Сирия козголоңу тышкы күчтөрдүн айла-амал жана тил бириктирүүлөрүнө туш келүүдө
Устаз Ахмад Муаз
Соңку убактарда Сирияда олуттуу саясий аракеттер күзөтүлдү. Сирия ишине аралашып жаткан мамлекеттер козголоңдун онунчу жылдыгында мындай аракеттерди уюштуруу менен бир жылдан бери уланып жаткан жымжырттыкты бузууга урунушту. Табигый болгондой, бул аракет Сирия козголоңуна карата позицияны өзгөртүүдө эч кандай мааниге ээ эмес. Балким, бул чөйрөнү жандантуу о.э. калктын позициясын, козголоң калкынын психологиясы жана маанайын сынап көрүү үчүн маанилүү.
Март айынын баштарында бир нече борбордо бир нечесаясий жолугушуулар башталды. Мисалы, Түркия тышкы иштер министри Катарга барып, катарлык расмийлер менен жолугушту. Жолугушууда Сирия түндүгүнүн азат кылынган жерлерине материалдык жардам берүү туурасында билдирүү берди. Ошол эле убакта, Россиянын тышкы иштер министри Саудия Арабстанына сапар кылып, Сирия режимин колдоп-кубаттоо, андан курчоону алып таштап, аны кайра Араб мамлекеттеринин Лигасына кайтаруу аракеттеринбилдирди. Бул сапар жана жолугушуулардын баарында бир нерсени, саясий чечимге жетишүүнү о.э. БУУнун «Сирия кризиси»нин жалгыз чечими болгон 2254 сандагы токтомун ишке ашырууну өзүнчө баса белгилешти.
Башка тараптан, массалык маалымат каражаттары ишкесалынып, аскерий кеңеш жана Рияз Хижаб жөнүндөгү сөздөр пайда болду. Тогут Башар Асад менен анын аялына коронавирус жукканы жана анын Россияга чыгып кеткендиги туурасындагы сөздөр жайылды. Европанын Шам тогуту жана анын режиминин аркандарын сотко тартууга тиешелүү кызуу аракети көрүндү. Булардын баары региондордогу жашоо шарттар оорлошкон убакта пайда болду. Анткени, бул оор шарт Сирия валютасынын курсунун долларга карата түшүп кетип, астрономиялык сандарды көрсөтүшү, базарларда негизги муктаждыктагы азыктардын азайып кетиши, нан жана дизел майынын баасы кымбатташы, электр энергиясынын кыркылышы, бир нече аймактарда коомдук транспорттун токтоп калышы… акыбетинде пайда болду.
Мамлекеттер Сирия козголоңунун он жылдыгында Сирия калкына каршы тил бириктирүүгө урунуп жатышкан бир убакта, бул урунуулары күчтүү козголоң толкунуна туш келди. Бул козголоңдо көп сандагы калк демонстрацияларга чыгып, режимди кулатуу жөнүндө дагы өз талабын билдиришти. Көрүнүп тургандай, бул талап Шам калкынын жүрөктөрүндө терең тамыр жайган. Козголоң жана анын калкы үлкөн эл аралык айла-амалдан ушунча кыйналып жатканына карабастан, алардан бул талапты сууруп таштоо мүмкүн эмес. Козголоңдун он жылдыгында пайда болгон мындай козголоң рухун көргөн душмандар аны өлтүрүүнү максат кылып, дагы аскерий чечимге кайтууга, дагы кылмыш машинасын ишке салышы үчүн орустарды чакырууга мажбур болушту. Натыйжада, орус жалданма кошууну Батыш Халабдагы Артаб шаарынын ооруканасын бутага алуу менен кандуу кыргын жасады. О.э. орус күчтөрү Ках шаарчасындагы качкындар лагери аймактарын баллистикалык ракеталар менен бомбалады. Мындан тышкары, Түндүк Идлибдеги азат кылынган Бабул Хаваөткөрүү пунктуна да аба чабуулдарын жасады. Мына ушундай бир көрүнүштө режимге караштуу региондор менен азат кылынган региондордун ортосундагы өткөрүү пункттарын ачуу туурасында сөздөр пайда болду жана бул козголоңчулар жана калк тарабынан катуу нааразылык, каршылыктарга туш болду. Булардын баары душман өзүнүн кайра аскерий аракетке жүздөнгөнүнүн негизги себебин т.а. режимди кулатууну көздөгөн козголоңго каршы аскерий аракет баштоого мажбур болгонун жашырууну максат кылганын түшүндүрөт.
