Кыргызстан мыйзамдарына «саясий экстремизм» түшүнүгү киргизилип жатат

224
0

Кыргызстан мыйзамдарына «саясий экстремизм» түшүнүгү киргизилип жатат

Кыргызстанда тийиштүү мыйзамдарга «саясий экстремизм» деген түшүнүк киргизилип жатат. Өкмөт, анын ичинде Ички иштер министрлиги бул берене экстремизм менен күрөшүү үчүн кабыл алынып жатканын кабарлоодо. Аталган мыйзам долбоорду өкмөт сунуштап, Жогорку Кеңештин 15-апрелдеги жыйынында көпчүлүк добуш менен биринчи окуудан өттү. Муну менен Жазык кодексине жана Жазык-процесстик кодексине толуктоолор кирмекчи. Бул үчүн жооптуу Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев болууда.

Белгилей кетсек, аталган мыйзам долбоору Орусия Жазык кодексине 2007-жылы кошулган. Учурда Кыргызстан абактарында 198 жаран экстремизм шылтоосунун курмандыгына айланып, жаза өтөп жатат.

Түпкүлүгүндө, “экстремизмди” Исламга каршы күрөшүү үчүн Америка ойлоп тапкан. А Россия аны өз кызыкчылыгы жолунда иштетип, аймакта мусулмандарды өз таасири астында кармап туруу үчүн жасалма теракттарды уюштуруу менен өзүнүн позициясын бекемдеп келет. Анын бул кызыкчылыгын ага малай акимдер өз күрсүсүн сактап калуу максатында, бири ашыгы менен, экинчиси отчет үчүн аткарып келет.

Мыйзамды кабыл алууга шылтоо кылынып жаткан ШКУ уюмунда “экстремизм” терминине «Ыңгайлуу убакыттан пайдаланып бийликти күч менен басып алуу же ушул сыяктуу аракеттерди ишке ашыруу о.э. конституцияны бузуу жолу менен бийликти ээлеп алуу аракеттери. Ушул максатка жетүү үчүн куралдуу уюмдарды түзүү же ага мүчө болуу» деп аныктама берилген. (Шанхай конвенциясы 15.06.2001.)
Демек, бул аныктамага карасак, бийликти 2005, 2010, 2020-жылдары басып алган саясий топтор экстремисттер болуп эсептелет. А бирок, ар келген бийлик күрсүгө отурары менен экстремизм шылтоосу астында мусулмандарга каршы күрөшүп келет. Акыркы бийлик да бул салтты улап муслима жана мусулмандарды жалган жалаа менен камактарга алып, үйлөрүн тинтүү менен бирге мыйзамдарды катаалдандыра баштады.

Жыйынтыктап айтканда “Экстремизм” бир куфр термини болуп, ал ушул учурда жалаң гана Исламга жана мусулмандарга каршы иштетилип жатат. Бирок ушул терминге түшө турган (экстремисттик) жол менен бийликке келгендерге болсо этибар берилбейт. Тескерисинче, эл аралык саясат басымы астында алардын демократиялык акы-укуктары мамлекет тарабынан кепилдениши талап кылынат. Демек, “Экстремизм, терроризм…” терминдери артында демократияга негизделген капиталисттик дүйнөлүк башкаруу системасы турат. Алар Исламдын дүйнөлүк башкаруу системасына кайтышынын алдын алыш үчүн иштетилет.

Ошондуктан, мусулмандар бул терминдерден пайдалануулары жана бири-бирлерин ушундай атамалар менен атап, куфрга кызмат кылуулары арам! Мындай атамаларды, ал тургай, күндөлүк жашообузда колдонбошубуз керек!

Мумтаз Маверранахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here