Хижрий 1442-жылдын мубарак Рамазан айын күзөтүүнүн натыйжасы. Жарыя!

230
0

Басма сөз баянаты

Хижрий 1442-жылдын мубарак Рамазан айын күзөтүүнүн натыйжасы.

Жарыя!

Адамзатты жараткан, пайгамбарларды жиберген, залимдерге каардануучу жана пенделери үстүнөн өкүмдар ааламдар Роббиси Аллахка мактоолор болсун. Бүткүл адамдардын саййиди жана рисалат ээси, Халифалык түзүмүнө негиз салынышы туурасында вахий алган, анын кулатылышынан эскерткен жана кайра тикелениши жөнүндө башарат кылган саййидибиз Мухаммадга, ал кишинин үй-бүлөсүнө жана сахабаларына саламдар болсун.

Бухарий өзүнүн сахихинде Мухаммад ибн Зияд аркылуу ушул хадисти келтирди. Мухаммад ибн Зияд айтат: «Мен Абу Хурайра Gнун мындай дегенин уккам: Набий A же Абу Касим A айтты:

«صُومُوا لِرُؤْيَتِهِ وَأَفْطِرُوا لِرُؤْيَتِهِ فَإِنْ غُبِّيَ عَلَيْكُمْ فَأَكْمِلُوا عِدَّةَ شَعْبَانَ ثَلاَثِينَ»

«Айды көрүп орозону баштагыла, айды көрүп орозону бүтүргүлө. Эгер, асман булуттуу болсо, шаъбан айынын санагын толук отуз күн кылгыла».

Бүгүн, 2021-жылы 11-апрель, жекшембиден дүйшөмбүгө өткөн түнү мубарак Рамазан айы күзөтүлгөндөн кийин айдын шаръий түрдө көрүлгөнү өз тастыгын таппады. Ушуга ылайык, эртең дүйшөмбү күнү инша Аллах шаъбанды толук аягына жеткирип, отуз күн кылынат жана анын эртеси шейшемби күнү мубарек Рамазан айынын биринчи күнү болот.

Ушуга байланыштуу, мен, Хизб-ут-Тахрирдин Борбордук маалымат бөлүмүнүн төрагасы жана маалымат бөлүмүнүн кызматкерлери ушул мубарак айдын келишине байланыштуу жолдогон куттуктоону Хизб-ут-Тахрирдин амири улуу аалым Ата ибн Халил Абу Роштага жеткирип, Аллахтан амирибизге жардам беришин, ал кишинин колу менен баарыбызга нусрат жана үстөмдүктү беришин сураймын.

Бул жылдагы Рамазан дүйнө дагы да адашууга бет алып, кризистер отунда азап тартып жатканда кирип келүүдө. Капиталисттик түзүмдүн кулап жатканы бул түзүм жаралган борборлордогу өкүмдар чөйрөлөргө жана коомдук пикирди башкарып-көзөмөлдөгөндөргө да ачык-айкын болуп калды. Батыш мамлекеттеринин элдери өз бийликтеринин иш-аракеттерине күмөн менен карашууда. Батыш тарабынан – түздөн-түз жана кыйыр түрдө – колония кылынган өлкөлөр болсо, кризис, башаламандыкка жана туруксуздукка батып барууда. Айрыкча, мунун төмөндө көрсөтүлгөн эки төлөмүн мусулман өлкөлөрүндөгү калктар жүз жылдан бери төлөп келишүүдө.

Биринчиси, Халифалык кулатылгандан бери Ислам Умматы эл аралык деңгээлде акааратталууда. Мунун символдук көрүнүшү генерал Анри Гора Салахиддин Айюбийдин кабырын тебелеген убактан башталды. Бүгүнкү күндө Франция саййидибиз Мухаммад Мустафа ﷺды акаараттаганы Умматты эл аралык кемсинтүүнүн акыркысы эмес. Аллах Таала айтат:

﴿قَدْ بَدَتِ الْبَغْضَاء مِنْ أَفْوَاهِهِمْ وَمَا تُخْفِي صُدُورُهُمْ أَكْبَرُ﴾

«Алар силерди жаман көрүүсү ооздорунан ашкере болду. Жүрөктөрүндөгү душмандыктары болсо андан да чоңураак»                                                                                             [3:118]

Экинчиси, жашообуз кризистерге жана азап-кыйынчылыктарга толуп кетти. Капиталисттик түзүмдүн өкүмдарлыгы астындагы мусулман өлкөлөрүнүн көпчүлүгү оор кризистерден кыйналууда. Экономикалык, социалдык жана коопсуздук сыяктуу бардык тармактардагы кризистер жүз миллиондогон мусулмандардын турмушун ойрон кылды. Өз өлкөлөрүнөн көчүп кетүү жана качып чыгуу Ислам Умматынын адаттагы абалына айланып калды!

Акыркы жүз жыл ушуну көрсөттү: Ислам Умматынын тагдырына өкүмдар болуп турган колонизатор кафир Батыш кордук жана бактысыздыктарга кириптер кылууну эч качан токтотпойт. Аллах Таала айтат:

﴿وَإِنْ يَظْهَرُوا عَلَيْكُمْ لاَ يَرْقُبُواْ فِيكُمْ إِلاًّ وَلاَ ذِمَّةً﴾

«Эгер, алар силерди жеңген болсо, силер тууралуу убадага да, милдетке да карашпайт» [9:8]

Рохинжалардын массалык түрдө өлтүрүлүшү жана уйгурлардын репрессияга учурашынан тартып, Шамды ойрон кылуу жана Аксаны басып алууга чейинки бардык кризистер мусулмандар өз кызыкчылыктарына ээ болбой калганынын натыйжасында жүзөгө келди. Мунун себеби – мына ушул кызыкчылыктарды коргогон мамлекеттин жоктугу.

