Өзбекстан коопсуздук жаатында Россия менен кызматташтыкты кеңейтүүгө умтулууда

139
0

Өзбекстан коопсуздук жаатында Россия менен кызматташтыкты кеңейтүүгө умтулууда

Өзбекстан Россия менен регион коопсуздугу жаатында кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар.

Бул тууралуу Өзбекстандын коргоо министри Баходир Курбанов россиялык кесиптеши Сергей Шойгу менен сүйлөшүү учурунда билдирди.

РИА Новости агенттиги  кабарлагандай, Өзбекстандын коргоо министри: “Биз Россия менен эки тараптуу жана көп тараптуу алакабызды мындан да тереңдетүүгө кызыкдарбыз. Дагы бир белгилей кетүүчү нерсе, Өзбекстан Россия менен коргоо жана региондун коопсуздугун камсыздоо тармагында ар тараптуу кызматташтыкты мындан ары да кеңейтүүгө кызыкдар”, – деген.

Эки өлкө ортосундагы мамилелер стратегиялык кызматташтык жаңы сапаттуу деңгээлге көтөрүлгөнүн белгилеген Курбанов:“Бүгүн Россия Өзбекстандын ири соода жана инвестициялык өнөктөшү”, – деди.

Комментарий: АКШ Афганистандан аскерлерин алып чыгарын жарыя кылгандан кийин Россия региондогу аскерий таасирин дагы да бекемдөө аракетин баштады. Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу ушул аптада Тажикстан жана Өзбекстанга сапар кылды.

 Шойгу 26-апрель күнү Тажикстанга сапарынын алкагында Россия менен Тажикстан бирдиктүү аба чабуулунан коргоо кошуунун түзүүгө жана чек ара коопсуздугун күчөтүүгө келишип алышты.

Өзбекстанга расмий сапар менен барган Сергей Шойгу 28-апрель күнү Өзбекстандын коргоо министри Баходир Курбанов менен 2021-2025-жылдарга болжолдонгон аскерий тармактагы стратегиялык кызматташтык боюнча эки тараптуу программага кол коюшту. О.э. расмий Кремль Өзбекстанды ЖККУ алкагындагы иш-чараларга тартмакчы экендигин да билдирди.

 Белгилүү болгондой, АКШ Афганистандагы дээрлик 20 жылдык согушунда өтө чоң жоготууларга учурады. Иш жүзүндө АКШ Афганистанда жеңилди. А бирок ушундай болушуна карабастан, ал региондогу аскерий аралашуусун сактап калууга умтулууда. Афганистандан чыгып бара жаткан АКШнын бул жакка келген үлкөн аскерий техника жана курал-жарактарын кайрадан алып кетүү ниети жок. Ошондуктан да ал өзү үчүн региондо бир аскерий база куруу аракетинде жүрөт. Ошол себептен да ал тажик, казак жана өзбек расмийлери менен аскерий база боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүүдө.

Ал эми мындай сүйлөшүүлөр Россияга жакпастыгы анык. Россия АКШнын региондо аскерий таасири калышына ыраазы болбойт. Өз кезегинде АКШнын Кыргызстандагы “Манас”, Өзбекстандагы “Ханабад -Карши” аскерий базаларын жок кылууга жетишкенден кийин, эми кайрадан андай базаларга жол бербестикке умтулат. Россия региондо аскерий аралашуусун күчөтүүдө адаттагыдай эле “диний экстремизм” жана “терроризм” коркунучун көбүртүп көрсөтүү менен иш алып барат.

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here