Ислам Үммөтү бир бүтүн Үммөт болушу важиб

288
0

Ислам Үммөтү бир бүтүн Үммөт болушу важиб

Жашоодо айланадагы башка адамдар менен биригип жашоо – бул адамдын табигый сыпаты. Ал эми, адамдар ортосундагы бул биригүү кээде мекенчилдик туйгусу негизинде пайда болсо, кээде улутчулдук туйгусу негизинде пайда болот, кээде болсо мабдаий акыйдалар негизинде пайда болушу мүмкүн. Мекенчилдик же улутчулдук туйгусу негизинде пайда болгон биримдик туйгудан келип чыккандыгы себептүү, туйгу козголгондо бар болуп, туйгу басаңдаган убакта жок болуп кете турган биримдиктер болуп эсептелет. Ошондуктан, мекенчилдик же улутчулдукту биригүү үчүн негиз кылып алуу өтө кооптуу. Ал эми акыйдадан келип чыккан, айрыкча акылга негизделген акыйдадан келип чыккан биримдик бекем болот. Мисалы тарыхтан белгилүү болгондой, чөлдөрдө чачыранды абалда жашаган жана күчтүүсү алсызын кул кылып келген калктардын Ислам акыйдасы негизинде биригиши натыйжасында кудуреттүү, улуу Үммөт пайда болду. Ак түстүү менен кара түстүүнү, араб менен ажамды, күчтүү менен алсызды, кембагал өлкөлөр менен бай өлкөлөрдү бириктирген бул акыйда тарыхта ажайып үлгү калтырды. Ислам Үммөтү ошол биримдик себептүү пикирий, экономикалык жана илимий жактан ийгиликтерге жетишти.

А бирок, акыркы кездерде пикирий төмөндүктү башынан өткөргөн Ислам Үммөтү ар тараптан иттей жулунган куфр мамлекеттеринин чабуулдарына туруштук бере албай калды. Куфр калкы Сайкс-Пико келишими аркылуу Ислам Үммөтүн майда, чачыранды, ал тургай өзүн да коргой албай турган мамлекетчелерге бөлүп таштады. Мурунку биримдиктин изи да калбады. Куфр калкы Исламий Үммөт ортосуна жасалма чек араларды тартып, “аны коргоо мекенчилдик, баатырдык” деген жасалма идеяларды сиңирип келди. Бул болсо, Үммөттүн башына кордук, шерменделик жана мусибаттарды алып келди. Андай мусибаттарга бүгүнкү күндө да күбө болуп жатабыз. Себеби, бул жасалма чек аралар Үммөттү талкалоо жана бири-бирине каршы тукуруу үчүн куфр таяна турган негизги куралдардан болуп эсептелет.

Эгер Үммөт өзүнүн негизги маселеси болгон акыйда негизиндеги биримдикти кайрадан тикелөөнү кааласа, мындай жасалма чек араларды түп-тамыры менен жогото турган Халифалык мамлекетин тикелөөгө аракет кылышы керек. Себеби, Үммөттү бириктирүүчү бирден-бир фактор – бул Халифалык мамлекети. Мына ошондо Аллах Таааланын:

إِنَّ هَذِهِ أُمَّتُكُمْ أُمَّةً وَاحِدَةً وَأَنَا رَبُّكُمْ فَاعْبُدُونِ

– „(Эй инсандар), силердин диниңер чындыгында бир дин. Мен болсо (баарыңардын) Роббиңермин. Демек, Мага гана сыйынгыла“.[21:92] деген аяты жүзөгө чыгат. Ислам Үммөтү бир мамлекетте, бир байрак астында бир бүтүн Үммөткө айланат. Жасалма чек аралар көйгөйү биротоло жоюлат.

Киямуддин Шариф

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here