Улуу Умматтын улуу жоопкерчиликтери

371
0

Улуу Умматтын улуу жоопкерчиликтери

 Устаз Халид Саид

Хизб ут-Тахрирдин мубарек Фалестиндеги

маалымат бөлүмүнүн мүчөсү

Исламдын адамзат жашоосу үчүн негиз болгон мабда сыфатындагы өзгөчө касиети ушул: ал инсан менен анын муктаждыктарын жана жеке талаптарын о.э. коом кадырынын жогорулашы менен ага таандык болуунун маанилүүлүн тең салмакка келтирет. Ислам адамдын энергиясын коомго кызмат кылдырууга, коомдун бүтүндүгүн сактоого жана байламталарын бекемдөөгө багыштайт. Ислам бул вазыйфаны аткарып, чектен чыкпайт жана кемчиликке жол бербейт. Ар бир тарап өз ролун жана вазыйфасын аткаруусун камсыздоо үчүн Ислам адамга да, коомго да жоопкерчилик белгиледи. Мындан улам, адамдын вужуду корголуп, укугу тебеленбейт жана адам коом чөйрөсүндө кызмат кылат. Мындайда коом бөлүнбөйт, биримдиги бузулбайт. Адамдын өзүмчүлдүгү, байлык жана абройго умтулуусунун тушунда коом бекем сакталып калат. Исламдагы ушул жоопкерчиликтер, аларды колдонуу, аткаруу укугуна жана кудуретине карап үч бөлүккө бөлүнөт:

Инсандын жоопкердиги;

Саясий коомдун жоопкердиги;

Мамлекеттин жоопкердиги.

Исламдагы жоопкерчилик көрүнүшүн минтип үйрөнүп чыгабыз:

Адамдардын иштерин башкаруу:

Абдуллах ибн Умар айтат: «Мен Расулуллах Aдын мындай дегенин уккам:

«كُلُّكُمْ رَاعٍ وَكُلُّكُمْ مَسْؤول عَنْ رَعِيَّتِهِ، الإِمَامُ رَاعٍ وَمَسْؤولٌ عَنْ رَعِيَّتِهِ، وَالرَّجُلُ رَاعٍ فِي أَهْلِهِ وَهُوَ مَسْؤولٌ عَنْ رَعِيَّتِهِ، وَالْمَرْأَةُ رَاعِيَةٌ فِي بَيْتِ زَوْجِهَا وَمَسْؤولَةٌ عَنْ رَعِيَّتِهَا، وَالْخَادِمُ رَاعٍ فِي مَالِ سَيِّدِهِ ومَسْؤولٌ عَنْ رَعِيَّتِهِ، – قَالَ: وَحَسِبْتُ أَنْ قَدْ قَالَ: وَالرَّجُلُ رَاعٍ فِي مَالِ أَبِيهِ وَمَسْؤولٌ عَنْ رَعِيَّتِهِ – وَكُلُّكُمْ رَاعٍ وَمَسْؤولٌ عَنْ رَعِيَّتِهِ»

«Ар бириңер башкаруучусуңар жана ар бириңер колу астыңардагыларга жоопкерсиңер. Имам-халифа – башкаруучу жана колу астындагыларга жоопкер. Эркек киши – башкаруучу жана үй-бүлөсүнө жоопкер. Аял киши – эринин үйүндө башкаруучу жана колу астындагыларга жоопкер. Кызматкер – кожоюнунун малын башкаруучу жана колу астындагы нерселерге жоопкер». Мен санаб турдум, мындай деди: «Эркек киши – атасыныны малын башкаруучу жана колу астындагыларга жоопкер. Ар бириңер башкаруучусуңар жана колу астыңардагы нерселерге жоопкерсиңер». (Бухарий жана Муслим риваяты).

