Түркиянын регионалдык саясаты АКШнын кызыкчылыктарына кызмат кылууда

286
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Түркиянын регионалдык саясаты АКШнын кызыкчылыктарына кызмат кылууда

 Устаз Абу Хамза Хутваний

Түркиянын тышкы саясатын терең үйрөнгөн киши ушуларга күбө болот: Түркия өзүнүн регионалдык кызыкчылыктарын ишке ашырса да, бирок, негизинен АКШнын кызыкчылыгына кызмат кылат. Айрыкча, экономикалык жана саясий иштерде Американын тышкы саясатынын алкагынан чыкпайт.

Мисалы, Түркия яхудий вужуду, Мисир, Греция жана Кипр менен биргеликте Чыгыш Жер Ортолук деңизден Европага газ түтүгүн өткөргөн «EastMed» линиясында катышууга чакырылды. Яхудий вужудунун энергетика министри Юваль Штайниц анын өкмөтү региондогу мамлекеттер менен карама-каршылыкка барбашын, тескерисинче, Чыгыш Жер Ортолук деңиздин газы аатында Түркияны «регионалдык шериктеш» кылууга даяр экенин билдирди.

Түпкүлүгүндө, бул долбоор Американын региондогу эң узун жана эң терең суу астындагы газ түтүгү долбоору болуп эсептелет. Аны Американын эң ири компаниялары көзөмөлдөйт жана инвестиция жаткырат. Бул долбоор Европа Союзу мамлекеттеринин табигый газга болгон муктаждыгынын 10 пайызын камсыздоого багытталган. Американын максаты – газ жаатында Европанын Россияга көз карандылыгын азайтуу, «Түндүк агым-2» деп аталган Россия-Германия линиясына сокку берүү же аны менен атаандашып, маанилүүлүгүн төмөндөтүү.

Эгер, Американын басымы болбогондо Түркия бул линияга кызматташууга чакырылбайт эле. Айрыкча, Түркия Греция жана Кипр менен Жер Ортолук деңиздеги континенталдык шельф маселесинде душмандык абалында турганда Түркия буга чакырылмак эмес.

Өткөн жылы яхудий вужуду, Греция жана Кипр жарыялаган бул «EastMed» линиясында кызматташууга, түпкүлүгүндө, Түркия жакындаштырылбаган жана бул Түркиянын ачуусун келтирген болчу. Америка бул линиянын ийгилиги Түркиянын катышуусуна байланыштуу деп эсептеп жаткан көрүнөт. Ошондуктан, анын кызматташуусуна аракет кылды. Бул аракетин эки жол аркылуу ишке ашырды. Биринчи: Түркия бул долбоорго кошулууга яхудий вужуду аркылуу чакырылды. Экинчи: Түркияга Жер Ортолук деңиздеги континенталдык шельфтен үлүш берилди. Муну менен Түркиянын кызыкчылыгын бузбастан, деңиз чегаралары кайра демаркациялана турган болду. Кипр өзү менен Греция ортосундагы мурунку демаркацияда Түркия менен эсептешпестен өз үлүшүн алган. Башка тараптан Мисир жана яхудий вужуду ортосундагы демаркацияда да кудум ушундай болгон, Түркиянын ыраазылыгы алынбаган. Бул нерсе Түркияны Файз Сарраж өкмөтү аркылуу Ливия менен чегараларды демаркациялоо келишимине кол коюуга мажбур кылды. Ошентип, бул регион деңиз чегараларын демаркациялоо лабиринтине кирип калып, бир жактан Түркия менен Греция Кипри жана Греция ортосунда карама-каршылык жүзөгө келген.

Америка Түркияны «EastMed» долбоорунан алыстатуу долбоордун ийгиликсиздигине алып барат деп эсептеди жана аны долбоорго кошуу чакырыгын колдоп-кубаттады. АКШ регион мамлекеттерине чегараларды демаркациялоого жана Түркияга континенталдык шельф изилдөөсүнөн үлүш берүүгө басым кылды. Бул үлүш Кипр аралындагы үлүштөн көп.

