Мубарак Рамазан айы келди, анын урматын ордуна койгула

220
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Мубарак Рамазан айы келди, анын урматын ордуна койгула

Аллах Таала мубарек Рамазан айын өзгөчө фазилаттуу кылды. Анын көп фазилаттарынын бири:

Абу Хурайра разияллаху анху Расулуллах ﷺдын мындай дегенин риваят кылат:

«الصَّلَوَاتُ الْخَمْسُ، وَالْجُمْعَةُ إِلَى الْجُمْعَةِ، وَرَمَضَانُ إِلَى رَمَضَانَ، مُكَفِّرَاتٌ مَا بَيْنَهُنَّ إِذَا اجْتَنَبَ الْكَبَائِرَ»

«Беш убакыт намаз (аралары), жума кийинки жумага чейин, Рамазан кийинки Рамазанга чейин – эгер чоң күнөөлөрдөн четтелсе – күнөөлөргө каффарат». (Муслим жана Ахмад риваяты. Бухарий да «Тарихи Кабир»де риваят кылган).

Абу Хурайра разияллаху анху Расулуллах ﷺдын мындай дегенин риваят кылат:

«رَغِمَ أَنْفُ رَجُلٍ ذُكِرْتُ عِنْدَهُ فَلَمْ يُصَلِّ عَلَيَّ، وَرَغِمَ أَنْفُ رَجُلٍ دَخَلَ عَلَيْهِ رَمَضَانُ فَانْسَلَخَ قَبْلَ أَنْ يُغْفَرَ لَهُ، وَرَغِمَ أَنْفُ رَجُلٍ أَدْرَكَ عِنْدَهُ أَبَوَاهُ الْكِبَرَ فَلَمْ يُدْخِلَاهُ الْجَنَّةَ – قَالَ رِبْعِيٌّ: وَلَا أَعْلَمُهُ إِلَّا قَدْ قَالَ: أَوْ أَحَدُهُمَا»

«Мен зикр кылынганда, мага салават айтпаган кимсенин мурду жерге сүрүлсүн. Рамазан келип кетсе, андан күнөөлөрү кечирилбеген абалда чыккан кимсенин мурду жерге сүрүлсүн. Ата-энеси карып калганда, кызматын кылып, ушул кызматтары менен бейишке ылайык болбогон кимсенин мурду жерге сүрүлсүн…». (Ахмад, Термизий, Ибн Хузайма жана Хаким риваят кылган. Санады хасан).

Абу Хурайра разияллаху анху Расулуллах ﷺдын мындай дегенин риваят кылат:

«إِذَا دَخَلَ رَمَضَانُ فُتِّحَتْ أَبْوَابُ الْجَنَّةِ وَغُلِّقَتْ أَبْوَابُ جَهَنَّمَ وَسُلْسِلَتْ الشَّيَاطِينُ»

«Рамазан киргенде бейиш дарбазалары ачылып, тозок дарбазалары жабылат жана шайтандар чынжырланат». (Бухарий, Муслим, Насаий, Ахмад, Ибн Хиббан жана Дорамий риваяты).

Абу Хурайра разияллаху анху Расулуллах ﷺдын мындай дегенин риваят кылат:

«مَنْ صَامَ رَمَضَانَ إِيمَانًا وَاحْتِسَابًا غُفِرَ لَهُ مَا تَقَدَّمَ مِنْ ذَنْبِهِ»

«Кимде-ким ыйман ишеним менен, сооп үмүтүндө Рамазан орозосун тутса, өткөн күнөөлөрү кечирилет». (Бухарий, Насаий, Ибн Мажжа, Ахмад, Ибн Хиббан риваяты).

Ибн Аббас разияллаху анху Расулуллах ﷺдын мындай дегенин риваят кылат:

«عُمْرَةٌ فِي رَمَضَانَ تَعْدِلُ حَجَّةً»

«Рамазандагы умра хажга тең». (Ибн Мажа, Насаий жана Ахмад риваяты).

Эй мусулмандар!