Шаръий өкүмдөрдүн табиятын этибарга алганда, алар турмуштун түрдүүлүгүнө карап түрлөнөт жана бири-биринен айырмаланат. Адамдын күч-кубаты, мүмкүнчүлүгү жана таасири канчалык күчтүү болбосун, өкүмдөрдү колдонушу – ал, карамагындагы үй-бүлө, жубайы-жолдошу жана перзенттери жөнүндөгү өкүмдөрдү колдонуу. Акыйда, ибадаттар, мамиле жана ахлак жөнүндөгү өкүмдөр Исламдагы өкүмдөрдүн бештен бирин гана түзөт. Өкүмдөрдүн калган төрт бөлүгү болсо, турмушта колдонуу жана аткаруу боюнча халифага байланышкан. Т.а. инсандардын диний жана дунявий иштерин башкарган мамлекетке байланышкан. Ошондуктан, уламаларыбыз мамлекеттин болушун эң биринчи вазыйфалар даражасына жана фарздардын таажысы деген мартабага көтөрүшкөнү жөндөн эмес. Бул тууралуу Ибн Таймия рохимахуллах мындай деген: «Ушуну билип алуу керек, инсандардын ишине валийлик-башчылык кылуу – диндин эң улуу вазыйфаларынан. А түгүл, башчы болбосо, дин да, дуня да ишке ашпайт».

Насихат кылуу, тергеп-тескөө, маъруфка буйруп, мункардан кайтаруу жоопкердиги:

Бул жоопкерчилик – коомдун туруктуу туура болушунун жана кызыкчылыгынын кепилдиги. Мусулмандар бул жоопкерчиликти аткарууда кайдыгерликке жол беришсе, бузулууга кабылышат, кадырына жана жашоо таризине зыян жетет, туруктуулугуна жарака кетип, Уммат катары барлыгы жана тагдыры коркунуч астында калат. Абу Саид Худрий риваят кылат: «Мен Расулуллах ﷺдын мындай дегенин уккам:

«مَنْ رَأَى مِنْكُمْ مُنْكَرًا فَلْيُغَيِّرْهُ بِيَدِهِ، فَإِنْ لَمْ يَسْتَطِعْ فَبِلِسَانِهِ، فَإِنْ لَمْ يَسْتَطِعْ فَبِقَلْبِهِ وَذَلِكَ أَضْعَفُ الْإِيمَانِ»

«Силерден кимде-ким мункарды көрсө, колу менен кайтарсын. Эгер, ага кудуреттүү болбосо, тили менен. Эгер, ага да кудуреттүү болбосо, жүрөгү менен кайтарсын. Бирок, бул ыймандын эң алсызы».

Бул – мусулмандардын эркек-аял, ар бирине тиешелүү буйрук. Маъруфка буйруп, мункардан кайтаруу иштеринин эң маанилүүсү жана Аллах Тааланын назарында эң ажыры көбү да бар. Алар султанды тергеп-тескөө жана ал Аллахтын шариятына канчалык амал кылып, колдонуп жатканын, жарандын иштерин канчалык туура башкарышын күзөтүү. Жабир розияллоху анхудан Расулуллах ﷺдын мындай дегени риваят кылынат:

«سَيِّدُ الشُّهَدَاءِ حَمْزَةُ بْنُ عَبْدِ الْمُطَّلِبِ، وَرَجُلٌ قَامَ إلَى إمَامٍ جَائِرٍ فَأَمَرَهُ وَنَهَاهُ، فَقَتَلَهُ»

«Шахиддердин саййиди – Хамза ибн Абдулмутталиб. О.э. залим акимге каршы чыгып, аны маъруфка буйруган жана мункардан кайтарган, акыбетте ошол аким тарабынан өлтүрүлгөн киши». Хузайфа розияллоху анхудан Расулуллах ﷺдын мындай дегени риваят кылынат:

