Бишкекте жол акыны 19 сомго көтөрүү сунушталууда

134
0

Бишкекте жол акыны 19 сомго көтөрүү сунушталууда

Бишкек мэриясы жол акыны көтөрүүгө байланыштуу маселени коомдук талкууга койду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, жол кирени көтөрүүгө байланыштуу үч вариант иштелип чыкты. Биринчи вариант – азыркы бааны калтыруу, экинчиси – автобус, троллейбус баштаган муниципиалдык транспортто жүрүүнүн наркын 11 сом, маршруттук унаалардын жол акысын 15 сомго көтөрүү, үчүнчү вариант – автобуста 15, троллейбуста 11, маршруттук унааларга 19 сом төлөп жүрүү сунушталууда.

         Тилекке каршы Кыргызстанда ар бир келген өкмөт өлкөнү монополия кылып алган капиталисттердин мүлкүн бөлүштүрүүнүн ордуна калктын жонунан кайыш тилүү жолун карманууда. Жол кирени көтөрүү айдоочулардан биринчи автопарк ээлеринин кызыкчылыгы болуп эсептелет. Алар болсо бийликке таасири тие турган же бийликте жүргөн адамдардын колунда. Ошондуктан, Кыргызстан калкы өзгөрүү жасоодо адамдарды алмаштырууга эмес, мына ушул капиталисттерге таянган, өлчөөсү пайда болгон капитализмди Аллахтын акыйкат дини Ислам башкаруусуна алмаштырууга аракет кылышы керек. Болбосо эл назарындагы адамдар бийликке келген соң капитализмдин курмандыгына айланып кете берет.

 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here