Конституция жөнөкөй тил менен…

216
0

Конституция жөнөкөй тил менен…

Эртең 5-майда Кыргызстанда конституция күнү белгиленет. Бул макалда ушул датага тиешелүү маселелерди жөнөкөйлөштүрүп түшүндүрүүгө аракет кылынат жана андагы тыянактар сиздердин акыл таразаңыздарга ташталат.

Ар бир идеология жашоо үчүн зарыл болгон бардык мыйзамдарды өзүндө камтыйт. Ал идеология турмушта ишке ашуусу үчүн, андан келип чыккан мыйзамдар жашоодо колдонулушу шарт. Мына ошол мыйзамдарды колдонуунун бир ыкмасы – бул конституция түзүү. Негизи, бул бир ыкма болуп, аны түзсө да болот, түзбөсө да болот. Эгер конституция түзүлмөкчү болсо, демек, ага бир идеология акыйдасы булак кылып алынат б.а. ал бир акыйдадан келип чыгат. О.э. өз кезегинде бул конституция башка мыйзамдар үчүн негиз болуп калат т.а. кодекстер жана алар камтыган мыйзамдар ушул негизден алынат.

Адамзат тарыхындагы алгачкы конституция 1887-жылы түзүлгөн АКШ конституциясы болуп калды. Анын булагы – демократиялык акыйда. Демократия иделогиясы “элдик бийлик” наамына жамынганы менен, турмуш чындыгында бул идеология капитализм түзүмү аркылуу ишке ашат. Ошондуктан, АКШнын бул конституциясы капитализмди турмушта колдонуудагы бир ыкма болуп эсептелет. Британия болсо капитализмди конституциясыз эле колдонуп келет.

Ал эми, капитализмдин “демократияны” дүйнөгө жаюудагы жолу – империализм б.а. колонизаторлук. Ошондуктан, капиталисттик державалар дүйнө мамлекеттерин колония кылып алышкан. О.э. алар колония талашууда өз ара атаандашып, бири-бири менен күрөш алып барышат.

Батыш империалисттери падышалык Россияны алсыратуу үчүн, 1917-жылкы февраль революциясына жардам беришти. Бул падышалык түзүмдү демократиялык түзүмгө алмаштыруу наамы менен болду. Негизи, бул капитализмдин бир көрүнүшүнөн экинчи бир көрүнүшүнө өтүү эле болчу. Ошондон кийин Убактылуу өкмөт “Россия демократиялык республикасынын” конституция долбоорун даярдады, бирок, социалисттик октябрь революциясы жеңип чыкканы себептүү ал колдонулбай калды. Октябрь революциясынан кийин Россия социалисттик мамлекет болуп, ал 1918-жылы коммунисттик акыйдадан келип чыккан конституция кабыл алды. Бул конституция ошондон тартып СССР кулаганга чейин социалисттик мыйзамдарды турмушка ашыруудагы ыкма катары колдонулуп келди.

Кыргызстан 1926-жылы РСФСР курамындагы автономиялуу область болуудан автономиялуу республикага айлангандан кийин – союздун башка колонияларында болгондой эле –– анын алгачкы конституциясы түзүлгөн (1929-жыл). Ал СССРдин социалисттик мыйзамдарды колдонууда жеңилдик жаратуусу алкагында болгон.

СССР кулагандан кийин, анын мураскору Россия о.э. андан бөлүнүп чыккан жана жасалма эгемендүүлүк алган республикалар да – социализмден капитализмге алып өткөн – конституцияларды кабыл алышты. Б.а. бул конституциялар демократиялык идеологиядан келип чыгып, анын наамы менен капитализм мыйзамдары колдонулушуна негиз болуп берди. Ошентип, жасалма эгемендүүлүк алган мамлекеттерде бул конституциялар империалисттердин колонизаторлугун бекемдөөчү ыкмалардын бири болуп калды. Биздеги конституциялардын “демократиялык принциптерге дал келиши”, “эл аралык нормаларга каршы келбеши” о.э. эл аралык уюмдар тарабынан көзөмөлдөнүп турушу – канчалык кооз сөздөр менен жасалгаланбасын – биздин колония экенибизге далалат кылат.

“Эгемендүүлүк алгандардын” катарында, Кыргызстанда да 1993-жылы 5-майда, “легендарлуу парламент” мамлекетти социализмден капитализмге өткөргөн конституция кабыл алды. Мындагы эң маанилүү тарап, мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү болуп калды (жерден башка). Бул СССРден калган мамлекеттик байлыкты жаңы капиталисттердин колуна өткөрүүнү түшүндүрөт эле.

Империалисттер колониядагы мамлекеттердин байлыктарын ташып, элин кул кылуу үчүн, алардын үстүнө өз малайларын аким кылып коюшат. Бул акимдер болсо империалисттерге малайлык кылуудан сырткары, өз бийликтерин бекемдөө үчүн, биз сөз кылып жаткан конституциялардан да пайдаланышат.

Кыргызстан конституциясына биринчи жолку өзгөртүү 1994-жылы киргизилди. Ал аркылуу президент Акаев ыйгарым укуктарын кеңейтип, “кол бала” боло турган 105 адамдык кош палаталуу парламентти алып келүүгө жол ачкан (буга чейин 350 депуттатан турган “легендарлуу парламент” таркатылган).