Чындыгында, козголоңдун он жылдыгы саясий чөйрөлөр жана эл аралык разведка жүзүнө шапалак ургандай болду. Себеби, алар өлкөдөгү атмосфераны саясий чечимге жана козголоңду бүтүндөй жок кылууга даярдоого урунуп жатышканына карабастан, демонстрацияда өтө көп сандагы калк катышты жана анда реалдуу талап коюлду. Ал тургай, булардан тышкары, душмандар козголоң калкынын арасында тартипсиздиктер келтирип чыгарууга ушунчалык аракет кылышса да, бирок, булардын бирөөсү да эч кандай пайда бербеди. Себеби, адамдардын талаптары алар каалаган багытка кетпеди, балким, алардын ушундай талапты кайра коюшканы козголоң талаптарынын дагы эле бар экенин, бул талаптардын негизгиси режимди кулатуу экенин баса белгилөөдө. Баарын мына ушул негизги талап бириктирип турганы, башка альтернатива жок экендиги көрүнүүдө. Себеби, көп сандагы бул демонстрациялар адамдардын мына ушул талапты бекем кармагандыктарын көрсөтүүдө. Негизи, мамлекеттер козголоң жана анын калкын бүтүндөй жок кылууга убакыт аңдып, аларды эл аралык токтомдорго, негизинен, 2254 сандагы токтомго ыраазы болууга мажбурлашмакчы. Ал эми, козголоң калкы бул токтомдордон кандай максат көздөлгөнүн, көздөлгөн максаттарына таптакыр алып барбашын, тескерисинче, бул токтомдор режимге берилип жаткан ушунча кылмыштары үчүн бир сыйлык экенин түшүнүп жетишти. О.э. бул токтомдор режимди сотко тартууну бекер кылууга, ал тургай, ага бийликте кайрадан катышышы үчүн мүмкүнчүлүк берүүгө каратылган токтомдор экенин түшүнүштү.
Сирия козголоңу ичинде душманга жалданган өкмөт жана топторго туш келишине карабастан, кыйроо алдында турган режимге салыштырганда козголоң жандуу козголоң болуп калууда. Мына ушул нерсе АКШ тышкы иштер министрин «Сириядагы гуманитардык абал», деген нерсени талкуулоо үчүн БУУнун Коопсуздук Кеңешинин сессиясына төрагалык кылууга мажбур кылды. Мындан мурда Брюсселде «Сирия калкын колдоп-кубаттоо», деген конференция уюштурган эле. Туура, бул сессия жана конференцияларда гуманитардык көрүнүш бар. Бирок, түпкүлүгүндө алардан саясий максат көздөлгөн. Буга, бир нече күн мурда «Эл аралык Кызыл Крест» комитетинин президенти Петер Маурер берген билдирүү далил болот. Сирия чыгышындагы Хасака шаарынын акими менен жолугушканда анын комитети Брюссел конференциясынан Сирия курчоосун бекер кылууну талап кылып жатканын маалымдады. Бул болсо, эл аралык уюмдардын тогут Асад жана анын канкор режимин куткаруу үчүн аркан таштап жатышканын түшүндүрөт.
Америка өзүнүн Сириядагы кызыкчылыктары жана таасири үчүн иштеп чыккан саясий чечими аркылуу мамлекеттер, уюмдар жана комитеттерден турган өз каражаттарынын жардамында дагы эле козголоңдун аягын өзү каалагандай жана каалаган көрүнүштө сызууга аракет кылып жатат, муну болуп көрбөгөндөй ылайыкташуу жана тездик менен ишке ашырууга урунуп жатат. Бирок, козголоңго ээ болгон калк базасы күчтүү талап болуп калууда. Негизи, эгер козголоң өзүнө каршы токулуп жаткан тил бириктирүүлөрдү аң-сезимдүү түрдө түшүнүп жетсе, бул калк базасы жеңип өтүү мүмкүн болбогон күчтүү талап болуп кала берет.
Бул мамлекеттер токуп жаткан тил бириктирүүлөргө жооп бирөө, ал да болсо, исламий саясий долбоор. Бул долбоорду болсо, өз калкын алдабай турган жетекчи, Хизб-ут-Тахрир сунуш кылууда. Аны жакында Шам калкы үчүн «Шам козголоңунун вакиъсин үйрөнүү: дартын аныктоо жана дабааны белгилөө», деген басма сөз баянатында үчүнчү саясий документти басып чыкты. Билдирүүдө эл аралык системанын максаттарын о.э. Сирия козголоңуна каршы ушул система тарабынан колдонулуп жаткан саясий чечим т.а. конституция, өткөөл өкмөт башкаруу органы, жасалма шайлоолор жана канкор режимди боёктор менен кооз кылып көрсөтүү сыяктуу ыкмаларын баян кылды. Эгерде иш өз ээсине тапшырылбаса, режим да, анын кылмышкер коопсуздук жана аскерий мекемелери жана алардын башындагы америкачыл малайлар да таптакыр өзгөрбөй кала берет.
Роя гезити, №334, 2021-жыл, 14-апрель.