Ислам жана мусулмандарга каршы дагы бир мыйзам
Өкмөттүн сунушу менен, «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун алгач парламентте Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети карап, андан соң 15-апрелде, жалпы жыйында биринчи окуудан өттү. Мыйзам долбоору Жазык кодексинин «Экстремисттик уюмду түзүү» жөнүндө 314-беренесине өзгөртүү киргизүүнү камтыйт.
Долбоордун маалымкат-негиздемесинде мыйзам экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча Шанхай кызматташтык уюмунун Конвенциясына ылайык иштелип чыкканы айтылат. Ошондой эле, анын максаты экстремисттик уюмга каршы күрөшүү үчүн жазык-укуктук ченемдерди жакшыртуу эсептелинери көрсөтүлгөн.
Бул негиздемеден көрүнүп тургандай, бийлик бул мыйзам долбоорун россиялык жана кытайлык кафир кожоюндарына о.э. коңшулаш өлкөлөрдүн кафирге малай бийликтерине корлорчо моюн сунуу менен кабыл алууда. Белгилүү болгондой, “экстремизм” терминин империалист кафирлер Ислам жана мусулмандарга каршы күрөшүү үчун ойлоп табышкан.
Мыйзам долбоору биринчи кезекте Исламга жана мусулмандарга каршы багытталганы жыйындардын стенограммасынан ачык көрүнүп турат. Андан үзүндүлөр келтире кетебиз.
Депутат Зарылбек Рысалиев документти өкмөттүн атынан коргоп жаткан ИИМ орун басары Нурбек Абдиевге суроо узатты:
– Азыр Кыргызстанда исламизация күчөп жатабы же күчөгөн жокпу?
– Ооба ушундай коркунуч бар. Исламизация күчөгөнү себебинен мына ушундай мыйзамдарды кабыл алууга туура келип жатат.
О.э. Н. Абдиев “дин кармануу өтө чересчур болуп кетти” деген депутат К. Жолдошбаевдин суроосуна жооп берип жатып, “мамлекеттик кызматкер катары биз дагы элибиздин өтө динчил болуп кеткенине каршыбыз” деди. Жана дагы минтип айтты:
– Кызматтык сапар менен Өзбекстанга, Казакстанга барып келдик. Ошол жерлерде мамлекеттик кызматкерлер динге өтө жакындап кетпесин деген негласный жумуштар жүрөт экен. Ошону биз да колдонобуз.
Депутат Н. Никитенконун “бул мыйзам башка тарапка, мисалы, оппозицияга каршы иштеп кетпейби” деген маанидеги суроосуна, “биздеги диний экстремисттик уюмдар конституциялык түзүлүштү өзгөрткөнгө аракет кылып келет, биз ушундан келип чыгып жатабыз, мында кандайдыр НПО же башка назарда тутулбайт”, – деп жооп берди Н. Абдиев.
Бийлик азырынча “бул мыйзам Исламга гана каршы иштейт” дегени үчүн, муну батышчыл депутаттар да колдоп беришти.
Мисалы, Жанар Акаев мындай деди: «Бул мыйзамды мен карап чыктым. Толук колдойбуз. Бул туура, керек мыйзам. Анткени бул жерде «Конституциялык түзүлүштү күч колдонуп өзгөртүүгө жана саясий кастыкты козутууга багытталган идеологияны үгүттөгөн диний-экстремисттик уюмдун иш аракеттерине» деп так жазылып турат. Бул жерде саясий партияларга же саясатчыларга карата эмес. Эгер андай болгондо мен биринчи кыйкырып чыкмакмын. Эми экстремизм менен саясатты байлап, ошого карап соттоп жиберем деген бул албетте туура эмес. Андай болбойт деп ишенем».
Негизи, бул мыйзам долбоорунан төмөнкүдөй чыныгы максаттар көздөлгөнүн аныктоого болот.
- Бул мыйзам аркылуу Хизбут-Тахрир исламий-саясий партиясынын саясий иштерине бөгөт коюуну күчөтүшмөкчү.
- О.э. мыйзам күчүнө кирип, колдонулгудай болсо, анда ар бир мусулманга “саясий кастыкты козуткандык” тамгасын жабыштыруу мүмкүн болуп калат. Мисалы, Ислам баалуулуктарын коргоп митинг уюштурган ар бир мусулман ушул берене менен айыпталышы мүмкүн. Алгач, аларды кайсы бир “экстремисттик” же “террористтик” уюмга байлаганга аракет кылышат, эгер байлай алышпаса, “саясий кастык козуткан жаңы уюм түзүүгө аракет кылды” деген тухмат менен айыптай алышат.
- Азыр “мээлүн исламды” кабыл алып, демократиялык саясий процесстерге катышууну көздөгөн партиялар пайда болууда. Алар чыныгы исламий болушпаса да, аларда исламий боёк бар болгону үчун, аларга да тоскоолдук жаратуу үчүн ушул мыйзам иштейт. Мисалы, “Нур”, “Ыйман нуру” сыяктуу партиялар бул мыйзамдын буталары болуп калышат.
- “Таблиг” ж.б. жамааттарга толук тыюу салышпаса, анда алардын активдүү мүчөлөрүн ушул мыйзам аркылуу айыптоого жол ачылат.
- Эгер бийлик бутуна туруп, өз диктатурасын орнотуп алса, бул мыйзам оппозицияны ооздуктоого да иштейт. Ошондуктан да, бир нече батышчыл депутаттар андан кооптонуп жатканын билдиришсе, айрым активисттер ага ачык эле каршылыктарын билдиришти. Бирок, эске алчу жагдай, бул мыйзам түздөн-түз Ислам жана мусулмандарга каршы багытталган, ал эми, опоозицияга каршылыгы болсо, кыйыр түрдө.
(Бул берене менен айыпталгандар 2 жылдан 5 жылга чейин камак жазасын алышат)
Мындан сырткары, ИИМ орун басары “талапка ылайык мыйзамдар мындан да күчөтүлүшү мүмкүн, андай долбоорлор да бар” деди. Мубарак Рамазан айында бул жана казиного жол ачкан мыйзамдардын кабыл алынышы о.э. айрым бир окуялар бийликтин мусулмандары провокация кылуусунан башка нерсе эмес. Бийлик мындан ары мусулмандарга ары дегенде терроризм, бери дегенде саясий экстремизм тамгаларын жабыштырып, чабуул кылууга аракеттенип жатканына далалат кылат.
Ушулардан келип чыгып, бул мыйзам Ислам жана мусулмандарга каршы багытталган деген этибарда, биз бул мыйзам долбоорун кескин каралайбыз. О.э. мусулмандарды провокацияга алдырбастан, фикрий-саясий күрөш алкагында мындай арам иштерге каршы турууга чакырабыз.
О.э. экстремизм шылтоосу менен Исламга каршы күрөшүп жаткан, дүйнөгө өкүмдарлык кылып жаткан империалисттик системаны кулатып, анын ордуна Исламды кайра жашоого алып келүү үчүн, фикрий-саясий күрөшкө келип кошулууга даъват кылабыз.
Хизб ут-Тахрир – Кыргызстандын маалымат бөлүмү
- 04. 21