Ислам: Саясий түзүм

200
0

Ислам: Саясий түзүм

Кафир державалар Исламий мамлекетти кулатышкан соң, өздөрүнүн “дин турмуштан ажыратылган” акыйдасынын негизинде “дин мамлекеттен ажыратылган”, “динде саясат жок”, “дин саясатка аралашпайт” деген түшүнүктөрүн тыгыштырып келишти. Саясатка аралашуу табийгый болгондуктан, мусулмандар саясатка аралашууга талпына баштаганда, сарай уламалары оозунан “саясат сасык нерсе, ал эми дин болсо таза, ошондуктан, дин менен саясатты аралаштырбоо керек” деген нерсени да айттырышты. Буга да болбостон, айрым мусулмандар дин негизинде саясат жүргүзүү мүмкүн экендигин табышкан соң, кафир державалар “мусулмандар саясатка аралашуусу мүмкүн, болгону, демократия негизинде аралашуусу керек” деген токтомго келишти. Бул “мээлүүн ислам” деп аталды. Натыйжада, “24 саат бою дин менен жашаш керек” деп айтып жаткан айрым мусулмандар да, саясатка демократиялык негизде аралашууга умтулуп калышты.

Негизи, Ислам динибиз өзү саясат жана анда саясий түзүм да камтылган. Ошондуктан, мусулмандар саясатка Ислам негизинде жана шаръий өкүмдөргө ылайык катышуулары керек. Төмөндө назарыңыздарга Исламдагы саясий түзүмдүн негиздери сунушталат.

  1. Мамлекет

Халифа (мамлекет) ичкериде жана тышкы саясатта Исламды гана колдонот. Фарздардын кайсынысы качан аткарылышы керектиги жаатында абзелдигин белгилейт. Райларды табанний кылат. Райларды табанний кылууда фикх аалымдары менен кеңешет. Өзү акыйкатка жакын деп билгенин табанний кылат.

Илим же фан билимдерине  зарылдык туулган иштерде жана терең изилдөө талап кылынган фикирге алып баруучу иштерде адистерге кайрылат. Мында туура пикирди алат. Терең изденүү талап кылынбаган жана амалга алып бара турган иштерде Үммөт межлисине кайрылат жана мында көпчүлүктүн райы алынат (мындай иштерде валий вилаят межлисине кайрылат жана андан ылдый көздөй да ушундайча уланып кете берет).

Зарылдык туулганда, Халифа Уммат биримдиги үчүн ибадаттарда да рай табанний кыла алат. Мубах иштерди зарылдыгына карай аткарууга буйруйт. Мында жарандарга бул буйрукту аткаруу важиб болот.

  1. Саясий хизбдер

Саясий хизбдер Умматтын исламий фикирлери тунук, туйгулары туура болушуна кызмат кылат. Мамлекетти Исламды кандай колдонуп жаткандыгы жаатында мухасаба кылат (тергеп-тескейт).

  1. Уммат (жарандар)

Жарандар (мамлекет табиълери) Халифага итаат этет. Уммат межлиси аркылуу, саясий хизбдер аркылуу о.э. жекече жана массалык абалда мухасаба кылат. Эгер халифадан күнөө иш көрүнсө, андан кайтарат, бирок, жалпы итааттан баш тартпайт. Качан халифадан ачык куфр көрүнсө гана кылыч көтөрүү (куралдуу көтөрүлүш) менен каршы чыгат. Уммат саясатка мына ушундайча катышат.

Бул Исламий Мамлекет бар кезде жүзөгө ашырылуучу саясий түзүм. Ал эми, азыркы учурдагыдай Исламий Мамлекет жок болсо, исламий саясий хизбдер – Пайгамбар а.с. көрсөтүп кеткендей – мамлекетти тикелөө үчүн фикрий-саясий күрөш алып барат. (Мусулмандар түзгөн, бирок демократияга негизделген хизбдер исламий аталбайт. О.э. Исламга негизделип, бирок, демократия тарыйкаты менен иш алып барган хизбдер да бул жолдорунан кайтарылат). Бүгүнкү күндөгү фикрий күрөш Умматта исламий фикирлерди тунукташтыруу жана туйгуларды туурлоодон турат. Ал эми саясий  күрөш болсо, колонизаторлордун планын ачуу жана жарандардын кызыкчылыгын табанний кылуудан турат. Булар менен биргеликте, исламий хизбдер турмуштун ар бир тармагы исламийлешип баруусуна кызмат кылат.

Уммат болсо исламий саясий хизбдердин Исламий Мамлекетти тикелөөдөгү бул фикрий-саясий күрөшүнө кошулуулары жана аларды колдоп-кубаттоолору важиб. Уммат мына ушуну менен саясатка катышкан болот.

Абдулхакийм Караханий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here