Американын Орусия жана Кытайга карата саясаты

177
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Суроожооб

Американын Орусия жана Кытайга карата саясаты

Суроо:

Байден башында турган Американын жаңы администрациясы Кытай менен Россияга карата чабуул баштап, ошол эле учурда өнөктөштүк мамилелерди чыңдап, кээ бир өлкөлөр менен эски союздаштыгын жандандыра баштады. Америка бул эки мамлекетке карата саясатын кандайча жүргүзөт жана анын максаты кандай? Бул администрация мурункусунан айырмаланабы?

Жооп:

Жаңы администрациянын иш-аракеттерин карап чыгуу аркылуу биз АКШнын саясатынын мүнөзүн жана максаттарын көрсөтөбүз:

  • 2021-жылы 12-мартта АКШ президенти Байден Австралиянын премьер-министри Скотт Моррисон, Индиянын премьер-министри Нарендра Моди жана Япониянын лидери Суга менен интернет аркылуу конференция өткөрдү. Күндөн-күнгө өсүп келе жаткан Кытайдын аскердик жана экономикалык кубатына каршы туруу аракетинде бул өлкөлөр Американын көз карашында негизги орунду ээлейт. Байден: «Индия жана Тынч океанындагы эркин жана ачык аймак бардыгыбыздын келечегибиз үчүн абдан маанилүү. Америка силер менен, жана аймактагы бардык өнөктөш союздаштарыбыз менен туруктуулукка жетүү үчүн иштешүүгө даяр», – деди. (Шаркул Авсад, 13.03.21). Андан кийин 2021-жылы 13-мартта АКШнын Коргоо министри Ллойд Остиндин билдирүүсүндө «Ал Азияга бир жумалык иш сапары менен барары, ал Токио, Сеул жана Нью-Делиге барып, Американын союздаштары менен аймактагы аскерий кызматташтыкты өркүндөтүү жолдорун жана Кытайга каршы ишенимдүү тоскоолдукту жаратуу тууралуу талкуу» кылаары айтылды. «Ал Токио менен Сеулдагы кесиптештери менен жолугушуу үчүн Токиодо АКШнын мамлекеттик катчысы менен кошулуп иш алып барат. Бул Байден командасы, Кытай Коммунисттик партиясынын тышкы байланыштар боюнча жооптуусу Ян Цзечи жана Кытайдын тышкы иштер министри Ван И менен Аляскадагы биринчи жолугушуусунун алдында болот». (Шаркул Авсад, 14.03.21). Ага Гонконг, Синьцзян (Чыгыш Түркстан), Тибет, Тайвандагы кырдаалдар жана адам укуктарынын бузулушу кирет.
  • 2021-жылы 20-мартта АКШнын Коргоо министри Ллойд Остин мындай деди: «Биз сөзсүз түрдө бардык союздаштарыбызды жана өнөктөштөрүбүздү Россия аскерий жабдууларынан алыс болууга жана биз тараптан санкцияларга алып келүүчү ар кандай формадагы сатып алуулардан оолак болууга чакырабыз… Индия Россиянын С-400 абадан коргонуу тутумундагы эч кандай жүктү алган жок, ошондуктан ага карата санкция киргизүү мүмкүнчүлүгү талкууланган жок», – деди. (Аль-жазиира, 20.03.21). Индия премьер-министри Моди менен Орусия президенти Путин 2018-жылы 5,4 миллиард долларга бааланган орусиялык С-400 абадан коргонуу тутумун сатып алуу боюнча келишимге кол коюшкан. Индия келишимдин алгачкы төлөмү катары 2019-жылы 800 миллион доллар төлөгөн. Бул ракеталардын биринчи партиясы ушул жылдын аягында келээри күтүлүп жаткан. Остиндин Индияга сапары АКШ Кытайдын чөлкөмдөгү таасирине тоскоолдук жаратууну жана Россияга карата кысым көрсөттүүнү көздөгөн өлкөлөрдүн альянсын түзүү аракетинин алкагында жүрөт. АКШ коргонуу компаниялары Индияны аскерий жабдуулар менен камсыз кылуу боюнча миллиарддаган долларлык келишимдерге кол коюшкан, анын ичинде Индиянын куралдуу күчтөрүн модернизациялоо алкагында 150 согуштук тик учактарды сатып алуу мерчеми бар. Белгилей кетсек, Россия Индияга курал-жарак жеткирүүчү ири өлкө болуп саналат. Индия – Түркия С-400 системасын сатып алганда тушуккан санкциялар сыяктуу – АКШнын санкцияларынан чочулады. 