанууларына да карабайт. Себеби, Иорданиядагы башкаруу биринчи Британияга, кийин Америкага таянды. Бул колонизатор эки мамлекет өлкөдө өз кызыкчылыктары үстүндө күрөш алып барышууда. Ошондуктан, режим өзүнүн бийликте калышын камсыздап жаткан Батыш кызыкчылыктарын жүзөгө чыгаруудан башканы билбейт. Ушул себептүү ал өлкө калкынын кызыкчылыгы үчүн таптакыр аракет кылбады жана кылбайт да. Себеби, ал бар болуп турушунда да, мыйзамдуулугунда да өлкө калкына таянбайт. Демек, тээбийликти кулатып, чыныгы өкүмдарды бийликке алып келмейинче өлкө калкынын абалы эч качан өзгөрбөйт.
Экинчиден: Башкаруудагы коррупция жана мамлекеттеги жакырлыктын себеби бул мамлекет негизделген идеология т.а. динди турмуштан ажыратуу идеологиясына байланыштуу. Чындыгында, Иордания режими илманийликти өзүнүн саясаты, багыты жана мыйзамдарында таянган негизги идеологиялык пайдубалы кылып алды. Өлкө калкы аны кулатып, Ислам башкаруусун жана бийлигин тикелегенге чейин, бүгүнкү абалдарын эч качан өзгөртө алышпайт.
Үчүнчүдөн: Иордания режими өзүндө бийликти да, армияны да бириктирген. Бул болсо, чектен чыккан бузулукулук. Себеби, күч башка нерсе, бийлик башка нерсе. Күч – бул аткаруучу аппаратболуп, армия жана ага тиешелүү нерселерде көрүнөт. Бийлик болсо, адамдар иштерин башкаруу жана кызыкчылыктарын жүзөгө чыгаруу. Мамлекет режими болсо, күч менен бийликтин ортосун аралаштырды. Себеби, ал күчтөн өз коопсуздугун жана тактыдагы таасирин коргоодо пайдаланууда. Ошондуктан, армияны турмуштун бардык тармагына киргизип таштады, жада калса, армиянын башкы командачысы кудум почталён сыяктуу корлорчо кызмат кыла турган болуп калган. Ички иштер министрлиги менен Саламаттыкты сактоо министрлиги бир генералдын колуна тапшырылган. Ошондуктан, режим армияны да бийликти да бузду. Негизи, күч органы өлкөнү жана жаранды коргоо милдети менен алектенет, бийлик адамдардын иштерин башкарып, кызыкчылыктарын жүзөгө чыгаруу менен алектениши керек. Демек, бул режим Батыш элчиканасынын буйрук жана токтомдорун ишке ашырууга ынтызар болуп жатса, кантип анын башкарууга акылы жетсин?!
Төртүнчүдөн: кээ бирөөлөр өлкөдө өзгөрүүлөрдүн ишке ашышында Батышка ишенишүүдө. Өкүнүчтүүсү, көчөдө нааразычылык-демонстрация уюштуруучулар АКШ, Британия жана башка мамлекеттерден жакшылык үмүт кылышууда. Бул мамлекеттер Иордания калкына өз кризистерин түпкү чечим менен чечүүлөрүнө же саясий кризисти ийгиликтүү чечим менен жоюуларына таштап коюшат, деп ойлошууда. Бирок, мамлекет калкынын мээсинде бир нерсе анык болушу керек: бул мамлекеттердин бирөөсүнөн да жакшылык күтүп болбойт, себеби, балээнин башы ошолордун өзү, алар менен алака кылуу анык өлүм. Өлкөлөрүбүздөгү кризистин жоюлушунун алдын алуу үчүн түрдүү тосук жана кыйынчылыктарды жаратып жаткан да мына ушул мамлекеттер. Алар башаламандыктарды келтирип чыгара турган о.э. өлкө калкынын ортосундагы жараканы чоңойто турган фикирлерди таркатуу үстүндө иштешүүдө.
