Ислам: Экономикалык түзүм

230
0
Ислам: Экономикалык түзүм
Ааламда эмне болсо ошонун баары Аллахтын мүлкү. Кыяматка чейин – Аллах адамдар канча болушун кааласа – ошончонун баарына Аллах берген байлык жетиштүү. Бирок, адамдар арасында байлыкты бөлүштүрүүдө проблема жаралат. Аллах берген байлык адамдар арасында кандай бөлүштүрүлөт? Эгер адамдар акылдары же нафис-каалоолорунан келип чыгып бөлүштүрүшсө, анда проблема үстүнө проблема туулат. Мисалы, кедей нанга жетпейт, бай кедейге нан бербейт. Ошентип, кедей байга, бай Кудайга жетем деп, бул пробламаны чечем деп кете берет. Муну капиталисттик экономикалык системадан даана көрүп турабыз. Ошондуктан, эгер туура бөлүштүрүү болбосо, бул проблема чечилбейт. Бул чечим болсо Аллахтын шариятында жатат б.а. экономикалык проблема Исламдын экономикалык түзүмү менен гана туура чечилет.
Ислам экономикасында экономикалык фан менен экономикалык түзүмдүн ортосу ажыратылат. Байлыкты өндүрүү жааты экономикалык фанга тиешелүү. М: завод-фабрикаларда товар өндүрүү сыяктуу. Ал эми, мүлккө ээ болуу; мүлктү сарптоо; коомдук байлыктын адамдар арасында бөлүштүрүлүшү – булар экономикалык түзүмгө кирет. Ислам экономикалык түзүмү мына ушуларга этибар берет.
Исламдагы экономикалык саясат ар бир адамдын бардык негизги муктаждыктары толук кандырылышын кепилдөөдөн о.э. адамдарга жогорку керектөөлөрүн мүмкүн болушунча кандыруу мүмкүнчүлүгүн берүүдөн турат.
Ислам бир бүтүн жашоо системасы (мабдаъ) болуп, андан экономикалык түзүмдү ажыратып кароо мүмкүн эмес. Ислам «коом кандай болушу лазымдыгын» адам керектөөлөрүн кандыруу үчүн негиз деп белгиледи. Анткени, Ислам ар бир адамдын жана адамзат коомунун жашоо турмушу үчүн түшүрүлгөн.
Коом негизделиши лазым болгон нерселердин жеке адамдарга жана коомго тиешелүү жактары бар. Керектөөлөрдү кандырууда жеке адамга тиешелүү – материалдык кыймат менен биргеликте – ахлакий, инсаний, рухий кыйматтар эске алынышы керек. Коомго тиешелүү жагында адамзат насилинин сакталышы, акылдын сакталышы (анткени, адам акылы менен адам); адамдын кадыр-баркы корголушу; адам өмүрүнүн сакталышы; мүлктүн корголушу; диндин корголушу; коопсуздук камсыздалышы; мамлекеттин корголушу – мына ушулар эcке алынышы керек. Исламда булардын баары шайкеш. Ал эми капитализмде болсо, негизги этибар материалдык кыйматка каратылат да, башка кыйматтардын анын алдында мааниси калбайт.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here