2014-жылы бийликке келгенден бери Моди Американын саясатын кармангандыгы себептүү Индия менен Америка мамилелери бекемделди. 2016-жылы Америка Индияны «коргонуунун ири өнөктөшү» деп жарыялагандан бери Америка менен Индия аскерий так куралдардын өткөрүлүп берилишин жеңилдетүү жана аскердик кызматташтыкты тереңдетүү боюнча бир катар келишимдерге кол коюшту. Америка Индия Америкасыз куралданып албашы үчүн Орусиянын С-400 коргонуу тутумун жана башка куралдарды сатып алуудан толугу менен баш тартышын каалайт. Бул жагдай Британияга ыктаган Индия Конгресс партиясы ондогон жылдар бою Индияны башкарып турган мезгилде Америка таасирин ооздуктоо максаттында Советтер Союзунан, андан кийинки доордо Орусиядан курал-жарак сатып алуу саясаттынан айырмаланып турат. Бирок, Америка Жаната партиясындагы кадрларын Индиядагы бийликке жеткирүү мүмкүнчүлүгүн тапканда, ал Индиядагы Британиянын таасирин аягына чыгаруу, Индиянын саясий жана аскерий маселелерин көзөмөлгө алуу максатында Индияны куралдантуу аркылуу аны менен алакасын тыгыздоо ишин баштады.
  • Ошол эле учурда, Америка Кытай менен диалог жүргүзүп жана ага түздөн-түз кысым көрсөттүү иш-аракетин алып барды. 2021-жылы 18-мартта Аляскада Америка жана Кытай мамлекеттик министрликтеринин ортосунда жолугушуу жаряны болду, анда АКШ Мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен: «Кытайдын иш-аракеттери глобалдык туруктуулукту кепилдеген эрежелерге негизделген тутумга коркунуч келтирүүдө… Кытайдагы Синьцзянга (Чыгыш Түркстанга) байланыштуу терең тынчсыздануубузду талкуулайбыз… Гонконг жана Тайвань, ошондой эле АКШга каршы кибер чабуулдар жана биздин союздаштарыбызга каршы экономикалык мажбурлоо… бул иш-аракеттердин ар бири глобалдык туруктуулукту сактаган эрежелерге негизделген тартипке коркунуч келтирет», – деди. Буга каршы Кытайдын Коммунисттик партиясынын тышкы байланыштар боюнча жооптуусу Ян Цзечи: «Кытай АКШнын Кытайдын ички ишине кийлигишүүсүнө караманча каршы… Биз мындай кийлигишүүгө каршы экенибизди билдирдик жана жооп кайтаруу үчүн чечкиндүү чараларды көрөбүз. Эмне кылуу керек, кансыз согуштун менталитетинен баш тартуу керек», – деди. (Reuters 19.03.21). Бул жерде Америка Кытайга каршы психологиялык жана медиа согушу жүрүшүндө диалог деген ат менен түздөн-түз кысым көрсөтүп, аны дүйнөнүн алдында адам укуктарын бузуп жатат деп жаманатты кылууну каалайт. Бирок Америка адам укуктары үчүн кам көрүп жаткан жок. Тескерисинче, ал адам укуктарын коргоону Кытайга басым жасоо картасы катары ишке салды. Бирок, кытайлыктар ага кол салган жерден ага каршы жооп кайтарышкандыктан, ал аны ишке ашыра алган жок, анткени Америка өз ичинде жана сыртында адам укуктарын бузуп жатат. Ошондой эле, ал дагы адам укуктарынын басмырлануусу жаатында Кытай сыяктуу айыпталууда. Бул, анын башка өлкөлөргө үстөмдүк кылып, аларга өзүнүн гегемониясын таңуулап, аларды шантаж кылып, байлыктарын талап-тоноо үстүндө иштеп жаткандыгынан тышкарысы.