Бирок, ушул жүз жылдыктагы оор азап-кыйынчылыктар о.э. даъватты көтөрүп чыккандардын аракети Умматты өз Халифалыгын жоготкондо өз күч-кубатын да жоготконун аң-сезимдүү түшүнүп жетүүгө үндөдү. Өз кезегинде, ушул идирек Халифалыкты мусулмандар арасында коомдук пикирге айлантты. Эми, алар Халифалыкка ынтызар болуп, анын кайтышын чыдамсыздык менен күтүүдө.

Уммат тарткан оор азап-кыйынчылыктардын натыйжасында жүзөгө келген нерселерден дагы бири – Уммат өз акимдеринин малайлыгын жана саткындыгын түшүнүп жетти. Акимдердин болгон аракети – колонизатор кафир Батыштын кызыкчылыктарына кызмат кылуу. Ошондуктан, алар Умматтын байлыктарын талап-тоноодо, өлкөлөрүн ойрон кылууда жана перзенттерин кыргын кылууда Батышка жардам беришүүдө. Мына ушул нерсе Умматты анын бийлиги тартып алынганын жана аны кайра азат кылышы керектигин түшүнүп жетүүгө үндөдү. Натыйжада, бүгүн Уммат калктары өз бийлигин кайтарып алуу үчүн өмүрлөрүн курман кылууга даяр, ачуудан жарыла турган калктарга айланды.

Шарият өкүмдарлыгына келсек, Уммат ушул фарз туурасында бир аз чечкиндүү боло албай жатат. Уммат көп окуяларда жана позицияларда экиленип, кожоюндукту калыс шариятка берүүдө бир аз чечкиндүү боло албай жатканын көрүп жатабыз. Ушул себептен улам, башкаруу маселесинде исламий шариятка кошумча башка түзүмдөрдү да кабыл алып жатканына күбө болуудабыз. Мунун себеби, исламий шарият турмуштук иштерди башкарууга кудуреттүү экендиги туурасындагы ишеним Умматта жетик эмес. Буга кошумча, Уммат колонизатор кафир Батыштын зомбулугу алдында өзүн алсыз сезүүдө.

Ошондуктан, трибуналар, жыйындар, форумдар жана массалык маалымат каражаттарын ээлеген мусулмандардын маанилүү ролу бар. Аллах Таала аларга Ислам Умматы арасында күч, таасир жана мүмкүнчүлүк берди.

Эй трибунадагылар, жыйындар, форумдар жана массалык маалымат каражаттарын ээлеген мусулмандар, эй Аллахтын пенделери!

Силер коомдук пикирди туура калыптандыруу жоопкерчилигин мойнуңарга алгансыңар. Аллах ушул туурасында албетте эсеп-кысап кылат. Ушул себептен улам, исламий шарият турмуш иштерин башкарууга кудуреттүү экени туурасында Уммат ишенимин бекемдөө – силердин милдетиңер. Андан тышкары, Аллахтын шариятына башка мыйзамдарды шерик кылуу арам экендигин түшүндүрүүгө силер жооптуусуңар. Аллах Таала айтат:

﴿وَمَا كَانَ لِمُؤْمِنٍ وَلا مُؤْمِنَةٍ إِذَا قَضَى اللَّهُ وَرَسُولُهُ أَمْرًا أَن يَكُونَ لَهُمُ الْخِيَرَةُ مِنْ أَمْرِهِمْ﴾

«Аллах жана Анын Расулу бир ишти буйруганда эч бир мумин жана мумина үчүн (Аллахтын өкүмүн коюп) өз иштерин ыхтыяр кылышы жаиз эмес»                                               [33:36]

Эй күч-кубат жана таасир ээлери, эй Аллахтын пенделери!

Ушул мубарак айда биз кайратыңарды козгоп, Аллах силерге тартуу кылган кубат жана таасирден Анын шариятын тикелөө үчүн пайдаланууга чакырабыз. Силер Хизб-ут-Тахрирге нусрат беришиңер Батыштын мусулман өлкөлөрүндөгү өкүмдарлыгына чекит коюп, Умматка өз бийлигин кайтарып берет. Аллах Таала айтат:

﴿إِن تَنصُرُوا اللَّهَ يَنصُرْكُمْ وَيُثَبِّتْ أَقْدَامَكُمْ﴾

«Эгер, силер Аллахка жардам берсеңер, Ал да силерге нусрат берет жана кадамыңарды бекем кылат»                                                                                                                 [47:7]

Рамазан айыңар мубарек болсун. Вассаламу алайкум ва рохматуллохи ва барокатух.

 

Дүйшөмбүгө өткөн түнү, хижрий 1442-жылдын шаъбан айынын акыркы отузунчу күнү

Мухандис Салахиддин Азаза

Хизб-ут-Тахрирдин

Борбордук маалымат бөлүмүнүн төрагасы

 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here