“Светтин” баасын арзандатууну убада кылган Жапаров тарифти өзгөртүүнү сунуштады
Президент Садыр Жапаров энергетика тармагындагы адистерди чогултуп, энергетика тармагындагы көйгөйлөрдү талкуулады. Бул тууралуу мамлекет башчы өзү «Фейсбуктагы» баракчасында жазып, анда сүйлөгөн сөзүн толук жарыялады.
Жапаров өз сөзүндө энергетика системасы терең кризисте экенин белгилеп, бул тармакта жүрүп жаткан иштер, реформалар жана тарифтер тууралуу сөз кылды. Ал жагдайды оңдоо үчүн кечиктирилгис чукул чараларды көрүү учур талабы экенине токтолду. Анын айтымында, кыргыз энергетикасынын карызы 129 миллиард сомго жеткен.
Садыр Жапаров көйгөйдү чечүү үчүн биринчи кезекте электрдин тарифин көтөрүү зарыл экенин, бул үчүн бир нече баскычтуу сунуш бар экенин ортого салды. Ал жарык пайдалануучуларды катмарга бөлүп, бааны ошого жараша коюу керектигин айтты.
Президент Садыр Жапаров учурдагы 700 КВт сааттык чектөөнү алып салуу боюнча тапшырма берген.
Мамлекет башчы «турмушу начар үй-бүлөлөргө 74 тыйын кылып, чектөөнү алып салуу» керек деди. Ал расмий эсепте Кыргызстанда аз камсыз болгон 110 миң үй-бүлө бар экенин ортого салды.
«Тоолуу жана жашоо-шарттары оор алыскы райондорго 1 сом 04 тыйындан берип, чектөөнү таптакыр алып салалы деген сунуштар бар. Ал эми, жашоо-турмушу кудайга шүгүр үй-бүлөлөргө 1 сом 48 тыйындан сатуу сунушталып жатат. Бирок, суунун тартыштыгына байланыштуу ушул категориядагыларга кышкы мезгилдерде 1000 кВт сааттан ашса 2 сом 29 тыйындан болсун деген сунуштар бар. Бул бүгүнкү күндөгү электрэнергиянын өздүк наркы. Кудай буюрса, сууну толтуруп алсак, кийин чектөөнү алып салабыз. Азыркы тапта суунун көлөмү жогорулай баштады. Ушул кадамдарга барганыбызда гана биз 2025-жылга барып энергетикалык кризистен чыгат экенбиз», – деп айтылат президент Садыр Жапаровдун сөзүндө.
Комментарий: Садыр Жапаров президенттин жана премьер-министрдин милдетин аткаруучу болуп турган кезинде эл менен жолугушууларда элдин негизги талабы электр энергиясына бааны төмөндөтүү жана 700 киловаттык чектөөнү алып салуу болгон эле. Жапаров Нарын облусуна сапары учурунда электр энергиясына чектөө жаздан тартып алынат деген убада берген.
“Бул кышта эмес, жаздан баштап алса болот экен. Азыр деле алсак болот. Бирок эл деген эл. Чектөөнү алды дегенде, электр энергиясын үнөмдөп отурган эл көмүрдү таштап салып, бардыгыңар электр энергиясына өтүп кетет экенсиңер. Анда трансформаторлордун баары жарылып, араң иштеп жаткан электр зымдары күйөт экен”, – деген эле Жапаров.
Жаз келип, күн жылый баштаган соң, Жапаров убадасын “аткарды” т.а. чектөөлөрдү алып салуу тапшырмасын берди, бирок ошол эле убакта электр энергиянын баасын эки эсеге көтөрүү сунушун киргизди. Жапаров кыргыз энергетикасынын карызы 129 миллиард сомго жеткенин айтты. Бирок, бул карыздар кантип пайда болгонуна басым жасаган жок.
Мындан тышкары, Жапаров тим эле айкөлдүк кылып, “турмушу начар үй-бүлөлөр” үчүн электрдин баасын 74 тыйынга түшүрүүнү сунуштады. Бирок, турмушу начар үй-бүлөлөр катип аныкталат жана үй-бүлө турмушу начар экендигин кантип далилдейт? Же, бул жеңилдетүү да балдарга жөлөк пул алуу үчүн бир топ кагаздарды толтуруудан “аман-эсен” өтүп алгандар үчүн болобу? Белгилүү болгондой, үйүндө бир баш жандыгы, телевизору же кир жуугуч машинасы бар үй-бүлөлөрдүн балдарына жөлөк пул берилбейт.
Мындан тышкары, Жапаров дал ошол электр энергиясынын баасын түшүрүүнү сураган алыскы тоолуу аймактагы нарындыктар үчүн бааны 1 сом 04 тыйын кылууну сунуштады. Бул болсо жаз-жай мезгилдеринде ансыз деле 700 КВттык чектен ашыкча пайдаланбай турган тургундар үчүн бааны арзандатуу болобу? Же карапайым калкты келесоо көрүп жатабы? “Жашоо шарты оор болгон” үй-бүлөлөр үчүн бааны 1 сом 48 тыйын кылып белгилөө жана мунун үстүнө 1000 кВттык чекти киргизүү, андан ашканы үчүн 2 сом 29 тыйын деп белгилөө бааны эки эсеге көтөрүү эмеспи? Бул үй-бүлөлөр да жаз-жай мезгилдеринде 700 КВттан ашык пайдаланбашы анык эмеспи?
Ошентип, Садыр Жапаров бийликке келгенге чейин колдоп-кубаттаган, күндөп-түндөп митингдерде “даканса” деп туруп берген кыргыз калкынын жакшылыгын электрдин баасын эки эсеге көтөрүү менен кайтармакчы болууда. Азык-түлүк, бензин жана башка күнүмдүк керектелүүчү товарлардын баасы күн сайын кымбаттап жатышы эл үчүн “бонус” болууда.
Эй Кыргызстан калкы, бийликке келгенге чейин коюнуңарды куру жаңгакка толтуруп, куру убадаларды берип келген президенттерди алмаштыруудан чарчаган жоксуңарбы? Адамдарды эмес, бузук капиталисттик-демократиялык түзүмдү алмаштыруунун убагы келбедиби?
Абдурахман Адилов