Индиянын улуттук тергөө агенттиги Хизб-ут-Тахрир туурасында коомчулукка жалган маалымат таратууда

148
0

Басма сөз баянаты

Индиянын улуттук тергөө агенттиги Хизб-ут-Тахрир туурасында коомчулукка жалган маалымат таратууда

Индиянын улуттук тергөө агенттиги (NIA) Бангалордогу эки кишиге: 40 жаштагы Ахмад Абдулкадир жана 33 жаштагы Ирфан Насирге кандай айып коюлганын жарыялады. Алар 2020-жылы 8-октябрда камакка алынышкан. Разведка кызматы бул эки адам ИШИМдин террордук аракеттерине, Куръанийлерге жана Хизб-ут-Тахрирге байланышышы бар деди. (The News Minute).

Хизб-ут-Тахрирдин Борбордук маалымат бөлүмү эскирген мындай айла-амалдын бетин ачып, бул негизсиз сөздөрдү четке кагат. Маалымат жана чындыктын ашкере болушу оңой болгон бул доордо адамдар мындай айла-амалдардын тузагына түшпөй калышкан.

Коопсуздук кызматынын расмийлеринин, өзгөчө, колонизатор мамлекеттерге кулак салып, өз элинин ишенимине кыянаттык кылгандардын мындай айла-амалдары адаттагыдай көрүнүшкө айланган. Алар Хизб-ут-Тахрирдин аброюн түшүрүүнү каалагашканда, сөздөрүн кубаттаган эч бир далили жок, өздөрүнүн төмөн акылдары менен Хизбди террорчулукта негизсиз айыптоого урунушат. Ошондуктан, жалган кабарды ойлоп табышып, массалык маалымат каражаттарында таратышат. Алар өздөрүнүн кыска ойлору менен «коом биздин айткандарыбызга сокурларча ишенет» деп ойлошот.

Ошол эле учурда, Хизб-ут-Тахрир өз пикирлерин жеткирүүдөгү каражаттары тынч диалог каражаттары экендиги бүткүл дүйнөдө коомдук пикирге айланган. Айрыкча, Хизб-ут-Тахрир өз пикирлерин жаюуда зомбулукту кабыл албагандыгы Батыш мамлекеттериндеги муфаккирлер, массалык маалымат каражаттарынын кызматкерлери жана саясатчылар тарабынан моюнга алынган. Бул болсо, Хизбге бүткүл дүйнө борборлорунда жана негизги шаарларында ачык иш алып баруу мүмкүнчүлүгүн берди. Жер шарынын чыгышы Австралиядан баштап, анын батышы Америкага чейинки бардык континенттерде Хизб-ут-Тахрир өзүнүн конференцияларын, семинарларын жана иш-чараларын тынч, ачык жана массалык түрдө өткөрүп келүүдө.

Хизб-ут-Тахрир түзүлгөндөн күндөн тартып, акылдар терең жана таза пикирлерди үйрөнүп, турмушта колдонулушу күзөтүлгөндөн кийин гана бул пикирлер жүрөктөргө кирип барат деп билет. Пикирлер адам жана коомдун жашоо таризине таасир кылып, жогорку жашоо таризине айлануусуна мүмкүнчүлүк берген эң туура жол – мына ушул. Бул зомбулук (террордук) жол менен ишке ашышы мүмкүн эмес.

Индиянын тергөө агенттиги Хизб-ут-Тахрирге тиешелүү деп атаган мүнөздөрдү – Индиядагы жана бүткүл дүйнөдөгү – ондогон жылдарга созулган Хизбдин тарыхына бир назар салуу менен эле четке кагууга болот. Бул тарых эң маанилүү саясий маалыматтарда, архивдерде о.э. сакафий энциклопедияларда жазылган, Хизбдин тарыхы жөнүндөгү маалыматтар интернет пайда болгондон бери интернетте тараган.

Индиядагы расмийлер бул катъий фактылардан кабардар болушкандыктан, Хизб-ут-Тахрирдин сайттарына бөгөт коюу аркылуу өзүнүн жалгандарын жашырууну о.э. бул маалыматтар жана фактылар адамдарга жетишине тоскоолдук кылууну каалашууда. Бул абал расмийлер дүйнөдөгү эң чоң демократиялык мамлекет деп атап жаткан мамлекетте жүз берүүдө! Бирок, алардын пландары жокко чыгат. Себеби, Хизб-ут-Тахрир жана анын аракети жөнүндөгү жаңылыктар Хизб сайттарында гана эмес, бүткүл интернетте бар. Хизб-ут-Тахрир адамдардын түпкүрүнөн чыккан жана алардын арасында жашаган чыныгы дүйнөлүк Хизб.