  • Азыркы учурда Байден башында турган жаңы администрация Трамптын администрациясы баштаган соода согушу улана берерине ишаара кылды. Бирок, (бул согуш) союздаштарды жана башка күчтөрдү топтоо менен биргеликте уланат. Блинкен Сенаттын Эл аралык байланыштар боюнча комитетинин алдында ушуну жарыялады: «Кытай башка өлкөлөргө караганда биз үчүн эң чоң чакырык экендиги талашсыз, бирок бул татаал чакырык. Америка Кытай менен жакындашууну алсыздык эмес, күч принцибинен башташы керек. Бул күч принцибинин бир бөлүгү – союздаштар жана эл аралык институттар менен өнөктөштүк түзүп иштешүү… Президент Трамптын бир катар чөйрөлөрдөгү кадамдарына көп деле макул эмес болсом да, Кытайга карата катуу позицияны карманганы туура болгон деп дагы эсептейм. Бирок, негизинен бул туура болгон жана бул биздин тышкы саясат үчүн пайдалуу болду деп ойлойм». (Анадолу, 20.01.21). Башкача айтканда, Американын Кытайга карата саясаты бир багытта баратат. Бирок, ар башка админстрация учурунда ар башка ыкмада алып барылат. Камтуу саясаты аягына чыкты, анын «Кытайдын» аймакта жана чет өлкөлөрдө кеңейишин чектөө максатында аны менен тирешуү саясаты башталды.
  • Америка Кытай экспансиясынан коркконун ачык жарыялады. Президент Байден: «Эгер биз аракет кылбасак, «кытайлар» биздин түшкү тамакты жеп кетишет. Алардын темир жол жаатында жаңы демилгелери бар… Кытай электр унаа технологиясында ылдам ийгиликтерге жетишип жатат…», – деди. 2021-жылы 10-январда күнү ал кытайлык кесиптеши Си Цзиньпин менен «эки саат бою адам укуктары, соода жана коопсуздук сыяктуу көптөгөн маселелер боюнча сүйлөштүм» деди. Ак үйдүн пресс-катчысы Жен Псаки: «Менин оюмча, президенттин көз карашында биз Кытай менен атаандашабыз. Ал бул чакырыктын тереңдиги жөнүндө ачык айтты», – деди. (Wall Street Journal, 12.02.21). Байден өз өлкөсүнүн тынчсыздануусун дагы бир жолу тастыктап мындай деди: «Америка Кошмо Штаттары менен Кытайдын ортосунда катуу атаандаштык жүрүп жатат, экинчиси күч жана таасир жагынан дүйнөдөгү биринчи өлкө болууга умтулуп жатат». Ал Ак үйдө отурганда эле Кытай ал каалагандай болуп кетпестигине жана 27 мамлекеттин башчылары менен байланышып, Бээжинге карай кийинки кадамдарды макулдашууга убада берип: «Биз Кытайды тергеп-тескейбиз, айрыкча Түштүк Кытай деңизинде эрежелерди урматтоону талап кылабыз», – деди. (Аль-Жазира, 25.03.21). Ушул айдын башында Байдендин администрациясы «Улуттук Коопсуздук Стратегиясынын Убактылуу Стратегиялык багыты» деген документти жарыялаган. Ал документ Улуттук коопсуздук органдары глобалдык чакырыктарга жооп берүү үчүн жаңы администрациянын директиваларын камтыйт. Кичине көлөмдөгү 20 беттен ашпаган бул документте Кытай 15 жолу көрсөтүлгөн, Россия 5 гана жолу айтылган!
