Дин тармагындагы мамлекеттик саясат боюнча жаңы концепция талкууланды
9-мартта Бишкекте Кыргызстандын дин тармагындагы мамлекеттик саясаты боюнча кезектеги концепциясынын долбоору талкууланды. Кабарда келишинче, атайын түзүлгөн жумуш топ 2021-2026-жылдардын концепциясын жана аны жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралардын планын карады.
Жыйында 2014-2020-жылдын концепциясынын жыйынтыгы чыгарылып, кезектеги документтин негизги багыттары, максаттары жана милдеттери талкууланды.
Аталган концепциянын долбоорунда айтылышынча, Кыргызстанда жарандардын радикалдашуусу актуалдуу маселе бойдон калууда.
О.э. “кээ бир адамдар өз милдеттерин диний көз карашынан улам аткаруудан баш тартып жатышканы, жарандардын радикалдашуусунун актуалдуулугу сакталып жатканы”, дин жаатындагы нормативдик-укуктук база так эместиги да айтылды.
Концепциянын авторлорунун пикиринде, радикалдуу диний агымдардын өкүлдөрүнүн Кыргызстанга кирүүсү, калыптанып калган мамлекеттик-конфессиялык мамилелерге жана конституциялык түзүлүшкө келтирген коркунучу жогору болууда.
Комментарий: Алгач, 2014-жылы Атамбаевдин демилгеси, Коргоо кеңешинин чечими менен диний тармак боюнча мамлекеттик саясаттын 2014-2020-жылдарга болжолдонгон концепциясын иштеп чыгуу аракети башталган. Натыйжада дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия, ички иштер министрлиги жана УКМК бөлүмдөрү биргеликте диний түзүлүштөрдүн иштерин анализдөө, мыйзам актыларына кошумча жана өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарды иштеп чыгышкан.
Алардын ушул иштеринен кийин Кыргызстанда ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан Таблиг жамаатына тыюу салуу маселеси көтөрүлдү. А бирок, Кыргызстан мусулмандары буга олуттуу каршылык көрсөтүшү себептүү алар бул ишин токтотууга мажбур болушкан.
2016-жылдын жай мезгилинде Алмазбек Атамбаев “Экстремисттик ишмердүүлүккө каршы күрөшүү жөнүндөгү” мыйзамга кол койду. Натыйжада ак жеринен түрмөлөрдө жаткан мусулмандарды башка туткундардан бөлүп, мусулмандар үчүн атайын жабык түрдөгү абактар курулду. Өздөрү кабыл алган мыйзам боюнча камактагы адамдын жаза түрү соттун өкүмү аркылуу гана өзгөртүлүшү керектигине карабастан, мыйзамга тескери көрүнүштө мусулмандарды жабык түрдөгү абактарга өткөрүү башталды жана бул нерсе бүгүнкү күнгө чейин уланууда.
Бүгүнкү күнгө келип, дагы кайрадан Таблиг жана даъват маселеси көтөрүлө баштады. Мусулмандардын күн өткөн сайын өз динине көбүрөөк умтулуп, нукура Исламды түшүнүүгө аракет кылышы жана коом исламдашып бара жатышы расмий бийликтин тынчын алды. Ошол себептен да, дагы кайрадан мусулмандардын “радикалдашуусу” маселеси көтөрүлө баштады. Алардын назарында расмий бийликтин талаптарына туура келбей турган, Исламга өкмөт каалагандай эмес, шарият талап кылгандай амал кыла турган ар кандай мусулман радикал болуп эсептелет.
А бирок, өкмөт Ислам жана мусулмандарга каршы күрөшүн күчөтүп жатканы менен, коомдо бузукулук жана башаламандык пайда кылууга салым кошуп жаткан батышчылдардын күчөп бара жатышын көрмөксөн болуп келе жатат. Ал тургай, алардын күчөшүнө шарт түзүп берүүдө.
Бишкектеги музейде экс-президент Роза Отунбаева башчылыгында Гендердик тең укуктуулук жана аялдардын укуктары деген шылтоо менен жылаңач аялдар көргөзмөсү өткөрүлдү. Жыл сайын “8-март” майрамы шылтоосунда лесбиянка жана кумсалардын акцияларын уюштуруу адаттагы көрүнүшкө айланып калды. Айрыкча, быйыл “8-март” майрамында “Бакай” банкта иштеген аялдарга даярдалган “белек” коомдо нааразылык жана талаш-тартыштарга себеп болду. Негизи көпчүлүк калкы мусулмандардан турган коомдо чыныгы башаламандык пайда кылуучулар – бул коомдогу пикир жана туйгуларга каршы иш алып барып жаткандар. А бирок, өкмөт аларга көңүл буруп да койбойт, алардан кооптонбойт. Себеби, бузук түзүмгө бузукулар коркунуч туудурбайт.
Абдурахман Адилов