Ал эми, Хизб-ут-Тахрирдин саясий жана пикирий аракетин ИШИМдин аскерий аракетине байлоо маселесине келсек, бул эч бир документке таянбаган байлоо болуп эсептелет. Хизб-ут-Тахрир ИШИМ методологиясын жана анын аракеттерин сындаган көз карашты кабыл алып, аны массалык түрдө тараткан. Кабыл алынган бул көз карашка каршы чыккан ар кандай мүчө Хизб-ут-Тахрирге таандык эмес.

Индиянын улуттук тергөө агенттигинин расмийлери үчүн коомду чыныгы коркунучтан, мисалы, өлкөнү ойрон кылган коррупционерлерден, кеңири жайылып жаткан массалык жаңжалдарды козгоочулардан о.э. Индия байлыктарын колонизатор мамлекеттердин кызыкчылыктары үчүн иштетмекчи болгон Батыш мамлекеттеринин малайларынан коргоосу абзел. Мындан көрүнүп тургандай, Индиянын улуттук тергөө агенттигинин расмийлери Хизб-ут-Тахрир менен адамдар ортосуна душмандык салуу үчүн коомчулукту алдоого урунуп, адамдар алдында милдетин жокко чыгарышты. Аллах Таала айтат:

﴿وَقَدْ مَكَرُوا مَكْرَهُمْ وَعِندَ اللَّهِ مَكْرُهُمْ وَإِن كَانَ مَكْرُهُمْ لِتَزُولَ مِنْهُ الْجِبَالُ﴾

«Чынында эле, алар өздөрүнүн айлакерликтерин кылышты. (Бирок) эгер алардын айла-амалдары себептүү тоолор жемирилип кете турган болсо да, алардын (бул) айла-амалдары Аллах алдында (маалым)»                                                                                                                     [14:46]

Массалык маалымат каражаттарына келсек, алар бул тузакка түшүп калышын же коомдун алдындагы милдеттеринен баш тартууга ыраазы болушун о.э. чындыкты бурмалап, коомчулукка жалган сүйлөшүн же Индиядагы адамдарды бири-бирине каршы козутууга катышуусун каалабайбыз. Эгер, массалык маалымат каражаты өз ишинде чынчыл болсо, Хизб-ут-Тахрир сайттарына коюлган бул бөгөттөрдү алып салышы о.э. Хизб манхажы жана коом менен кантип иштеши жөнүндөгү чындыктарды жеткириши керек.

Адамдарды Индия расмийлеринин Американын Исламга каршы согушуу саясатын кабыл алып аткарып жаткан иштеринен эскертүү да массалык маалымат каражаттарынын милдети болуп эсептелет. Америка – өзүнүн кызыкчылыгы үчүн көптөгөн калктарды кыргын кылган жана көптөгөн мамлекеттерди ойрон кылган кооптуу мамлекет. Индия расмийлеринин Америка кучагына умтулуусу өз элине жана алардын келечегине коркунуч туудурат. Эгер, алар бул кыска ойлуу саясатты улантышса, мамлекетти Америка себептүү үлкөн азап-кыйынчылыктарга туш кылышат.

Хизб-ут-Тахрир чыныгы туура ойгонууга жана Халифалык түзүмүн тикелөөгө чакырат. Узун тарыхка ээ бул түзүм 1342-жылга чейин уланып, Индияда эң аягы жыйырманчы кылымдын баштарында болду. Ошол убакта Индиянын эгемендүүлүк кыймылына жетекчилик кылган Ганди мусулмандар менен биригүү үчүн Халифалыктын бүтүндүгү маселесин өзүнүн негизги маселелеринин бири кылып белгилеген. Максат – 1924-жылы кулашынан мурун Халифалык коргоп калуу эле. Себеби, Ганди Халифалыктын кулашы менен Индия калкы үстүндөгү англис колонизаторлугу бекемделишин түшүнүп жеткен.

Хизб-ут-Тахрир дүйнөнүн ар бир жайында, алардын катарында Индияда пикирий жана саясий иш-аракет алып барууда. Ал адамдар менен талкуу жана диалог аркылуу узак мөөнөттүү чыныгы алака орнотуп келет. Аллах Таала айтат:

﴿قُلْ هَذِهِ سَبِيلِي أَدْعُو إِلَى اللَّهِ عَلَى بَصِيرَةٍ أَنَا وَمَنِ اتَّبَعَنِي﴾

«Айткын: Менин жолум ушул. Мен Аллахка даъват кыламын. Мен жана мени ээрчигендер анык хужжатка-ишенимге ээбиз. (Ар кандай шериктен) Аллахты аруулаймын. (Анткени), Мен мушриктерден эмесмин»                                                                                              [12:108]

 

Мухандис Салахиддин Азаза

Хизб-ут-Тахрирдин

Борбордук маалымат бөлүмүнүн төрагасы

 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here