  • Америка Кытай Түштүк Кытай деңизин жана анын аймагын көзөмөлдөй элек деп эсептейт. Америка Кытай муну жасоого аракет кылып жатат, андыктан бул көзөмөлдүн алдын алып, аны ушул чөлкөмдөгү өлкөлөр аркылуу алек кылгысы келет. Аны тараптан курчалып турган аймактык держава бойдон калтырууга аракет кылып жатат. Түштүк Кытай деңизинде, Индонезия, Малайзия, Филиппин жана Вьетнам баш болгон көптөгөн мамлекеттер бар, Америка аларды Кытайга каршы аракетке келтирүүгө умтулууда. Тынч океанындагы ушул деңизге жакын Австралия бар, Америка аны менен Кытайга каршы иштешет. Чыгыш Кытай деңизинде Япония, Тайвань жана Түштүк Корея бар жана бул өлкөлөр Американын союздаштары болуп эсептелет. Америка Кытай менен Тайвандын ыктыярдуу биригүүсүнүн шарты менен бирдиктүү Кытайды тааныды. Трамп доорунда Америка бул таануудан артка чегинген. Ошондуктан, Кытай Тайванды басып алабыз деп коркутууга алды, Трамп артка чегинип, бирдиктүү Кытайды тааныган. Бул Америка 1979-жылы Кытай менен кол койгон келишимде көрсөтүлгөн. Келишимде, эгер Кытай менен Тайван биримдиги бара-бара өз ара түшүнүү, экономикалык жана саясий жакындашуулар аркылуу жетишилсе, бирдиктүү Кытайды таануу камтылган. Бирок, Америка тоскоолдуктарды жаратууда. Тайванды саясий жана экономикалык жактан куралдантуу жаатында иш алып барды. (Endopam). 2021-жылы 10-мартта Индия жана Тынч океанындагы АКШ күчтөрүнүн командачысы адмирал Филип Дэвидсон Кытай Тайванга 6 жыл аралыгында, башкача айтканда, 2027-жылга чейин басып кириши мүмкүндүгү тууралуу эскерттип Конгресстин алдында мындай деди: «Мен кытайлар 2050-жылга чейин бул аймактагы эң ири аскерий держава катары АКШны алмаштыруу долбоорун тездетет деп корком». (Аль-Жазира, 11.03.21). Америка Кытай Тайванды аннексиялап алуусунан коркот. Тайван Американын таануусу менен Кытайдын бир бөлүгү деп эсептелмек, бирок буга жетишүү создуктурулду, Америка бул биримдиктин ишке ашышына тоскоолдук кылуусунан жана айла-амалдарынан Кытай тажап кетти. Кытай Америка Тайвандын Кытайга бириктирилишин каалабай жаткандыгын түшүндү. Кытайдан Тайванга карата олуттуу коркунуч бар. Ал аны күч менен кошуп алууга кудуреттүү. Бирок, Кытай ушул кадамга барса, Америка башында турган дүйнө өлкөлөрү ага каршы чыгаарынан кооптонуп, Америка жана башка көптөгөн мамлекеттер менен болгон соода мамилелерин жоготкусу келбейт.
  • Бирок, маселе Кытайга караганда Россия менен бир аз башкача. Россия Борбор Азияда, Кавказда жана Чыгыш Европанын Украинага чейинки бир бөлүгүндө Советтер Союзунун доорунан бери келе жаткан таасирге ээ. Америка ага кысым кылып, ал ээлеген аймакка жайгашып, таасирин кеңейтүү үчүн аны менен атаандашат. Ал ээлеген аймактардын кээ бирлерине кирип кетүүгө мүмкүнчүлүк тапты, бирок ал азырынча туруктуу таасирге ээ боло алган жок. Ошол эле учурда, ал Россияга карата көптөгөн саясий, экономикалык, медиа жана психологиялык деңгээлдеги кысымын улантууда. Ошондуктан, АКШ президенти Байден орусиялык оппозициячыл Алексей Навальныйды ууландыруу маселесине байланыштуу берген жообунда Россия президенти Путинди «канкор» деп мүнөздөдү. Ал: «Кремль бул айыптоолор чындыкка дал келбейт деп айткан менен, Орусиянын былтыркы Америкадагы шайлоого кийлигишүү аракетинин кесепети болот», – деди. Ал кийлигишүүлөрдүн баасын төлөнө тургандыгын убада кылып мындай деди: «Путин анын баасын төлөйт…». Путин менен өткөн январь айынын аягында телефон аркылуу сүйлөшкөндө ага жооп болушу мүмкүн деп эскерткендигин белгиледи. Анын кесепеттери жөнүндөгү суроого ал минтип жооп берди: «Жакында аны көрөсүздөр». (ABC America, 21.03.21). Бул нерсе жакында Орусияга карата дагы санкциялардын киргизилишине ишаара кылат.

