Кыргызстан-Тажикстан чек арасында ок атылды

351
0

КыргызстанТажикстан чек арасында ок атылды

Баткенде, кыргыз-тажик чек арасында кайрадан ок атылып, эки адам ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу “Азаттык” радиосунун кабарчысы жеринен билдирди.

Буга чейин төрт кыргызстандык жараат алып ооруканага түшкөн. Ал эми Тажикстандын чек ара мекемеси жети жаранына таш тийгенин билдирген.

28-апрелде Баткен районунун Ак-Сай айылындагы Ак-Суу дарыясында жайгашкан башкы (“Головной”) суу бөлүштүрүүчү жайдын тилкесинде кагылыш болгон. Баткен облусундагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиевдин айтымында, чыр тажик тараптын аталган жайга видео камераларды орнотуусунан улам чыккан. Ал эки тарап бир чечимге келгенден кийин чагымчылар окуяны ырбатып жибергенин кошумчалады.

Ал арада Бишкектеги өкмөт үйүнүн алдына чогулган ондогон активисттер президент Садыр Жапаров, өкмөт башчы Улукбек Марипов жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын төрөгасы Камчыбек Ташиевдин эл алдына чыгып кырдаалды түшүндүрүп беришин талап кылып митинг өткөрүштү.

Эл аралык саясаттан алганда, Орто Азия өлкөлөрү ортосундагы чегаралар бүтүндөй Россия көзөмөлү астында. Ал региондогу чегара маселелеринен өзүнүн колонизаторлук кызыкчылыктарына пайдаланат. Мисалы, ЕАЭБ уюмуна киргизиш үчүн Тажикстанга басым өткөрүүгө аракет кылат. Айрым учурда Кыргызстанга басым өткөрүп, кээ бир тармактардагы келишимдерге мажбурлайт. Жапаровдун Россияга барардын алдында чыккан чек ара чыры ушул багытта болгон. Кээде болсо бийликке карата калктын нааразылыгы күчөп кеткенде чек ара жаңжалы аркылуу коомдук пикирди ал жакка буруп, нааразылыкты басаңдатууга салым кошот. Мына ушундай кызыкчылыктардан улам, Россия чегара маселесин эч качан бир жаңсыл чечилишине жол бербейт. Аны ар дайым аркага сүрүп, чегара маселелери ал каалаган убакта пайдалана турган “бомба” болуп турушуна кызыктар.

Ал эми батышчыл күчтөр өлкөдөгү ар бир көйгөйдү бийликке карата нааразылык толкунуна кошуп жиберүүгө кызыктар. Алар митингдерди мына ушул багытта колдонуп, бийликти эсептешүүгө мажбурлап, мүмкүнчүлүк туулса Батышка ылайыктуу мыйзамдарды тыгыштырып, кадрларын бийликке алып келүүнү жана бийликти оодарууну каалайт.
А бирок, ар бир жаңжалдан жабыр тарткан тарап карапайым калк болуп калууда. Колонизаторлор жана алардын малайлары ар дайым курмандыкка чалына тургандарды пайда кылуу үчүн “улутчулдук” жана “мекенчилдик” идеяларын калк арасында кеңири жаюуда. Ошондуктан, адамдар эмне үчүн чегара окуяларынын курмандыктары болуп калып жатышканына терең назар салуулары керек. Ислам арам кылган “улутчулдук” жана “мекенчилдик” идеяларынын дүйнө-акыреттеги кесепеттерин ойлонуулары зарыл.

Бул чегара маселелери бүгүнкү күндө бийликтер көрүп жаткан иш-чаралар менен эч качан чечилбейт. Тескерисинче, ал чечимдер бул маселени улам чиелеништирип бара берет. Негизи, бул маселенин бүгүнкү чечими даъватта жатат. Эки мусулман бир тууган эл улутчулдук жана мекенчилдик туйгуларын тыйып, каафир колонизаторлор тыгыштырган бул идеяларды ыргытып салуулары керек. Анын ордуна бири-бирин толук Исламга чакырсын. Билгени билбегенине үйрөтсүн. Мына ошондо, каафирлердин өз ара кырды бычак кылып коюп башкара бермей планы жокко чыгат. Кыбыласы, Китеби, Пайгамбары а түгүл кабыры бир эл камыр-жумур жашоо кечирүү үчүн бул иш абдан маанилүү. Ал эми, чегара маселелерин түпкү чечими болсо, Халифалык Мамлекетин тикелөөдө жатат. Анткени, Халифалык бүгүнкү дүйнөдөгү империалисттик системаны уратып, алар чийген чегараларды жокко чыгарат, каафир колонизаторлорду өлкөлөрүбүздөн кууп чыгат, улутчулдук жана мекенчилдик идеяларын жоготуп, “мусулмандар – бир туугандар” идеясын киргизет. Демек, аракет кылуучулар мына ушул жолдо аракет кылып калышсын.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here