Ошондуктан, эгер Иордания калкы туура чечимди каалашса, тартып алынган бийликтерин кайтарып алуулары, режимдин бүгүнкү динсиз түзүмдөрүнүн эч бирин калтырбай, түп тамырынан өзгөртүүгө аракет кылуулары зарыл. Бул болсо, мамлекеттеги дастур, мыйзам жана бардык түзүмдөрдү өзгөртүп, ордуна мына ушул конституция, мыйзам жана түзүмдөргө Ислам акыйдасын негиз кылып белгилеген Халифалык түзүмүн тикелөөнү өз ичине алат. Бул үчүн бүткүл Ислам Умматына зарыл болгон нерсе – бир халифаны тандоо. Анткени, Уммат кубанычында да, капалыгында да итаат кылып, Китеп жана сүннөт менен өкүм жүргүзүү шарты менен халифага байъат берилет. Мындай халифага Расулуллах ﷺдын
«خِيَارُ أَئِمَّتِكُمُ الَّذِينَ تُحِبُّونَهُمْ وَيُحِبُّونَكُمْ وَيُصَلُّونَ عَلَيْكُمْ وَتُصَلُّونَ عَلَيْهِمْ»
«Имам-халифаңардын эң жакшылары силер аларды жакшы көрө турган, алар да силерди жакшы көрө турган, алар силерге дуба кыла турган, силер да аларга дуба кыла тургандар», деген сөзүндөгү халифалардын сыфаты туура келет. Халифа Умматтын байлыктарын талап-тоной турган, андан өч ала турган эмес, балким, Расулуллахﷺдын
«وَإِنَّمَا الْإِمَامُ جُنَّةٌ يُقَاتَلُ مِنْ وَرَائِهِ وَيُتَّقَى بِهِ»
«Имам-халифа – анын артында согуш кылына турган жана аны менен коргонула турган калкан», деген хадисине ылайык, Умматты коргой турган калкан болот.
Сөзүбүздүн аягында айта турган нерсе, эң кайгылуусу биздин өлкөбүз чет элдик элчиканалар менен алака кылып, алардын буйруктарын аткарып, жарандарга каршы алар менен тил бириктирип жаткандар үчүн күрөш майданы болуп калууда. Алар Ислам жана анын түзүмүнө душмандык кылып, калктарды кордоодо, байлыктарын талап-тоноодо бар күчтөрүн аябай жатышат. Ал эми, Иордания калкы аларды өзгөртүүгө кудуреттүү. Бул өзгөртүү чыныгы өзгөрүү болушу үчүн бир гана жол бар: батыл илманий мыйзам-түзүмдөрдү күкүм сыяктуу түкүрүп таштап, королдук, конституциялык монархия жана республикалык башкаруу сыяктуу түрдүү башкаруу моделдерин четке кагуу о.э. сахнада куурчактарды ойнотуп жаткан элчиканалар менен алака байланыштарды үзүп таштоо. Бул болсо, Исламды аң-сезимдүү түрдө түшүнүп, аны кабыл кылмайынча жана аны Хизб-ут-Тахрир жетекчилиги астында бийликке алып чыгууга аракет кылмайынча ишке ашпайт. Бул үчүн албетте Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалыкты тикелөө шарт. Анткени, Халифалык гана Исламды колдонот, малайларды жок кылып, тил бириктирүүлөрдү шыпырып таштайт жана өлкө байлыктарын коргоп, яхудий баскынчыларды жок кылат. Демек, ушул иш үчүн аракет кылып жаткандар тарабында болгула.
﴿يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا اسْتَجِيبُوا لِلهِ وَلِلرَّسُولِ إِذَا دَعَاكُمْ لِمَا يُحْيِيكُمْ﴾
«Эй момундар, Аллах жана Анын Расулу силерди түбөлүк жашоо бере турган нерсегедаъват кылганда, аны кабыл алгыла» [8:24]
Роя гезити, №334, 2021-жыл, 14-апрель.