Биз силерге бул улуу айды учуруңарды нурдуу өтмүшүңөргө улаган абалда эстетебиз. Ал убакта кантип ата-бабаларыңар бул айды ибадаттар, нусраттар жана улуу иштер кылынуучу мезгил сыфатында өткөрүшкөнүн эстетебиз. Силерде бул фазилаттуу ай астанасында эле күнөө амалдарды желкеңерден алып ташташыңарды эстетебиз. Аллахка калыс болуу үчүн желкеңерден алып ташталышы шарт болгон бул күнөө амалдардан да чоңу бар экендигин, ал Пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалыкты тикелөөгө аракет кылбоо күнөөсү экенин эстетебиз. Бул үчүн төмөндөгү амалдарды сунуш кылабыз:

  • Кудурет жана нусрат калкына: Силерге Аллах берген кудуретти Аллах, Расулу жана момундар үчүн нусратка айланткыла. Мына ошондо ансар разияллаху анхумдар сыяктуу болосуңар. Анткени, Аллах Субханаху ва Таалаалар жөнүндө Куръанда тээ кыямат күнүнө чейин тилават кылынуучу төмөндөгү аяттарды түшүрдү:

﴿وَالَّذِينَ آَمَنُوا وَهَاجَرُوا وَجَاهَدُوا فِي سَبِيلِ اللَّهِ وَالَّذِينَ آَوَوْا وَنَصَرُوا أُولَئِكَ هُمُ الْمُؤْمِنُونَ حَقّاً لَهُمْ مَغْفِرَةٌ وَرِزْقٌ كَرِيمٌ

«Ыйман келтирген, хижрат кылган жана Алла жолунда күрөшкөн жана (мухаажирлерге) үй-жай берип, жардам кылган заттар – дал ошолор чыныгы момундар болуп, аларүчүн кечирим жана улуу ырыскы бар»                                                                                                            [8:74]

Демек, азыр, тезинен колуңарды Хизб-ут-Тахрирге бергиле. Мадинаи Мунавварада Расулуллах ﷺга нусрат берүү аркылуу алгачкы Ислам мамлекетин тикелеген силерден мурдагы боордошторуңарды эстегиле. Алардын бири Саъд ибн Муаз эле. Ал каза болгондо, энеси ыйлады… Ошондо Расулуллах ﷺэнесине мындай деген:

«لِيَرْقَأْ (لينقطع) دَمْعُكِ، وَيَذْهَبْ حُزْنُكِ؛ فَإِنَّ ابْنَكِ أَوَّلُ مَنْ ضَحِكَ اللَّهُ لَهُ، وَاهْتَزَّ لَهُ الْعَرْشُ»

«Көз жашыңызды токтотуңуз, капалыкты кетириңиз, себеби, уулуңуз Аллах ага күлгөн жана аршы титиреген эң биринчи инсан».

  • Студент жана жаштар…дан турган коомдун активдүү катмарына: Силер Хизб-ут-Тахрирдин халкаларында катышышыңар жана Пайгамбарыбыз ﷺдын сахабаларына ээрчип, ушул халкаларда Ислам мабдасын, акыйдасын жана өкүмдөрүн өзгөртүүнүн жалгыз куралы сыфатында үйрөнүшүңөр зарыл. Анткени, бул сахабалар Исламды кабыл алышкан соң, жаш курактарында эле Расулуллахтын уюмуна кошулушкан. Ал жерде Исламды өтө чырайлуу түшүнүшүп, сөздө жана иш жүзүндө даъватты көтөрүп чыгуучуларга жана адамдар арасында Исламды алып келүүчүлөргө айланышкан.
  • Хизб-ут-Тахрирге мүчө болуу же халкаларында катышууга мүмкүнчүлүгү жок адамдар болсо, аракет кылып жаткандарды колдоп-кубаттап, аларга жардамчы болуулары керек. Хизб-ут-Тахрир сакофатын анын китептеринен, баракчаларынан, форумдарынан, докладдарынан жана демонстрацияларынан үйрөнүп, тарапкерлеринин санын көбөйтүүлөрү лазым. Муну менен кафир жана мунафыктардын тынчын бузгула жана Аллахка жакшылыгыңарды көрсөткүлө.

Келгиле, эй мусулмандар, ушул фазилаттуу айда Аллахка жакшылыгыңарды көрсөткүлө. Аллах силердин канчалык Анын шарияты колдонулушу үчүн тездик менен аракет кылып жатканыңарды көрсүн. Балким, берешен жана кудуреттүү Роббиңер Ислам мамлекетин тикелөөгө жетиштирүү менен Исламга жана силерге күч берээр.

Роя гезити, №334, 2021-жыл, 14-апрель.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here