Эң таң калычтуусу, Путиндин жообу өтө күчсүз болду, а түгүл, ал басынылып мындай деди: «Москва Вашингтон менен байланышын үзбөйт, тескерисинче, Орусиянын кызыкчылыгына негизделип АКШ менен кызматташат». (Russian TV, 18.03.21). Бул Россиянын алсыздыгынын деңгээлин жана АКШ Украина, Крым жана Европа жаатында ага каршы киргизе турган санкциялар, кысымдар кампанияларынан коркуп жаткандыгын көрсөтөт. Россия Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин Байдендин президент Путинге жана анын өлкөсүнө жасаган чабуулун мындай сыпаттады: «Бардык орустарды кемсинтүү. Байден өз билдирүүсү менен биздин өлкөнүн жарандарын кемсинтти. Бул алсыздыктан келип чыккан истерия. Путин – биздин президент, ага чабуул кылуу – бул биздин бүт өлкөбүзгө чабуул кылуу». (Russia Today, 17.03.21). Ал эми, Россия болгону Вашингтондогу элчисин консультацияга чакырды, башка эч нерсе кыла алган жок! Орусиянын президенти Байденди  конференция өткөрүүгө чакырды, бирок Америка аны четке какты, ошондуктан алар муну менен дагы мазакташты. Бул тууралуу Орусиянын Тышкы иштер министрлиги билдирүү таратты: «Эки тараптуу мамилелерде топтолгон көйгөйлөрдү, ошондой эле стратегиялык туруктуулукка байланыштуу маселелерди талкуулоо үчүн Владимир Путиндин 19 же 22-мартта АКШнын президенти Жо Байден менен видео конференция аркылуу ачык сүйлөшүү жүргүзүү сунушуна АКШ тараптын жооп бербегени өкүндүрөт. Ошондуктан, Америка тарап Вашингтондун күнөөсү себептүү орус-америка мамилелери туңгуюкка кептелген кырдаалдан чыгуунун жолун издөөнүн жаңы мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарды».

  • Ошол себептен улам, Америка Сирияда колдонулуп жаткан Россия  менен бирге жүрүүгө уруксат берген саясаттан Түркиянын баш тартышын каалайт. Тескерисинче, ал Россияны кысымга алуу үчүн аны өз тарабына  тартты. АКШ мамлекеттик катчысы Блинкен түрк кесиптеши Мевлүт Чавушоглу менен 2021-жылы 23-мартта Брюсселде болгон жолугушкандан кийин: «Анкара менен болгон жалпы пикир келишпестиктерге карабастан, Америка жана НАТО Түркияны альянста бекем кармаганга кызыкдар. Түркия узак мөөнөттүү жана баалуу союздаш», – деди. (Reuters, 23.03.21). Ал эми, НАТОнун баш катчысы Столтенберг Түркияны НАТО өлкөлөрүнө көрсөткөн кызматы жана Европаны коргогондугу үчүн: «Европа Биримдигине мүчө болбогон, Сирия жана Ирак менен чектешкен Түркия НАТОну түштүк-чыгыш чек араларында коргоодо абдан маанилүү ролду ойнойт…», – деди. (Анадолу, 06.03.21). Эрдоган буга ыраазылылыгын ашкерелеп, өзүнүн Twitter баракчасына: «Түркия НАТОнун союздашы катары, өзүнө алган бардык милдеттенмелерин аткарууну улантып, глобалдык тынчтыкка жана коопсуздукка кызмат кылат», – деп жазды. Америка Орусияны Сирия режимин сактап калуу жана Америка кызыкчылыгына кызмат кылышы үчүн аны Сирияда калтыруу максатында Түркия Россиянын С-400 ракетадан коргонуу тутумун сатып алышына уруксат берген. Эми Орусияны кайрадан таштап кетүүгө мажбурлап жаткан Америка талабына Түркия жооп берүүгө даяр болуп калды. Россиянын Сириядагы ролуна муктаждык да аягына чыгып калды. Бул, Трамп доорунда башталган Түркияга карата кысым көрсөтүү саясатынын кеңейип уланышы болот. Байден администрациясы 2021-жылы 5-февралда жарыялаган билдирүүдө АКШнын Коргоо министрлигинин өкүлү Кирби: «Түркия С-400дөн баш тартышы керек. Биздин позиция өзгөргөн жок», – деди. Ал Түркияны андан баш тартууга чакырды. Түркия Греция сыяктуу мамиле кылып, кампаларга келип колдонулбаган ракеталарын жайгаштыруу менен чегингендигин көрсөттү. Түркия Коргоо министри Хулуси Акар: «Түркия Америка менен мүмкүн болгон келишимдин алкагында Орусиядан сатып алган С-400 ракета тутумун – бул маселеде чыңалууну азайтуу үчүн – колдонбоого даяр. Биз Грециянын Крит аралында жайгашкан С-300 ракеталары үчүн колдонулуп жаткан моделге окшош моделди сүйлөшүүгө даярбыз», – деди. (Hurriyet, 09.02.21). Кипр бул ракеталарды 1999-жылы Россиядан сатып алган жана Түркия ага каршы болгон. Кийин, аны Критте сактоо үчүн Греция менен макулдашылган. Бул Грециянын менчиги болуп калды, ал ошол күндөн бери, 2013-жылы машыгуу учурунан башка учурда аны колдонбогон.