Келечекте Түркиянын «EastMed» долбоору боюнча аракет кылышына Ливиядагы Абдулхамид Дабиба жетектеген жаңы өкмөттүн эки келишимди жактырганы тастыктап турат. Бири коопсуздук, экинчиси деңиз чегараларын демаркациялоо жөнүндөгү бул эки келишим Түркия менен Ливия ортосунда болуп, ага Триполидеги өкмөттүн мурдагы премьер-министри Файз Сарраж менен Эрдаган өкмөтү кол койду. Келишимге Мисир да, Ливиядагы күрөштөн кызыкдар мамлекеттердин бири да каршылык билдиришпеди. Бул ушуга далалат кылат: Түркия менен Греция ортосундагы Жер Ортолук деңиздин газын бөлүшүүдө карама-каршылыктар болушуна карабастан, Америка Түркиянын «EastMed» долбооруна катышуусуна катуу кызыгууда.

Американын бул жаңы багытын тастыктап жаткан дагы бир нерсени Мисир-Түркия ортосундагы жакында башталган жакындашууда да көрүп жатабыз. Эки мамлекеттин ортосундагы мамилелерде түпкү өзгөрүү деп бааланып жаткан бул жакындашууда Түркия режими Мисир оппозициясын колдоп-кубаттоону токтотту жана бул оппозициянын Түркиядан эфирге чыгып жаткан Мисир каналдарынын саясий ишмердигине тыюу салды. Мунун тушунда, Мисир Түркиянын тарабын алып, анын континенталдык шельфин Түркиянын пайдасына бөлүнүшүн о.э. Түркиянын Греция жана Кипр менен болгон мурдагы келишиминен баш тартышын колдоп-кубаттады.

Түркиянын Афганистандагы абалга карата саясатына келсек, ушул күндөрдө бул саясат Байдендин Афганистанга тиешелүү жаңы саясатына кызмат кылууда. Буга Ашраф Ганинин өкмөтү менен Талибан кыймылы ортосундагы конференция Түркияда өтөрү мисал боло алат. Бул жаатта алгач Түркия тышкы иштер министри Мавлуд Човушоглу Катарга сапар кылып, ал жерде расмий жолугушуу өткөрдү. Ошол эле убакта, Россиянын тышкы иштер министри Лавров да Катарга иш сапар менен барды. Ошондой эле, Доха да АКШнын Афганистандагы өкүлү Залмай Халилзад менен БУУнун Афганистандагы атайын өкүлү Дебора Лайонстун жолугушуусу болуп өттү.

АКШ президенти Байден Түркия президенти Эрдаганды Түркиядагы демократия жана адам укуктары боюнча сындап, ушул аркылуу ага карата кескин позицияда турган болсо да, бирок, бул сыртынан ушундай болуп, АКШ-Түркия ортосундагы бекем мамилелерге таасир кылбайт. Бул бекем мамилелерге бул эки мамлекет аскерий деңиз күчтөрү ортосунда биргелешкен машыгууларды өткөрүшү дагы бир мисал болот. Эки мамлекет ортосунда аскерий кызматташтык деңгээлин бекемдөө үчүн Чыгыш Жер Ортолук деңизде биргелешкен аскерий машыгууларды өткөрүү жөнүндө келишим болду. Түрк булактары баса белгилешинче, бейшемби күнү Түркиянын «TCG Gemlik» фрегаты АКШнын учак ташыган «Eisenhower» кемесинин катарында машыгуу өткөрөт.

Түркия – Америка үчүн региондогу маанилүү мамлекет. Ал НАТОнун активдүү мүчөсү. Америка бул мамлекеттен Сирия менен Ливияда Россиянын катышуусунда пайдаланууда жана бул эки мамлекетте Түркия аркылуу ийгиликтүү миссия алып барды. Америка Түркиядан Азербайжанда да пайдаланды. Яманда да Саудия менен бирге пайдаланышы мүмкүн. Мисалы, бир катар кабарларга ылайык, Түркия Саудия менен алакаларды бекемдеп жатат о.э. Саудияны Түркияда иштелип чыккан учкучсуз башкарылган самолёттор менен камсыздоодо. Мындан – Эмираттардын Ямандагы ролу күчөп кеткендиктен Саудиянын ал жердеги ролун күчөтүү көздөлгөн.

 

Роя гезити, №333, 2021-жыл, 7-апрель.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here