«وَالَّذِي نَفْسِي بِيَدِهِ، لَتَأْمُرُنَّ بِالْمَعْرُوفِ، وَلَتَنْهَوُنَّ عَنْ الْمُنْكَرِ، أَوْ لَيُوشِكَنَّ اللَّهُ أَنْ يَبْعَثَ عَلَيْكُمْ عِقَاباً مِنْهُ، ثُمَّ تَدْعُونَهُ فَلَا يُسْتَجَابُ لَكُمْ»

«Жаным колунда болгон Затка ант болсун, силер албетте маъруфка буйруп, мункардан кайтарасыңар. Антпесеңер, Аллах Өзү тарабынан ушундай бир жаза жөнөтөт, кийин Ага дуа кылсаңар, дуаңар ижабат болбой калат». (Имам Тирмизий риваяты).

Бийликтин чыныгы ээси – Уммат. Уммат анын ишине жетекчилик кылышы, дин жана дунявий иштерин башкарышы үчүн ыраазы болгон бир акимди шайлоо укугуна ээ. Ошондуктан, бүгүнкү күндө өзгөрүү жана өнүгүү жолунда аракет кылып жаткан Умматтын жоопкерчилигине ушул вазыйфалар жүктөлгөн: мусулман өлкөлөрүндөгү режимдерди кулатып, залимдердин башкаруусуна чекит коюу аркылуу бийликти кайтарып алуу, Роббисинин динин тикелеп, шариятын колдонуу, динине жана таквасына ишенген инсанга т.а. бүгүн жана эртең коопсуздук менен камсыздай турган, бул жаатта Аллахка итаат кылган жана Ислам менен башкарган таква калыс бир халифага өкүм жүргүзүү вазыйфасын тапшыруу сыяктуу.

Мамлекет жана коом чоң жана орчундуу вужуддардан эсептелгендиктен, анын тушунда вужуд же вужуддарды жаратуу шарт болот. Бул вужуддар улуу жоопкерчиликтерди көтөрүүгө жана каршы турууга, тергеп-тескөөгө, маъруфка буйруп, мункардан кайтарууга кудуреттүү вужуддар. Алар мамлекет жана коомдун коопсуздук клапаны болуп, тайылуу, кулоо жана мабдадан чыгуудан сактоочу саясий хизбдер. Адам канчалык күчтүү болбосун жана канчалык таасирдүү болбосун, ал чектелүү. Ушул себептен улам, Ислам мусулмандарга ушундай бир коом жана саясий хизбдердин болушун буйруду, алар Исламды мабда кылып алышы, ишмердиги саясат болушу жана Исламга даъват кылышы керек. О.э. маъруфка буйруп, мункардан кайтарышы, коомдун туйгусуна жана пикирине таяныч болууда ар дайым сергек болушу, булардын баарын Аллах Тааланын ушул каламына жооп берип ишке ашыры зарыл:

﴿وَلْتَكُن مِّنكُمْ أُمَّةٌ يَدْعُونَ إِلَى الْخَيْرِ وَيَأْمُرُونَ بِالْمَعْرُوفِ وَيَنْهَوْنَ عَنِ الْمُنكَرِ وَأُولَٰئِكَ هُمُ الْمُفْلِحُونَ﴾

«Араңарда жакшылыкка даъват кылган, маъруфка буйруп, мункардан кайтарган бир жамаат болсун, дал ошолор ийгилик табуучулар»                                                      [3:104]

Исламды жеткирүү жана умматтар үчүн күбө болуу:

Умматка жүктөлгөн жоопкерчиликтердин бири – Исламды инсандарга алып чыгып, рисалатын жеткирүү, аларды жакшылыкка жана нурга жетектеп, Кыямат күнү бардыгы үчүн күбө болуу. Хак Табарака ва Таала айтат:

﴿وَكَذَلِكَ جَعَلْنَاكُمْ أُمَّةً وَسَطاً لِّتَكُونُوا شُهَدَاءَ عَلَى النَّاسِ وَيَكُونَ الرَّسُولُ عَلَيْكُمْ شَهِيداً﴾