  • Америка Кытайга каршы саясий, экономикалык, медиа жана психологиялык чабуулду кылгандай эле Орусияга да каршы андай нерселерди пландаштырган. АКШнын Мамлекеттик катчысы Блинкен Сенатта берген көрсөтмөсүндө билдиргендей: «Россия күн тартибинде биринчи орунда турат. Биз бир катар кыйынчылыктар жөнүндө сүйлөштүк. Россиянын бир катар фронттордо чагылдырган чакырыгы да актуалдуу көйгөйлөрдүн бири болуп саналат…». (Анадолу, 20.01.21). Бул тууралуу Ак үйдүн өкүлү Жен Псаки билдирди: «Америка Кошмо Штаттарынын чалгындоо кызматынын отчетунда Россия 2020-жылдагы АКШдагы шайлоого кийлигишүүгө аракет кылган деген көптөн бери козголуп жаткан айыптоолор тастыкталгандан кийин, Россия өзүнүн иш-аракеттери үчүн жоопкерчиликти өзүнө алат. Байден администрациясы Россия менен болгон мамилеге мурдагы республикачыл президент Трамптын мамилесинен айырмаланган негизде иш алып барууда. Орустар өз иш-аракеттери үчүн сөзсүз жооп беришет». (Reuters, 21.03.21). Бул Америка Орусияны Америкага жана анын малайларына каршы козголгон Сирия мусулмандарына каршы колдонгондон кийин ага карата психологиялык чабуулу болуп эсептелет, Америка Орусияны Кытайга каршы колдонууда шантаж кылат. Ошондуктан Ак үйдүн басма сөз катчысы мындай деди: «АКШ президенти Жо Байден президент Путин менен убактысы келгенде жолугушат. Эгерде Байден айтканынан кайтпаса, анда ал Россия менен болгон мамиледе ачык болот…». (Reuters, 19.03.21). Бул б.а. Америка дипломатиялык байланыш сүйлөшүүлөрү жүрүп жатканда күчтүү абалда экендигин көрсөтүү үчүн чабуул ыкмасын колдонуп жаткандыгын көрсөтүүдө. Башкаларды күчсүз абалда калууга мажбурлап, аларга каалаган нерсесин жүктөп же өз кызыкчылыгына жетүү үчүн каалаган нерсесин таңуулоо болуп эсептелет. Бул ыкманы Трамп колдонгон, бирок коркутуп-үркүтүп, орой мамиле жасаган, ошол эле учурда, Американын эркин таңуулоо үчүн дипломатиялык байланыштарды жүргүзгөн, Түндүк Корея жана Кытай менен жасаган мамилеси жана башка тараптарга койгон Америка талаптарын таңулоо сыяктуу. Ошол эле учурда, Байден өлкө ичинде анын администрациясы алсыз эмес, күчтүү деген позицияны чыңдоону каалайт.
