Халифалыктын тикеленишинин факторлору Умматта бар
Устаз Абдуррауф Амирий
Маккаи Мукаррамада Ислам таңы аткандан баштап, жада калса Мадинаи Мунавварада мамлекет тикеленгенден кийин да Ислам нурун өчүрүү жана бул нурга умтулгандарга бул нур жетип барышына жол бербөө аракеттери болду. Бирок, ушул диндин улуулугу, мусулмандардын ыйман кубаты жана алардын ушул дин менен жашоо, аны бүткүл инсаниятка хидаят рисаласы катары жеткирүү умтулуусу мунафыктардын кыянатын жана Мадинадагы яхудийлердин айла-амалын жок кылды. Мындан тышкары, Рум жана Фарс мамлекеттеринин араб жериндеги бул жаш мамлекетти мууздоо үчүн алып барган аскерий аракеттерин кайтарып, кресттүү жана монголдордун Ислам мамлекетин ыдыратуу гана эмес, мусулмандарды тамыры менен жок кылуу аракеттерине чекит койду.
Бу согуштарда нусрат жана жеңиш мусулмандарды таштап кеткен жок. Айрым учурларда гана жеңиш душман тарапта болду. Бирок, мусулмандар тез арада алардан демилгени кайтарып алышты. Бирок, хижраттын алтынчы кылымында мусулмандар Исламды түшүнүүдө жана амал кылууда араб тилине кайдыгер карашкандыктан араб тилинин кубаты Ислам кубатынан үзүлүп калды. Мына ошондо мусулмандардын зээнинде Исламды түшүнүүдө чабалдык жүз берди. Ал эми, он үчүнчү кылымдан тартып колонизатор европалыктардын аң-сезиминде Исламды жашоодон алыстатуу жана мусулмандарга өкүмдарлык кылуу пикири бекем орношту. Бул үчүн мусулмандардын мамлекетин кулатуу жана бийлигин жок кылуу зарыл эле… Ошондой да болду. Бул иште колонизаторлордун айла-амалына айрым түрк жана араб саткындары жардам беришти. Ошентип, кафир Батыштын саясий көз карашы Исламды кайра бийликке келтирбөө үстүнө курулду. Кийин бул Батыштын өмүр-өлүм маселесине айланды. Кафирлердин тухматтарына мусулман өлкөлөрүндөгү бардык акимдер жардам беришти. Аллах жана Расулдун душмандары мусулмандардын ар бир маселесин өз колуна алышты. Жада калса, абал ушундай бир даражага жетти, бизге өкүм жүргүзүп жаткан акимдер да тогут душмандарыбыздын ыраазылыгы менен дайындалып калды. Мунун далили ушул: Сирияда 1936-жылы Мухаммад Али Абид бийликке келгенден тартып 1971-жылы Хафиз Асад келгенген чейин – Британия менен АКШ тынымсыз мамлекеттик төңкөрүштөрдү уюштурушунун натыйжасында – жыйырмадан ашуун мамлекет башчысы алмашты.
Бирок, Исламдын улуу Умматы «ла илаха иллаллах, Мухаммадур Расулуллах» акыйдасына ээ болуп, ушул акыйдага эч качан кайдыгерлик кылбастан, аны бекем коргоп келди. Уммат өз туйгуларын коргоп, күч-кубатына жана улуулугуна умтулуп келди, өзүнүн оор абалына кабатырланып, өзүдүгүнө кайтуу жолун издеди. Мына ушул сыфаттарынан улам Уммат ага узак жылдардан бери өкүмдарлык кылып келген кафир Батышка жана анын пикирлерине суктануу чаңын силкип баштады. Эми Батыштын пикир жана түшүнүктөрү Умматты суктандырып, өзүнө тарта албай калды. Тескерисинче, анын пикир жана түшүнүктөрүн Уммат текшерип, сындоодо, четке кагып, өзүнүн казынасына т.а. Аллахтын Китебине жана Расул ﷺдын суннатына кайрылууда, аны кайра-кайра окуп, сергек болуп калды. Натыйжада, Умматтын туура жолдогу чынчыл жигиттеринин тобу пайда болду. Бул топ Умматка кандай пикирлөөнү белгилей баштады. Натыйжада, Умматтын көз караштарынан чабалдык тарап, пикирлери тартиптеле баштады. Ошондо душман Умматтагы ойгонуу белгилерин көргөн соң, өлкөлөрүбүз жана байлыктарыбыз үчүн алышкан Батыш мамлекеттеринин күрөшүнүн факторлору бир аз басаңдады. Себеби, Батыш Умматтагы ойгонуу белгилери канчалык кооптуу экенин, бул нерсе өлкөлөрүбүздөгү колонизатор күчтөргө жана алардын таасирлерине коркунуч туудурушун аңдап түшүнгөн эле. Ошондуктан, Батыш Умматтын аң-сезимин стратегиялык душман деп эсептеп, өз позициясын ушул түшүнүк негизинде белгилөөдө жана Ислам Умматына каршы согуш пландарын ушуга карап белгилөөдө.