«О.э. силерди башка адамдардын үстүнөн күбө болууңар үчүн  жана Расулуллах силердин үстүңөрдөн күбө болуусу үчүн орто уммат кылдык»                                                   [2:143]

Бул улуу вазыйфаны т.а. күбөлүк берүү, аманатты өтөп, аны жүзөгө чыгаруу вазыйфасын аткаруу үчүн Исламды сөздө жана амалда колдонуу шарт. Колдонуу үчүн болсо Ислам өкүмдөрүн жашоодо көөдөлөткөн мамлекет керек. Маъруфка буйруп, мункардан кайтаруу – Умматты Аллах каалагандай эң жакшы Уммат деген мартабасына алып чыгуучу дарбаза.

﴿كُنتُمْ خَيْرَ أُمَّةٍ أُخْرِجَتْ لِلنَّاسِ تَأْمُرُونَ بِالْمَعْرُوفِ وَتَنْهَوْنَ عَنِ الْمُنكَرِ وَتُؤْمِنُونَ بِاللَّهِ﴾

«Силер адамдар үчүн чыгарылган үммөттөрдүн эң жакшысы болдуңар: маъруфка буюрасыңар, мункардан кайтарасыңар жана Аллахка ыйман келтиресиңер»              [3:110]

Ислам Умматына мына ушундай жоопкерчиликтер жүктөлгөнүн, Ислам өкүмдөрүн колдонбой жатканын, бөлүнүү жана бытыранды абалда экенин көрүп, Хизб ут-Тахрир жүзөгө келди. Хизб ут-Тахрирдин жүзөгө келиши Аллахтын буйругун жана фарзды аткаруу үчүн болду. Ал Аллахка жана Аллах Өз досторуна нусрат жана үстөмдүктү убада кылганына ыйман келтирүү менен куралданды. Хизб Пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалыкты тикелөө аркылуу исламий жашоону кайрадан баштоо вазыйфасын жоопкерчилигине алды. Хизб ут-Тахрир бул үчүн даярдык көрүп, мамлекетке негиз болуучу дастур, башкаруу түзүмү, экономика түзүмү, ижтима түзүмү, таълим, саламаттыкты сактоо жана маалымат түзүмү сыяктуу мамлекеттин түзүмдөрүн иштеп чыкты. Ушул иштеп чыккан нерселерди китептерге жазып, Уммат перзенттерине түрдүү тилдерде таратты. Бүгүн аларды Уммат перзенттери окуп үйрөнүүдө. Хизб өз катарына Умматтын кайраттуу перзенттерин жамдады. Алар ушул вазыйфаны Аллахтын ыраазылыгын үмүт кылып, жаманатты кылуучунун жаманаттысынан коркпостон, саясий кишилер жана мамлекет ишмерлери катары аткарууда. Аларга бул иште улуу аалым Ата ибн Халил Абу Рошта даанышмандык жана жөндөм менен жетекчилик кылууда.

Эй мусулмандар!

Ислам колдонулбай өткөн жүз жыл жетиштүү эмеспи?! Жүз жылдык бөлүнүү, бытырандылык жана кордук жетиштүү эмеспи?! Колонизатор кафирдин жүз жыл өкүмдарлык кылганы жетпейби?! Колонизатор кафир орноткон куурчак рувайбизалардын жүз жылдык өкүмдарлыгы жетиштүү эмеспи?! Эй инсандар үчүн чыгарылган эң жакшы Уммат! Биз силерди бул дүйнө жана Ахырет азиздигине, умматтар арасында борбордук орунду ээлөөгө, ооруга дабаа, мазлумга жардамчы, бечарага камкор болууга чакырып жатабыз. Силерди адилеттик таразасын орнотууга, бүткүл дүйнөгө нур, хидаят жана рахмат жеткирүүгө чакырабыз. Эй мусулмандар, Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалыкты тикелегиле!

 

Роя гезити, №329, 2021жыл, 10март

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here