  • Россия менен Кытайдын ортосундагы жакындашууну жок кылуу ритмине жетүүгө аракет кылуу – Американын саясаты. Ал Орусияга жакындашып, аны Кытайга каршы тукуруп жатат. Америка бул саясатты улантышы күтүлөт, бирок Россияны басынткандан кийин. Ошондуктан, Америка Россияга кысым көрсөтүү жана аны Кытайга каршы барууга баш ийдирүү максатында ага чабуул кылуу саясатын ишке салды. Россия Америка менен жакындашып, эл аралык иштерди башкарууга катышууну эңсейт. Бирок, Америка муну кабыл албайт, тескерисинче Сирияда колдонгондой, өз саясатына моюн сундуруп, Орусияны Кытайга каршы жана башка учурларда дагы ошондой колдонууну каалайт. Америка  аны менен дүйнөлүк же регионалдык иштерди бөлүшкөн державанын деңгээлинде күрөшкүсү келбейт. Ошол себептен улам, Америка Сирия маселесинде Орусиянын даражасын анын айланасында айланган Түркиянын деңгээлине түшүрдү. Америка дүйнөдө деңгээли төмөндөп кеткенин билип туруп, дагы эле болсо бой көтөрүүчүлүк, текебердик аркылуу үстөмдүк кылгысы келет. Ал эскирген регрессия фазасында жана ичинен жемирилген абалда турат.
  • Россия Америкага карата позициясын тыңдап алуу үчүн Кытай менен алаканы бекемдөөгө аракет кылып жатат. Балким, Орусия Америка аны Кытайга каршы колдонууну каалап жатканын түшүндү жана азырынча тузакка түшө электиги маалым. Орусия тышкы иштер минстрлигинин билдирүүсүндө мындай делет: «2021-жылы 23-мартта Лавров кытайлык кесиптеши Ван И менен эки өлкө ортосундагы стратегиялык координация жана жогорку деңгээлдеги байланыштарды уюштуруу маселелери боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Эки өлкө көпчүлүк глобалдык маселелердин чечилишине жакын же бирдей позицияларды карманып, тышкы саясий иш-чараларын тыгыз координациялоону улантууга чечкиндүү…». (РИА Новости, 22.03.21). Тышкы иштер министри Лавровдун сапары учурунда Россиянын Тышкы иштер министрлиги минтип билдирди: «Эки өлкө жакын кошуначылык, достук жана кызматташтык келишимин дагы беш жылга узартты». Кытайдын тышкы иштер министри: «Акыркы 20 жылдын ичинде бул эки тараптуу келишим орус-кытай мамилелеринин туруктуу өнүгүшүнө бекем укуктук негиз түзүп, эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө өбөлгө түздү», – деди. (РИА Новости, 23.03.21). Бирок, бул алардын ортосундагы союзга жана Америкага каршы туруу үчүн биргелешкен эл аралык аракеттерге алып барган жок. Бул келишим мындан жыйырма жыл мурун эле түзүлгөн жана Америкага каршы олуттуу биргелешкен аракеттерди жүзөгө чыгара албады. Алардын ар бири өзүн коргоп, Америка менен түшүнүшүүгө жана жакындашууга аракет кылышты. Кыязы, Россия Кытай менен жакындашып, ага таянып калууну каалабайт, бул анын эл аралык статусун жоготот. Ал Америка менен катар экинчи ири мамлекет болууну каалайт. Ошондой эле, Америка менен тирешүүнү эмес, тескерисинче аны менен шериктеш болгусу келет, Америка Украинада, Крымда, Борбор Азияда жана Кавказда көйгөйлөрдү жаратпашы үчүн анын менен андан ары абалды курчуткусу келбейт.
