7-апрель: Орун алмашуудан сумма өзгөрбөйт

227
0

7-апрель: Орун алмашуудан сумма өзгөрбөйт

Бүгүн 7-апрелде президент Сооронбай Жээнбеков «Ата-Бейитте» курман болгондорду эскерүү иш-чарасына катышты. Эскерүүгө өлкөнүн жетекчи кызматындагы бир катар аткаминерлер да катышты.
Эске салсак, элдик толкундоодон кийин президент Курманбек Бакиев өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болгон. 6-7-апрелде бийликке каршы нааразылык акциялары учурунда 100дөй адамдын өмүрү кыйылган.
Кыргызстанды төрт президент алмашып, бешинчиси башкарып жатат. Акыркы президент оор кылмыштарга шек саналып камакта отурса, оор кылмыштарга айыпталган эки президент чет өлкөлөрдө бозгунда жашап жатат. Алардын баары Орусияда билим алып, дээрлик Кремлдин көрсөтмөсү астында саясат жүргүзүштү.
Алгачкы президент Аскар Акаев СССРдин кулашы артынан бийликке келип, Орусияга берилгендик менен кызмат кылды. Россия өзү жалпы кризисте болгонуна карабастан, Акаев режиминин Россия көзүн карап туруусу о.э. башкарууга жөндөмсүздүгү калкта күчтүү нааразылык толкунун жаратты. Мындан улам, Батыш баштаган күчтөр абалдан пайдаланып, Кыргызстанда оппозициялык кадр катары Бакиевди даярдай баштады. Россия бийлиги да буга каршылык кылган жок. Анткени, Бакиев бийликке келсе, Россия буйруктарына кыңк этпей моюн сунарына өз бөркүндөй ишенген. Ошентип, Батыш каалоосу жана Россия ыраазылыгы менен, Акаев Бакиевге алмаштырылды. Мындай ыкма бардык колонизатор мамлекеттердин колониясында колдонуп келген айлакерликтеринен болуп саналат. Анткени, бийликтин алмашуусу ички чыңалууну дагы бир нече жылга басаңдатат. Айткандай эле Бакиев бийликке келген соң, алгачкы жылдары тышкы саясатта толугу менен Россия багытынан жүрдү. Кийинчерээк АКШга карай жүздөнүп, АКШнын Кыргызстандагы аскерий базасын кетирүү боюнча Орусияга 2009-жылдын 3-февралында берген убадасын аткарбай, базаны жүк ташуучу базага айландырып, калтырып койду.
Ички саясатта элдин ишенимине жетиш үчүн реформалар жүргүзүмүш этти. О.э. ичкеридеги бийлигин бекемдөөдө түштүк элинин колдоосуна таянды. Мамлекеттик кызмат орундарында түштүктүк кадрларды көбөйттү. Мына ушулардан кийин, өзүн “хан” сезип, инисин “вазир”, баласы Максимди “ханзаада” кылып койду. Бакиевдердин андан ары араандары ачылып, элдин чөнтөгүнө, сүйлөгөн сөзүнө чейин кол сала башташты. Мындай абалдан пайдаланып, Россия кайрадан бийликти алмаштырууга жетишти. Бул алмаштыруу кан төгүүлөр менен коштолду. Бийликке келген убактылуу өкмөт Роза Отунбаеваны төрайым кылды, кийин президент кылып дайындады. Отунбаеванын учурунда дагы бир кандуу окуя – түштүктө улут аралык жаңжал чыгып, жүздөгөн адам курман болду. Бул окуя Орусия кызыкчылыгы үчүн, Каримовго басым өткөрүү максатында ишке ашырылды. Окуяны териштирүү үчүн эл аралык комиссиянын деңгээлинде иликтөөгө шарт түзүлдү. Мында Батыш кадрларынан болгон Отунбаеванын ролу чоң болду.
Апрель жана июнь окуясында тең мындай алааматты атайын снайперлердин тобу жүзөгө ашырганы ачыкка чыккан. Россиядан алынып келингени жоромолдонгон десанттар жөнүндөгү териштирүү президент Атамбаевдин тушунда изилденимиш болуп барып, соңуна чыкпай калды. Анткени, алардын кожоюну белгилүү эле. Ошондуктан, “Азаттык” баштаган Батыш медиалары, демократ болумуш саясатчылар менен тарыхчылар бул операциялардын иликтенишин бийликтен байма-бай талап кылып келет. Батыш 2010-жылдагы төңкөрүштөн кийин бир нече малай кадрларын бийликке аралаштырууга жетишти. Буга Отунбаеванын убактылуу президент болушу мисал боло алат. Мындай көрүнүш 2010-жылдагы саясий айдыңды Орусия толук көзөмөлдөй албаганынан кабар берет.
Бирок кийин, Атамбаев президент болгон соң, ал Россия багытын карманып, бул оппозицияны ар түрдүү саясий оюндар аркылуу сындырып жиберди. Бирок, анын кыялдары өзүнүн мураскери болгон Жээнбеков бийликке келген соң жокко чыкты. Кремлдин көрсөтмөсү менен, Атамбаев өмүрүн абакта өткөрүү коркунучу алдында калды. Колонизаторлуктун табияты ушундай. Колониядагы мамлекеттердин жетекчилери убактылуу кызыкчылыктар үчүн иттей кызмат кылышат. Кызматы бүткөн соң, алардын кожоюндары астында эски кийимчелик да кадыры калбайт. Аларды бозгундук же абак күтүп турат. Тилекке каршы, мындай орун алмашуулардан калкыбыз да, бийликке келген жаңы күчтөр да сабак албай жатат. Түпкүлүгүндө, маселе президентти же алардын тобун алмаштырууда эмес. Маселе, биздин жетекчилерди иттей иштетип ыргытып жаткан колонизаторлук саясатта. Биз мына ушул саясатка каршы күрөшүү аркылуу, алардан баш тартуу менен чыныгы жетекчилердин бийликке келишин камсыздай алабыз.
Жыйынтыктап айтканда, 2010-жылдагы төңкөрүш бийликтин алмашуусунан башка эч бир натыйжага алып барбады. Мында Орусия өлкөдөгү колонизаторлугун сактап калуу, Батыш болсо айрым кадрларын бийликке аралаштыруу менен ийгиликке жетти. Ал эми үммөт үчүн эч кандай натыйжа болбоду. Демократия маскасын кийген капитализм жана империализм дале үстүбүздөн эзип жатат. Абактар Аллахтын динин аалий кылууга аракет кылган даъватчылар менен толтурулуп жатат. Демек, биз мусулмандар эртең да ушул сыяктуу жасалма “революцияларга” алданып калбашыбыз керек. Тескерисинче, бузук демократияны түп-тамырынан кулатып, дүйнөнү Ислам адилети менен жетектей турган мамлекетти тикелөөгө аракет кылышыбыз шарт!

Мумтаз Маверанахрий

Архивден алынды

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here