АФГАНИСТАН: АКШ КҮЧТӨРҮ 11-СЕНТЯБРГА ЧЕЙИН КАЛТЫРЫЛАТ

316
0

Афганистан: АКШ күчтөрү 11-сентябрга чейин калтырылат

Америка басылмалары президент Жо Байден америкалык аскерлерди Афганистандан 11-сентябрга чейин чыгарарын кабарлашты. 14-апрелде Жо Байден Twitter баракчасыда: «Бүгүн түнү Америка кошуунун Афганистандан алып чыгууну баштоо жөнүндө жарыялаймын», – деди. Ошол эле учурда, Талибдердин өкүлү эгер чет элдик күчтөр өлкөдөн чыгарылбаса, Талибдер Түркияда өтчү сүйлөшүүлөргө катышпастыгын билдирди.

Жыйырма жылга созулган Афганистан согушунда Талибан көп аймактарда өз таасирин сактап калган, ал эми, Америка куралдын күчү менен жеңишке жетишкен жок. Бул ийгиликсиздикти НАТОнун билдирүүсү да тастыктап турат. Билдирүүдө Афганистанда аскерий жол менен чече турган маселе калбады делет. Ошондуктан АКШ ийгиликсиздигин ийгиликке айлантуу үчүн саясий айла-амал жолуна өтүп, Талибдерди эл аралык коомчулукка жана сүйлөшүүлөргө тартууда. Эске салсак, 2020-жылы февралда АКШ менен Талибдердин ортосунда түзүлгөн келишимге ылайык, 2021-жылдын 1-майына чейин бардык чет элдик аскерлер Афганистандан чыгарылышы шарт эле. Бирок, бүгүн ачыкталып жаткандай, АКШ Афганистандан күчтөрүн чыгарууну 11-сентябрга чейин узартууда. Бул эмнени көрсөтөт, бул, Америка эч кандай убада-шертке же келишимге турбастыгын көрсөтүүдө. Ал каалаган учурда өзүнүн кызыкчылыгына карап, ар кандай шылтоону айтып келишимден чыгып кете берет. Ошондой эле, бул, Америка өз күчтөрүн Афганистандан алып чыгууну атайын создуктуруп жатканын көрсөтүүдө.

Ушул себептерден улам, АКШ Талибан менен келишим түзүү аркылуу Афганистандан чыгууну максат кылган эмес. Тескерисинче, бул келишим жана сүйлөшүүлөр аркылуу Талибанды кызматташууга тартууну көздөгөн. Америка Талибанды эл аралык коомчулукка тартып, аны АКШнын саясий чечимине багыттоого умтулуп жатат. Мына ушундайча, АКШ Афганистанда жеңилип баратып, бирок жеңилүүсүн жеңишке айлантууга жан талашып аракет кылууда.

Харун Абдулхак

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here