  • Америка Россия жана Кытай менен тирешип жаткандыгын жарыялап, союздаштарын кайрадан жанына чогултуп жатат. Ошол эле учурда, ал өз союздаштарынын үстүнөн өзүнүн гегемониясын жаңырткысы келет. АКШ мамлекеттик катчысы Блинкен НАТОнун катчысы Столтенберг менен Түндүк Атлантикалык Келишим Уюмунун (НАТО) штаб-квартирасында жолугушкандан кийин мындай деди: «Мен Кошмо Штаттардын бекем колдоосун билдирүү үчүн келдим. Америка Кошмо Штаттары өз өнөктөштүгүн калыбына келтирүүнү каалайт. Биз биринчи кезекте НАТО өнөктөштөрү менен биримдикти жандантууну каалайбыз. НАТО бүткүл дүйнөдөгү коркунучтарга каршы чечүүчү учурду башынан өткөрүп жатат. Америка дагы эле болсо Ооганстандагы өз тандоолорун карап жатат жана бул жаатта союздаштары менен кеңешет». (France 24, Reuters, 23.03.21). Ошентип, Америка Европа аркылуу Россия менен Кытайга каршы тирешүүсүн жарыялап жатып, НАТОдогу союздаштарынын үстүнөн дагы гегемониясын жаңыртып, бир ок менен эки коён аткысы келип жатат. Америка Европага Россия газын жеткирген Россия менен Германия ортосундагы Балтика деңизи астынан өтө турган «Түндүк агым-2»ден Германиянын баш тартуусу үчүн кысым көрсөтүп жатат. Өткөн жылдын аягында, 2020-жылдын декабрь айында Америка долбоорго катышкан компанияларга санкцияларды киргизип, менменсингендик жана текебердик менен түтүктөрдү төшөөнү токтотууну талап кылды. Ал долбоорду каржылап жаткан Германия фондуна санкция киргизүүнү каалап жатат. Германиянын министрлер кабинети мындай деп жооп берди: «Германия жана европалык компанияларга каршы бир тараптуу тышкы санкциялардын киргизилишине карата Германия өкмөтү кандайдыр бир санкциялар фондго да каршы багытталбай тургандыгын жокко чыгара албайт. Берлин АКШнын «Түндүк агым-2» газ түтүгүнө киргизген санкцияларын Европанын суверендүүлүгүн бузуу катары четке кагат». (Sputnik, 03.03.21). Бул тууралуу АКШнын Мамлекеттик департаментинин өкүлү Нед Прайс билдирди: «Тышкы иштер министри Блинкен Германиянын тышкы иштер министри Хайко Маас менен Брюсселдеги НАТОнун тышкы иштер министрлеринин сүйлөшүүлөрүнүн алкагында жолугушту. Блинкен Россиянын жамааттык коопсуздукка шек келтирген аракеттерине каршы туруу боюнча АКШнын союздаштары жана өнөктөштөрү менен биргеликте аткара турган милдеттенмесин баса белгиледи. Бул контекстте ал АКШнын «Түндүк агым-2»ге каршы экендигине өзгөчө көңүл бурдурду». (D.B.A, 24.03.21). Бул Трамп  доорунда Америка жүргүзүп келген жана Байден доорунда дагы эле жүргүзүп келе жаткан саясат. Ал Россияны экономикалык жактан уруп, Европа менен мамилесин чыңалтып, Германияны америкалык газды кымбатыраак жана сапатсыз сатып алууга мажбур кылгысы келет!
  • Сөз акырында, бул «Америка» өзүн бул дүйнөдөгү эң чоң дөө-шаа деп эсептеген өлкө… Ал бул дүйнөнү зулумдугу менен курчап турат. Жаман иштери менен өз өлкөсүн жана элин кыйнап жатат. Кудуреттүү, күчтүү Аллах айтат:

﴿أَفَأَمِنَ الَّذِينَ مَكَرُوا السَّيِّئَاتِ أَنْ يَخْسِفَ اللَّهُ بِهِمُ الْأَرْضَ أَوْ يَأْتِيَهُمُ الْعَذَابُ مِنْ حَيْثُ لَا يَشْعُرُونَ * أَوْ يَأْخُذَهُمْ فِي تَقَلُّبِهِمْ فَمَا هُمْ بِمُعْجِزِينَ﴾

«Жаман иштерди, айла-амал кылгандарды Аллах жерге жуткузуп жиберишинен, же өздөрү билбеген тараптан азап жибериишен, же  күн-түнү өз иштери менен бейкапар жүрүшкөндө Аллахтын азабы келишинен аманбыз деп ойлошобу. Алар Аллахты ажиз (алсыз) кыла алышпайт. (Аллах баардык нерсеге кудуреттүү)»                                                                               [16:45]

                                                                                                              17шаъбан, 1442-х.

                                                                                                                  30март, 2021м.

 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here