Бишкекте намаздарга, ооз ачуу, дааватка чектөө киргизүү сунушталды
Бишкек шаарында коронавирус шылтоосу менен мечиттерде жамаат менен намаз окууга, жума намазга, айт намазга чогулууга, орозо маалында ооз ачарга эл чогултууга жана дааватка чыгууга убактылуу чектөө киргизүү сунушталды. Мындай сунушту Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги Мамлекеттик санэпидкөзөмөл борборуна жиберген. Аталган борбордун адистери сунуш мутфиятка жолдонгонун 23-апрелде билдиришти.
Муфтияттын басма сөз катчысы Максат Атабаев маселе каралып жатканын айтты.
Санэпидкөзөмөл борбору той, жыйын сыяктуу эл көп чогулган иш-чараларга тыюу салуу, же чектөө киргизүү маселеси Коронавируска каршы республикалык штабдын чечимине жараша чечилерин маалымдады.
Белгилүү болгондой, өткөн жылы да шайлоо астында бийликтин кызыкчылыгына ылайык пандемиялык коркунучтар көбүртүлүп көрсөтүлгөн. А түгүл, расмий аткаминерлер пандемиянын 2-толкуну боюнча сөз таркаткан.
Учурда болсо жергиликтүү кеңешке өтпөй калган партиялардын ич күптүсү, опозициянын жаңы конституцияга жана чегара маселесине чабуулу, элдин казино ачуу жана электр энергиясынын тарифин көтөрүүгө нааразылыгы бийликке кооп туудуруп жатат. Мындайда болсо, адатка айланып бараткандай, элдин топтолуусуна каршы чара көрүү мусулмандардын ибадаттарына чектөө киргизүү менен башталмакчы болууда.