Экинчи өзгөртүү 1996-жылы болду. Аны менен президент министрлерди, жергиликтүү администрация жетекчилерин өзү дайындай турган болду жана парламентти таркатып жиберүүгө укук алды.

1998-жылкы өзгөртүүдө, негизгиси,  жер жеке менчикке бериле турган болду. Бул социализмден капитализмге баскычма-баскыч өтүү долбоору алкагында ишке ашты.

2001-жылкы өзгөртүүдө, негизинен, орус тили расмий тил болуп киргизилди. Бул Россияны түздөн-түз кожоюн деп таануу жана ага жагынуу алкагында болду.

2003-жылкы өзгөртүү боюнча, жарандардын митинг өткөрүүлөрүнө чектөөлөр киргизилди, экс-президентке карата кол тийгистик кабыл алынды, экс-президенттин жакындары мамлекеттик бюджеттен камсыздыла турган болду. Мындан сырткары, президент катарынан эки жолкудан ашык шайланууга мүмкүнчүлүк алды. Бул Акаевдин президенттиги үзгүлтүксүз уланышын түшүндүрөт эле. О.э. парламент 90 депутаттан туруп, бир палатага айландырылды жана партиялык системада шайлана турган болгон. Бул өзгөртүү да Акаев үй-бүлөсүнүн бийлигине кызмат кылар эле. Ошондуктан да, 2005-жылкы парламенттик шайлоодо Бермет Акаеванын “Алга, Кыргызстан” партиясы көпчүлүк добуш менен келген. Калк буга каршы чыгып, 2005-жылкы төнкөрүштө Акаев кууп жиберилип, бийликке Бакиев келди.

Бакиев келгенде, анын алгачкы учурлары “конституциялык күрөш” жылдары болуп калды. 2006-жылы ноябрь-декабрь эки ай ичинде конституцияга эки жолу өзгөртүүлөр киргизилди. Бул бакиевчилер менен анын оппозициячыларынын тиреши себептүү болду. Бир жылдан кийин, 2007-жылы жаңы конституция кабыл алынып, ал себептүү 2005-жылы шайланып келген парламент таркатып жиберилди. Жаңы парлаламентке шайлоодо Бакиевдин “Акжол” партиясы жеңип келди.

2010-жылы Бакиев кулатылгандан кийин, дагы жаңы конституция кабыл алынды. Бул конституция Россия колонизаторлугу каршысында, Кыргызстанга Батыш колонизаторлорунун кирип келиши алкагында болду. Анткени, Батыш империалисттери Россияга каршы күрөшүндө “демократиялашуу”, “ачык-айкындык”, “сөз эркиндиги”, “адам укугу”, “парламенттик башкаруу”  ж.б.у.сыяктууларды ишке салып келет. Булар аркылуу кололонияларга карата болгон Россия зулумдарын ачып таштайт. Ошентип, Кыргызстанда 2010-жылы бийликке Батышка ыктаган саясатчылар келип, конституцияны ошолор түзүштү. Бул конституцияга ошондогу Россия президенти Медведев каршы чыккан, ал эми, Венеция комиссиясы болсо алкыштаган.

2010-жылкы конституцияда 2020-жылга чейин өзгөртүүлөр киргизилишине тыюу салынган эле. Бирок, ал мораторий 2016-жылга чейин гана тура алды. Атамбаев 2016-жылы дагы өзгөртүү киргизди. Эл аралык жактан алганда, Атамбаев Россиянын көңүлүн алуу үчүн, адам укуктары жаатында эл аралык уюмдардын бүтүмдөрү мамлекеттик мыйзамдардан үстөм болбошун о.э. бир жыныстуулардын үй-бүлө куруусуна тыюу салынышын камтыган өзгөртүүлөрдү киргизди (бул беренелер менен жергиликтүү калктын туйгуларын да кытыгылады). Жергиликтүү саясаттан алганда, премьер-министрдин ыйгарым укуктарын кеңейтти. Муну менен, өзү бийликтен кеткенде, өзү коюп кеткен президент менен премьердин ортосунда теңсалмактуулукту сактап, өзү парда артынан бийликти кармап калууну ойлоду. Бирок, иши ойлогонундай чыкпай калды.

Жээнбеков доорунда да жаңы конституция кабыл алууга аракеттер көрүлдү, бирок, ага үлгүрбөй анын бийлиги кулап калды. Андан кийин келген жаңы бийликтин болсо,  бийликке келери менен кылган иши жаңы конституция кабыл алуу болду.

Ушуга чейин кайсы бийлик кабыл албасын, алардын баары куфр конституциясы болуп саналат. Анткени, анын булагы – демократия куфр акыйдасы, андан келип чыккан мыйзамдар – демократиялык-капиталисттик мыйзамдар.

Эй мусулмандар, демек, бул конституцияларды кимдер кандай пайдаланып жатканын көрүп турасыздар. Алар себептүү мойнуңарга кулчулук чынжырлары илинүүдө. О.э. аларга ыраазы болгондор үчүн ахиретте азап бар.

Булардын каршысында, исламий Хизбут-Тахрир саясий партиясы – булагы Исламий акыйда, мыйзамдары шарият өкүмдөрү болгон – Исламий мамлекеттин конституция долбоорун сунуштап келет. Ошондуктан, аны кайрадан акыл таразаңыздарга таштайбыз. Эскерте кетсек, анда бу дүйнөдөгү азиздик жана ахирет үчүн ажрлар бар.

Абдулхакийм

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here