АКШ КҮЧТӨРҮ КАЙДА ЖАЙГАШАТ

307
0

АКШ күчтөрү кайда жайгашат

Акыркы күндөрү маалымат каражаттарында АКШ Афганистандан күчтөрүн алып чыгып жатканына байланыштуу америкалык аскерийлер АКШ күчтөрүн Борбор Азияга жайгаштыруусу мүмкүн деген кабарлар тарап жатат. Ал эми, 15-апрелде АКШнын расмийлери региондогу базаларды колдонуу боюнча Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан бийликтери менен байланышканы айтылды.

АКШ Афганистандан аскерлерин алып чыкканы турат. Бирок, бул, Америка таасири Афганистандан толук чыгат дегенди билдирбейт, а түгүл, белгиленген 11-сентябрга чейин АКШ күчтөрү толук чыгып кетиши да күмөн. Америка  Афганистандан пайдаланып, Борбор Азия өлкөлөрүндө базаларды ачууга ыктагандай көрүнөт. Бул, Американын араб өлкөлөрүндө колдонгон вариантка окшойт. Маселен, АКШ Саддам Хусейинди шылтоолоп Саудия жана Перс булуңундагы араб өлкөлөрүндө өзүнүн аскерий базаларын ачкан. Ал эми, бүгүнкү күнгө келип Саддамдын ролун Иран аткарууда. Тагырагы, АКШ бул араб өлкөлөрүн Иран коркунучу менен коркутуп, региондо базаларын сактап калды, жада калса, Саудияда болгондой, жаңыларын ачууга камданууда.

Эгер, АКШ ушул вариант менен жүрө турган болсо, анда батышчыл маалымат каражаттары “Борбор Азия үчүн Афганистандагы Талибан жана ИГИЛ коркунучу чоң” деп сайрай башташат. Региондо АКШ базаларын ачууга шарт жаратуу үчүн Иран сыяктуу эле Афганистан коркунуч кылып көрсөтүлөт.

Андыктан, мусулмандар өлкөдө ар кандай чет элдик аскерий базалардын ачылышына каршы туруусу керек. Себеби, Ислам мындан кайтарууда.

Харун Абдулхак

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here