Жергиликтүү башкаруу шайлоолоруна катышуунун шаръий өкүмү

260
0

Жергиликтүү башкаруу шайлоолоруна катышуунун шаръий өкүмү

Асл-түпкүлүгүндө, жергиликтүү башкаруу адамдарга кызмат көрсөтүп, идарий (административдик) иштерди аткарышы керек. Бирок, азыр жергиликтүү башкаруунун вакиълиги андай эмес. Ага абдан көптөгөн иштер байланган, айрыкча биздин өлкөлөрдө, ал бийликтин саясаты менен алектенген жана аны колдоп-кубаттоо үчүн адамдардын добушун чогулткан мамлекеттик органга айланып калган, мындан тышкары, ал шаръий түрдө харам кылынган нерселерге урухсат (лицензия) берет.

Азыр жергиликтүү башкармалыктын вакиълиги мындай: ал идарий иштерди гана аткаруучу көз карандысыз орган эмес. Ал бийликтин аткаруучу органы болуп, иш жүзүндө бийликке моюн сунат. Бийлик каалаган ар кандай саясий ишмердикти ага милдеттендирет. Андан тышкары, жергиликтүү башкаруу акчаларды гойришаръий жолго жумшайт. Ошондуктан, жергиликтүү башкаруу саясий бийликтен көз карандысыз башкармалык деп т.а. идарий кызмат көрсөтүүлөрдү аткаруучу орган деп түшүнүү менен шаръий өкүм чыгарылбайт. Анткени, ал иш жүзүндө бийликке көз каранды, мамлекеттик системага тиешелүү орган. Жада калса, бийлик жергиликтүү кеңеш тарабынан бир добуштан кабыл алынган токтомдорду да бекер кыла алат.

Ушулардан улам, жергиликтүү шайлоолорго катышуу жаиз эмес. Эгер, жергиликтүү башкаруу өзүнүн асл абалында болуп, мубах иштерден саналган кызмат көрсөтүүлөрдү аткарып, идарий иштер менен гана алектенгенде, анда шайлоолорго катышуу жаиз болмок… Башкача айтканда, жергиликтүү башкаруунун вакиълиги жогоруда айтылган жаиз эмес сыпаттарга ээ болсо, бул шайлоолорго катышуу жаиз эмес. Бирок, эгер жергиликтүү башкаруу көз карандысыз идарий башкармалык болуп, анын иштерине саясий бийлик аралашпаса, анда шайлоолорго катышуу жаиз болот.

 Хизб амири Ато ибн Халил Абу Руштанын жообунан

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here