Батыш орноткон акимдерге каршы мусулмандар көтөрүлүшү натыйжасында колонизатор Батыш уйкудан ойгонууну, чындыкты түшүнүп жетүүнү баштаган бул айкөл Умматтан ого бетер кооптоно баштады. Себеби, адамдар бул акимдерден, бузгунчу абалдан, адамга ачык көрүнүп турган кыянаттардан үмүттөрү калган эле. Мындай кырдаал Батышты өз элчиликтерин, консулдуктарын жана жарандык уюмдарын ишке салууга үндөдү… Эми Батыш ушулар аркылуу өлкөлөрүбүздөгү бийликке түздөн-түз аралашууга, иштер тизгинин түздөн-түз колго алууга, маанилүү иштерди бекем көзөмөлдөөгө мажбур болду… Бул иштер менен адамдар алдында Батыштын бети ого батер ачылып, анын душмандыгы эч кимге сыр болбой калды.
Уммат булардын баарын улуу арш Роббиси Умматка Хизбди тартуу кылгандыктан түшүнүп жетти. Хизб Уммат эң жакшы уммат экендигин көрсөтүү үчүн анын кучагынан атылып чыкты. Уммат адашкан жана адаштырган каранасатай душманга бет келип турганда Хизб анын жашоосундагы чаташ нерселерди ачыктап берди. О.э. Хизб Уммат турмуштагы өз ролун кайра тикелөөгө, калктар арасында биринчи орунду ээлеп, адамзатка жетекчилик кылууга жана капитализмдин ырайымсыздыгынан арылууга умтулуп жатканда анын бардык муктаждыктарын камсыздай турган сакафатты белгилеп берди. Хизб тавхид негизинде дастур иштеп чыгып, бөлүмдөрүн жана беренелерин Аллахтын Китебинен жана Расул ﷺдын суннатынан истинбат кылып, Умматка тартуулады. Бул дастур – инсандын мамлекеттеги жана коомдогу муктаждыктарын чечкен, мамлекеттик органдардын вазыйфаларын белгилеп берген дастур. Бул дастур инсан издеген нерселерге жооп берген пикирий стимул жана Уммат маселелерине жетекчилик кылуучуларды аракеттендирген мотор вазыйфасын өтөп келүүдө. О.э. ал Умматтын кадыржам болушуна, итаатка ар дайым даяр турушуна түрткү болду.
Ушул пикирий кубаттын күчтөнүшү Аллах Азза ва Жалла Умматка тартуу кылган байлыктардын маңызын ачып берет. Муну менен Уммат бул байлыктарга ээ болуунун маанисин, аларды тескөөө кудуреттүүлүгүн жана бул байлыктар бүткүл дүйнөгө изгилик жеткирүү вазыйфасын аткарууда өз кубатынын негизги фактору, Халифалык мамлекетинин эң маанилүү булагы болушун түшүнүп жетти. Ушул күчтүү инсаний энергия Умматты ондогон жылдар бою кысым, зулум жана курчоо астында калган жетекчилик жүгүн акыл-идирек жана аң-сезим менен көтөрүүгө үндөйт. Умматта ушул энергия бар болгон соң, аны маселесинен чалгытууга же Роббисинин буйругун аткаруудан эч нерсе тосо албайт. Ал Аллахтын уруксаты менен, Расулуллах ﷺга асхаб болгон жана жардам берген топту ээрчип, Роббисин ыраазы кылуудан башка нерсе менен алек болбойт. Дал ушул инсаний энергия менен Умматты бардык нерсени жаратып башкарган Аллахка болгон алаканы туура түшүнгөн жана Ислам мабдасын көтөрүп чыгып, кудурет жана мактоо ээси болгон Аллахтын ыраазылыгынан башка нерсени үмүт кылбастан, бул жолдо жанын берүүгө даяр Умматка айланган.
Аллах Таала айтат:
﴿مَّا كَانَ اللَّهُ لِيَذَرَ الْمُؤْمِنِينَ عَلَى مَا أَنتُمْ عَلَيْهِ حَتَّى يَمِيزَ الْخَبِيثَ مِنَ الطَّيِّبِ وَمَا كَانَ اللَّهُ لِيُطْلِعَكُمْ عَلَى الْغَيْبِ وَلَكِنَّ اللَّهَ يَجْتَبِي مِن رُّسُلِهِ مَن يَشَاءُ فَآمِنُوا بِاللَّهِ وَرُسُلِهِ وَإِن تُؤْمِنُوا وَتَتَّقُوا فَلَكُمْ أَجْرٌ عَظِيمٌ﴾
«Аллах момундарды силер болгон мына ушул абалда таштап койбойт. Ал ыпласты тазадан ажыратат. Аллах силерди гайб илиминен кабардар кылбады. Бирок Аллах пайгамбарларынан Өзү каалагандарды тандап алат, билдирет. Аллахка жана Анын пайгамбарларына ыйман келтиргиле! Эгер, ыйман келтирип, Аллахтан коркосоңор, силер үчүн улуу ажр-сыйлык бар» [3:179]
Роя гезити, №3269, 2021–жыл, 10–март