САДЫР ЖАПАРОВ: КЫРГЫЗСТАН ӨЛКӨГӨ ЧЕТ ЭЛДИК ИНВЕСТОРЛОРДУ ТАРТУУГА КЫЗЫКДАР

259
0

Cадыр Жапаров: Кыргызстан өлкөгө чет элдик инвесторлорду тартууга кызыкдар

Бүгүн, 26-апрелде президент Садыр Жапаров видеоконференция форматында өтүп жаткан БУУнун Азия жана Тынч океан регионуна карата экономикалык жана социалдык комиссиясынын 77-сессиясына катышты. Жапаров пандеминянын экономикага тийгизген залакаларын айтып, эл аралык жардам зарыл экенин, БУУнун программаларын колдоого аларын билдирди. «Ошондуктан, Кыргызстан өлкөгө чет элдик инвесторлорду тартууга кызыкдар. Биз инвестициялык жана соода саясатын жакшыртуу үстүндө жигердүү иштеп жатабыз. Биздин негизги максатыбыз – бизнести жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды жаратуу, ишкерлердин жана инвесторлордун укугун коргоону камсыздоо», – деди Жапаров.

Бүгүнкү күндө Батыш «инвестиция тартуу жана сооданы жолго коюу экономикалык өнүгүүгө алып барат» деп үчүнчү дүйнө өлкөлөрүнө таңуулап келет. Ошондуктан, акимдерибиз жана Батышка суктангандар эл аралык конференцияларда, жолугушууларда инвестиция жана соода жөнүндө көп айтышат. А негизи, мындай система үчүнчү дүйнө өлкөлөрүнүн кен байлыктары талап-тонолушуна жана бул өлкөлөр Батыштын продукциясы үчүн базарга айланышына гана алып келди. «Инвестиция» деген нерсе колониаторлордун кен байлыктарыбызга чеңгелин салууга кызмат кылса, ал эми, «эркин соода» бул байлыктардын тышка алынып чыгып, Батыштын продукциялары базарларыбызга эркин кирип келишине жол ачат. Мындай бир тарапты гана байыткан система албетте үчүнчү дүйнө өлкөлөрүнүн жакырлануусуна, карыздарга дагы да көбүрөөк малынуусуна алып келди. А түгүл, абал өтө оор болуп, мындай экономикалык системанын акыбетинде жаралган кырдаалдан улам адамдар ачкалыктан көз жумууда. БУУнун статистикасына ылайык, дүйнө калкынын 50 пайызы күнүнө 2,5 долларга жетпеген каражатка күн көрөт, ал эми, жакырчылык себептүү күн сайын дүйнөдө 26 500 – 30 000 жаш бала көз жумат. Көрүнүп тургандай, бул система жалаң гана байлардын таламын алып, катардагы адамдарды эч бир каражатсыз калтырат.

Пандемия капитализмдин зулумун ачыкка чыгарган окуя болду, ошондой эле капитализмдин ар бир тармагын, өзгөчө экономикасын кыйла силкинтип жиберди. Эми, ар түркүн конференциялар, сүйлөшүүлөр өткөрүлүп бул залим системаны мурунку калыбына келтирүү аракеттери көрүлүүдө.

Биз, мусулмандарда, бул жырткыч капитализмден куткара турган, адилеттүүлүктү камсыздай турган системабыз бар. Бул – Ислам. Анда экономикалык түзүмдөн тартып, башкаруу түзүмүнө чейинки бардык тармактарды өз ичине алган мабдаъ камтылган. Исламга кайтуубуздун убагы келбедиби?!

Харун Абдулхак

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here